Асылбек Жооданбеков: “Бизде математика боюнча балдардын 18%ы гана жакшы деңгээлде”
Балдарга билим берүү боюнча эксперт менен маек
-- Азыркы учурда жетилип келе жаткан муундун деңгээли кандай? “Балдардын 50%ы сабатсыз” дегенге кошуласызбы?
-- Ар кандай иликтөөлөр бар. Мисалы, “Пиза” аттуу эл аралык иликтөөдө математикалык сабаттуулук, текстти окуп түшүнүү сыяктуу көндүмдөрдү өлчөшөт. Тилекке каршы, биздин балдардын көрсөткүчтөрү өтө жакшы эмес. Бул сабатсыздыкты эмес, билим деңгээлдеринин төмөндүгүн далилдейт. Айта кетсек, ошол эле математикалык сабаттуулук боюнча көрсөткүчтөр өтө эле төмөн. Керек болсо математика боюнча балдардын 18%ы гана жакшы деңгээлде.
Негизи коомдогу ар кандай маселелерге карата көңүл толбойт. Көпчүлүгү окуганын түшүнүүдө кыйналат. “50%ы сабатсыз” деп кескин чечим чыгарууга болбойт.
2500 жыл мурун Сократ жаштар тууралуу минтип айткан экен: “Азыркы жаштар жыргалчылыкка көнүп калышкан, жүрүм-турумдары жагымсыз, чоңдорго баш ийишпейт, улууларды сыйлашпайт, алар менен талашып-тартышышат. Тамакка сугалак. Мугалимдерин чарчатышат”. Ушунтип жаңылыптыр, жарыктык киши. Чындыгында жаштарыбыз, балдарыбыз болгону биздин көчүрмөбүз.
Жамиля Нурманбетова
"Азия Ньюс" гезити