Кымбатчылыкка карабай Акылбек Түмөнбаев дүңгүрөгөн маараке өткөргөнү калды


Парламент депутаты Акылбек Түмөнбаев 22-23-июль күндөрү Каркыра жайлоосунан Түгөлбай Сыдыкбековдун 110, Советбек Жумадыловдун 90 жылдыгын өткөрөт экен. Өлкөдөгү кымбатчылыкка карабай маараке дүңгүрөгөн таризде белгиленгени калды. Күрөш мелдешине 6 автоунаа, акындардын айтышына 1 миллион сом, ж.б. оюндарга катышкандар да куру кол кайтышпайт. Той-топурдун өтүп турганы жакшы дечи. Бирок таңгалычтуу жагдайга токтоло кетели. 2020-жылдагы Октябрь төңкөрүшүнө чейин Акылбек Түмөнбаев анчейин бай эмес, көптүн бири сыяктуу эле жүрчү. Эки жылга жетпеген убакытта олигархка айланып, өзү, үй-бүлө мүчөлөрү менен кымбат баалуу жолтандабастарды минишип, элиталык батирлерге, мүлктөргө ээ болушуп, өзгөрүп кетишти го? Мынчалык кыска аралыкта кантип байышты? “Кыңыр иш кырк жылда” эмес, бат эле билинет. Президенттин кудасы катары Акылбек Түмөнбаев көлөкө түшүрүп койбойбу?
"Азия Ньюс" гезити











