Прогноз погоды в городе Бишкек
Акыркы кабарлар
» » Элвира Сурабалдиева: “Эң башкы көйгөй – бул инфратүзүм: жол, газдаштыруу, канализация маселеси”

Элвира Сурабалдиева: “Эң башкы көйгөй – бул инфратүзүм: жол, газдаштыруу, канализация маселеси”

31-март, 10:49
560 ᠌ ᠌ ᠌ ᠌᠌ ᠌ ᠌᠌

-- Сиз өткөн чакырылышта да депутат болгонсуз. Өзүңүз демилгелеп, бирок, аягына чыгууга үлгүрбөй калган мыйзам долбоорлоруңуз барбы?

-- Аскер кызматындагы аялдардын айлыктарына кошумча төлөөлөр боюнча бир мыйзам бар болчу. Аскер кызматында жалаң мырзалар эмес, биздин айымдарыбыз да иштешет. Ал мыйзамга ылайык, алардын айлык маяналарына бир аз болсо да каражат кошулмак. Мен алтынчы чакырылышта иштеп жатканда долбоор эки окуудан өткөн. “Үчүнчү окуудан да өттү” дешкен. Бирок, президент кол койгонбу, койгон эмеспи, билбейт экенмин. Бүгүн “ошону тактап бергиле” деп жардамчыларыма тапшырма бердим.

-- Сиз шайланган Биринчи Май бир мандаттуу округунда да бир топ жаңы конуштар бар. Алардын эң негизги көйгөйлөрү кайсылар?

-- Баардык эле жаңы конуштардагы эң башкы көйгөй – бул инфратүзүм: жол, газдаштыруу, канализация маселеси. Бала бакчалар жетишсиз. Ички миграциянын натыйжасында элдин саны көбөйүүдө. “Бала бакча салып бергиле” деген кайрылуулар көп болуп жатат. Балдардын санынын көптүгүнөн 3-4 нөөмөт менен окуткан мектептер бар. Андан тышкары, “автобустардын, маршруткалардын каттамдарын узартып бергиле” деген да кайрылуулар түшүүдө. Буюрса, бул маселелердин баарын парламенттен көтөрүп, өкмөт менен бирге иштешип, чечкенге аракет кылабыз. 


"Азия Ньюс" гезити

Бөлүшүү:
Тектеш материалдар:
Эң көп окулгандар
Бүркүттүн алдында калган коёндой эле бырпырадым…
Жөтөлдөн айыгууга сонун рецепттерди сунуштайбыз. Сактап коюңуз!
Өлгөн адамдар түшкө кирсе эмне болот?
(Видео) Баткен губернатору Алимбаевди тоготпой, 70 пайыз жетекчилер кетип калышыптыр
(Видео) Лейлектеги атышуу: "Кыргыз элим, биз жардамсыз калдык..."
Президент Садыр Жапаровдун акыркы кырдаал боюнча кайрылуусу
(Видео) Баткен согушунун ардагерлери элибиз үчүн күйүп, кайрылуу жасашты
Aryba.kg - Маалымат порталы
Сайтка баа бер