Артур Медетбеков: “Чек ара чечилгенден кийинки нааразычылыктар мыйзам ченемдүү көрүнүш”

-- Артур мырза, кыргыз-тажик чек арасындагы абал (делимитация, демаркация) боюнча эмне дейт элеңиз?
-- Бүгүнкү күндө кыргыз-тажик чек арасындагы абал туруктуу. Бирок, 2000-жылдардан бери жаралган маселелер азыркыга чейин ачык бойдон турат. Ошол аралыкта Кыргызстан менен Тажикстан ортосунда ар кандай кандуу окуяларга күбө болдук. 2021-2022-2023-жылдары 2-3-10 күндүк согуштар орун алды. Анткен менен чек ара маселелери толугу менен чечиле элек. Акыркы эки жылдан бери ортодо түзүлгөн комиссия курамы баардык жаралган маселелерди эске алуу менен чоң аракеттерди көрүшүп, иштеп атышат. Алар ушу кезге чейинки түзүлгөн документтерди тыкыр карашып, кыргыз же тажик тарапка чуу жаратпай турган жагын тараза ташына салышууда. Бу жерде чек арага жакын жайгашкан кыргыз жарандарынын жашоо шартын, ошол эле учурда тажиктердикин да эске алышууда. Ал эми башка маселелерди дипломатиялык жолдор менен чечүү кажет экенин айткым келет. Эки өлкөнүн демаркация жана делимитациясына акыры чекит коюлса, коомчулукка жарыялагандан кийин сөзсүз түрдө тиги же бу тараптан анча-мынча нааразычылыктар болбой койбойт. Муну мыйзам ченемдүү көрүнүш катары кабыл алганыбыз оң.
Сурат Жылкычиев
"Азия Ньюс" гезити