Биригүүдөн жана сүйлөшүүдөн башка альтернатива жок
Президент Садыр Жапаров башында турган кыргыз бийлиги эки жылдын ичинде конституциялык жана саясый реформа кылууга жетишип, Кумтөр кенин Кыргызстандын менчигине алып, коррупция менен алгылыктуу күрөшүп, жарандардын кээ бир социалдык көйгөйлөрүн чечүүгө үлгүрүп, башка мамлекеттер менен өз ара алакаларды түзүп, бир топ ийгиликтерди багындыра алды.
Ошону менен бирге эле ушул эки жылдын ичинде чек ара маселеси чечилбей, мамлекеттер аралык жаңжалга жол берилип, ондогон адамдар набыт болуп, коррупцияга каршы күрөш ойлогондой натыйжа бербей, кадр маселесинде башаламандык орун алып, кээ бир маанилүү маселелер боюнча шашылыш чечимдер кабыл алынып, олуттуу кемчиликтерге жол берилди.
Президент башында турган азыркы бийликтин, оппозициялык жана башка коомдук-саясый күчтөрдүн негизги максаты өлкөдөгү тынчтыкты жана стабилдүүлүктү камсыз кылуу болуп саналат. Улам эле революция же төңкөрүш кылуу бизге өнүгүүнү алып келбейт. Төртүнчү революцияны элибиз көтөрө албайт. Элдик толкундоолордун негизинде улам алмаша берген кыргыз бийлигин дүйнөлүк коомчулук да туура түшүнбөйт. Бизге өз ара араздашуу, каршылашуу жана жоолашуу эмес, тереңден түшүнүшүү, сүйлөшүү (диалог) жана биригүү (консолидация) абадай керек. Жалпы эл шайлаган президентке баардык жагынан көмөк көрсөтүп, ар бирибиз өлкөнүн келечеги жана өнүгүшү үчүн салым кошушубуз учурдун талабы.
Дүйнөдө болуп жаткан тагдыр чечүүчү глобалдуу геосаясый өзгөрүүлөрдү эске алып, президент өлкөдөгү улуттук, патриоттук, коомдук-саясый күчтөрдүн башын бириктирген улуттук форум өткөрүп, алардын баарын сүйлөшүүгө жана биригүүгө чакырып, саясый абалды жакшыртуу, ынтымакка келүү жана стабилдүүлүккө жетишүү үчүн кечиктирилгис аракеттерди көрүүсү зарыл.
Кыргыз мамлекетинин жана Кыргызстан элинин жалпы кызыкчылыгы үчүн президент башында турган өлкө бийлигине, улуттук, патриоттук жана жалпы коомдук-саясый күчтөргө кайрылып, баарыңыздарды сүйлөшүүгө жана улуттук биригүүгө чакырам. Демилгеленген улуттук форумду өткөрүү үчүн президентке баардык жагынан көмөк көрсөтүп, уюштуруу иштерине жардам берүүгө даярдыгыбызды билдиребиз.
Турсунбек Акун, укук коргоочу, Консолидация жана диалог кыймылынын төрагасы, Кыргызстан демократиялык кыймылынын (КДК) жетекчиси
"Азия Ньюс" гезити