Прогноз погоды в городе Бишкек
Акыркы кабарлар
» » Мунара жеңенин окуялары: «Ойноп келейин десем кайнатам жибербей койду...»

Мунара жеңенин окуялары: «Ойноп келейин десем кайнатам жибербей койду...»

23-октябрь, 12:49
1 111 ᠌ ᠌ ᠌ ᠌᠌ ᠌ ᠌᠌

Түп районунун Сары-Тологой айылынын 32 жаштагы тургуну Мунара Алиева жаңы турмушка чыкканда башынан көп кызыктуу окуяларды өткөргөн. Каарманыбыз учурда төрт кыз, бир уулдун апасы.

«Түп районунун Кең-Суу айылында туулгам. Кошуна айылга 17 жашымда келин болгом. Жолдошум Нурлан Нурсейитов 1980-жылы туулган. Менден бир топ жаш улуу. Биздин ата-энелерибиз тааныш болчу. Жайлоодо бири-бирине каттап, жакшы мамиледе болушчу. Кичинекей кезимде энемди ээрчип, алардыкына конокко барчу элем. Бирок ал кезде күйөөмдү таанычу эмесмин. Себеби, башка жакка иштөө үчүн кетиптир.

Кийин ата-энем жайлоодо мал бакпай калды. Ошол бойдон ата-энеси менен көрүшпөй калдык. Анан жолдошум үйлөнүү үчүн кыз издептир. Кайнатам мурун эле мени келин кылам деп айтып жүрчү экен.

Мектепти аяктагандан кийин жогорку окуу жайга барууну деле көздөгөн жокмун. Ал кезде эжем окучу. Турмушубуз бир аз оор эле. Үйдөгүлөрдү кыйнабай, биринчи иштейин деген ой болгон.

Агам жалгыз болгондуктан ага бир аз каралашып, жыйым-терим өнөктүгүнө жардам берип, шаарга жөнөмөй болдум. Күндөрдүн биринде классташ балам келди. Ага жолугуп, бир аз турдум. Аңгыча бир унаа жай ылдамдыкта өтүп, кайра келди. Андан кийин 3-4 бала келип учурашты. Мен чочуркап туруп калдым. Кайнимди тааныйт элем. Арасында ал да бар экен. Жолдошум айдоочу экен, унаадан түшкөн жок. Ошентип салып кетишкен. Мени Каркырага фермага алып барышкан», - деди ал.

Мунара Алиева: «Жаш кезимде турмушка чыккангабы же өзүм бала кыял болгонгобу, айтор оюнкараак элем. Жаңы барганда баары көзүмдү карап, эч нерсе жасатышкан жок. Жаш деп аяшкан окшойт.

Бир күнү кечинде тышка чыга албай, жолдошума «чыгып келели» десем, «макул, бутуңду кийип тур. Артыңдан чыгам» деп калды. Мен кире бериште күтүп турам, же келбейт. Анан жашынып алдым. Бир убакта кишинин басып келе жаткан дабышы угулду. «Аа» деп балтырынан апчып кармап калдым. Жогору жакты карасам эле кайненем экен. Мени таң калып эле карап калды. Кыязы, мени оорусу бар го деп ойлосо керек. «Ой, апа сиз белеңиз. Мен Нурлан экен» десе деп уялып, күлөрүмдү же ыйларымды билбей туруп калдым. Кайненем: «Ай, балам ушинтип да ойнойсуңбу? Жүрөгү оорукчан бирөө болсо, өлтүрмөксүң» деп күлдү. Андан кийин күйөөм чыгып, «атаңдын чыкпаганына шүгүр» деп күлдү.

Бизде кыш мезгилинде кар калың жаайт. Мен турмушка чыккандан кийин кар жаап, тез эле кыш келди. Жаныбызда жашаган таякебиздин окуучу кыздары: «Жеңе, жүрүңүз. Чана тебебиз» деп келишчү. Мен идишимди тез жууп, чыкканга шашчумун. Бир күнү үйдөгү жумушту бүтүрө салып, шашып кийинип жатсам эле «жеңе, бол» деп кыйкырып калышты. Аңгыча кайнатам чыгып, «өзүңөр ойногула. Жеңең силерге жаш бала бекен» деп кыйкырып койду. Мен ээлигип алган элем. Анан өзүбүздүн бөлмөгө барып ыйлап баштадым. Жолдошум келип, «ким ыйлатты» деп сооротуп баштады. «Атам ойноп келейин десем жибербей койду» деп даттандым. Анда жолдошум атама барып, «эмне урушасыңар. Ойной берсин да» деди. Эртеси атам: «Балам, кечирип кой. Кааласаң ойной бер» деп өзү уруксат берген.

Азыр балдарымды карап, үй оокат менен күнүм өтөт. Сабактарын окутам. Тикмечилик менен алектенем. Жолдошум мал чарба менен үйдө», - деди ал.


“Турмуш”

Бөлүшүү:
Тектеш материалдар:
Эң көп окулгандар
Бүркүттүн алдында калган коёндой эле бырпырадым…
Жөтөлдөн айыгууга сонун рецепттерди сунуштайбыз. Сактап коюңуз!
Өлгөн адамдар түшкө кирсе эмне болот?
(Видео) Баткен губернатору Алимбаевди тоготпой, 70 пайыз жетекчилер кетип калышыптыр
(Видео) Лейлектеги атышуу: "Кыргыз элим, биз жардамсыз калдык..."
(Видео) Баткен согушунун ардагерлери элибиз үчүн күйүп, кайрылуу жасашты
Президент Садыр Жапаровдун акыркы кырдаал боюнча кайрылуусу
Aryba.kg - Маалымат порталы
Сайтка баа бер