Абдимиталип Халматов: “Коронавирус менен пневмониянын тамыры бир”
Белгилүү дарыгер, кардиолог, медицина илимдеринин кандидаты Абдимиталип Халматовдон коронавирус, хиджама, 5G тууралуу суроолорубузга жооп алдык.
-- Белгилүү дарыгер катары “коронавируска хиджама дары” дегенге кошуласызбы?
-- Азырынча орточо, таптакыр каршы дагы эмесмин. Алып жаткан дарыланууга кошумчалап дарылап көрсө болот. Бирок хиджамадан жаман болбойт. Көп ооруларга пайдасы бар. Хиджама кылып жүргөн жакшы адис болсо, ошондон кеңеш алуу керек. Өпкө пневмониясынан тышкары, адамдар дене табы көтөрүлүп жатат. Температура убагында мүмкүнбү, мүмкүн эмеспи? Пневмония убагында мүмкүнбү? Дарылануу убагында эффект береби же дарыланууну токтоткондобу? Мунун баарын майда-чүйдөсүнө чейин иликтеп билген, өтө мыкты адистин тажрыйбасы керек. Коронавирус жаңы оору болуп, анын артынан певмония уланып, “кайсы дарыны берсек кандай жардамы болот” деп тандап, таанып-билип жатабыз. Тажрыйба керек. Дароо эле баарын токтотуп, “хиджама колдоно коёлу” деген да туура эмес.
-- Коронавирус менен пневмонияны бөлүп караганга кандай көз караштасыз?
-- Бул туура эмес пикир. Коронавирус дагы, пневмония дагы тамыры бир оору. “Бир күндө 40 адам пневмониядан, 6 адам коронавирустан” дегендери туура эмес. Вирустун өтө күчөп кеткени – пневмония. Бул менин жеке оюм.
-- 5G менен коронавирусту байланыштыргандарга кандай ойдосуз?
-- Анын да өз адистери бар. Адистердин айтымында, бул 3G, 4G дегендер интернеттин ылдамдыгына байланыштуу экен. Азыр бейтаптар түшүп жаткан түрдүү компьютердик томография, рентгендер олуттуу зыян келтирип, инфарктка чейин жеткириши мүмкүн. 4G, 5G – бул интернеттин ылдамдыгы үчүн таасирдүү болбосо, коронавируска байланышы жок экенин адистер белгиледи.
-- Сиздер да коронавируска дарылоо жүргүзүп жатасыздарбы? Буюрса оору бир-эки жумада кайтчудайбы?
-- UNICOR аттуу медициналык борборубузда бейтаптарды дарылап жатабыз. Азыркыдай оор учурда клиникабызды жаап койгон жокпуз. Айла жок дарыгерлер демилгени колго алып, дүйнөлүк тажрыйбага салып, жамаатыбыз менен бир айга жакын убакыттан бери 70-80дей адамды ар бир күнү кабыл алып, дарылап жатабыз. Жыйынтыктарыбыз жакшы, өзүбүздү тобокелге салып, Кудайга тапшырып иштөөдөбүз. Атайын формабыз деле жок. Сүйүнүчтүү кабар: бүгүн оорулар эки эсе азайды. Эртең кандай статистика болорун билбейм. Бирок жакшы жагына ооп, азайып келе жатканына кубанычтабыз. Бизден дарыланып кеткендердин 98%ы жакшы болуп кетти. Өтө оор абалдагы 2-3 дарыгерди улуттук госпиталга айласыз жөнөттүк. Калганынын баары айыгып кетишүүдө.
Жамиля Нурманбетова
"Азия Ньюс" гезити