Прогноз погоды в городе Бишкек
Акыркы кабарлар
» » Элдар Абакиров: “Карыз алган акчанын көбү чиновниктердин айлыгына кетти”

Элдар Абакиров: “Карыз алган акчанын көбү чиновниктердин айлыгына кетти”

09-июль, 17:33
5 730 ᠌ ᠌ ᠌ ᠌᠌ ᠌ ᠌᠌

Экономика министринин мурдагы орун басары, ишкер Элдар Абакиров “мамлекет сырттан келген каражатты туура пайдаланган жок” деп эсептейт. Буга өкмөттүн, парламенттин күнөөсү тоодой экенин белгилейт. 

-- Карантин убагында вирусту алдын алуу максатында өлкөдө баардык соода сатык токтогон, бул аракеттерден пайда болдубу?

-- Март айынан баштап, “оору жайылып кетпесин” деп, экономиканы жасалма жол менен жапканбыз. Ал кезде экономиканы атайлап токтотуп, “акча жагынан минуска кетебиз, бирок, сырттан карыз алуу менен адамдардын өмүрүн сактап калабыз”  деген план болгон. Ишкерлер үч-төрт айга артка кеттик, бирок, адамдардын өмүрлөрүн да сактап кала алган жокпуз. Эки жактан бирдей минуска кеттик. Эл чыдап, үйдө отуруп берди, өкмөт муну туура пайдаланып, натыйжада, өлүм азайышы керек эле. Кризис өкмөттүн жүз пайыз даярдыгы жок экенин көрсөттү. Дары-дармек, дем алдыруучу аппарат, доктурлардын коргонуучу кийимдерин алдын ала камдап койгондо, элдин абалы мынчалыкка түшпөйт эле, каза болгон адамдардын саны да аз болмок. Даярдыктын жогунан өлүмдөр көбөйүп, жугуштуу ооруу калктын калың катмарына жайылып кетти. Бул көзгө катуу көрүнүүдө. Ушундай болору үч-төрт ай мурда белгилүү болуп калган. Баарына даяр болгонубузда, экономикага да жеңил болмок. Жөнөкөй тил менен айтканда, карантин аркылуу экономиканы токтотуп, кризисти өзүбүз түзүп койдук. Бул шалаакылык, кенебестиктин кесепети, өкмөт түздөн-түз күнөөлүү. Премьер-министр, анын орун басары, саламаттык сактоо министри, каржы министри – ушулардын баары эл алдында биринчилерден болуп жооп бериши керек. 

-- Сырттан келген акчага экономиканы кармоого, элдин ден соолугуна кам көрүүгө, ошол эле учурда бүгүнкүдөй кырдаалга даярданып коюуга болот беле?

-- Карызга келген үч жүз миллион доллардан ашык каражаттын жүз миллиону менен коронавируска толук кандуу даярдык көрүп койсо болмок. Алты миллион кыргызга жете тургандай дары дармек, жасалма дем алдыруучу аппараттарды камдап коюшпайт беле? Экономиканы да токтотпош керек эле. Ооруну канчалык тез бассак, экономика да ошого жараша зыян тартмак эмес. Карантинге жарыяланган убакытты эч пайдалана алган жокпуз. Өкмөттүн чечкинсиздигинен, алсыздыгынан эки жолу утулдук. Менин эсебим боюнча, баш аягы үч жүз элүү миллион долларга жакын каражат келиптир, анын эки жүз элүү миллиону мамлекеттик мекемелерде иштегендердин, айрыкча чиновниктердин айлыгын төлөгөнгө эле кетип калыптыр.  

-- Экономиканы сактап калууга кандай кадамдар зарыл? 

-- Эң биринчиден, кыска мөөнөттө өкмөткө иш кыла алган кадрларды жалдаш керек. Азыркы премьер-министр, министрлер кабинети буга чейин жасабаган жумушту, эми деле кыла албайт. Бизге кризистен чыгара турган, профессионал, менеджер өкмөт зарыл. Антпесек, бул маселе бир эмес, эки айда деле чечилбейт. Экономикалык кризис эми башталып жатат. Ошондуктан кыйынчылыктардын баары алдыда. Азыр күнүнө канча адам каза болду (!) деп, статистиканы карап, өлгөндөрдү санап эле отуруп калдык. Реформаторлор келбесе, абал мындан да оорлоп кетиши мүмкүн. Учурда мэрия кичине аракет кылып жатат, ишкерлер колдорунан келгенин жасашууда. Өкмөттүн бир да аракетин көргөн жокпуз. Түркиядан, Катардан, Өзбекстандан, Орусиядан жардам сурай берип, кайырчы болуп бүттүк. Алар көрсөтүп жатка жардамдар чынында мамлекеттин деңгээлинде майда-чүйдө эле нерселер. Бирок, ошону да чече алган жокпуз. Парламент болсо кырдаалдан чыгып кете турган өкмөттү түзүүнүн ордуна, андан качуу жолдорун издеп калышты. Бүгүнкү абалдын жаралашына парламенттин да күнөөсү чоң...

Анархан Алтымышова   

Aryba.kg

Бөлүшүү:
Тектеш материалдар:
Эң көп окулгандар
Жөтөлдөн айыгууга сонун рецепттерди сунуштайбыз. Сактап коюңуз!
Бүркүттүн алдында калган коёндой эле бырпырадым…
(Видео) Баткен согушунун ардагерлери элибиз үчүн күйүп, кайрылуу жасашты
(Видео) Лейлектеги атышуу: "Кыргыз элим, биз жардамсыз калдык..."
(Видео) Баткен губернатору Алимбаевди тоготпой, 70 пайыз жетекчилер кетип калышыптыр
Президент Садыр Жапаровдун акыркы кырдаал боюнча кайрылуусу
(Видео) Кыргыз айылын талкалап жаткан тажиктерди токтотууга болобу?
Aryba.kg - Маалымат порталы
Сайтка баа бер