Прогноз погоды в городе Бишкек
Акыркы кабарлар
» » Акылбек Жапаров менен Тенгис Бөлтүрүк кыргыз элинин шоруна калабы?

Акылбек Жапаров менен Тенгис Бөлтүрүк кыргыз элинин шоруна калабы?

22-май, 15:06
1 230 ᠌ ᠌ ᠌ ᠌᠌ ᠌ ᠌᠌

Эки кишинин башы кошулган жерде эле Кумтөр кени талкууда. Бирөө билип, бирөө билбей эле удургуп атышат. Чейрек кылым канадалыктар биздин тоолорду, анын ичинде мөңгүлөрдүн ашмалтайын чыгарышты. Ар бир жаңы келген бийлик алмашканда Кумтөрдү коколоп жатып калышат да, аягы эмне болуп бүткөнүн эл билбей калат. 

Исхак Масалиев, коомдук ишмер:

-- Тенгис Бөлтүрүк тууралуу, аны кооптонуу менен өзүмдүн Фейсбук баракчама жаздым. Коркуп атканым – акционер болгондуктан, Канадада иштерди кылып жүргөндүктөн, кандайдыр бир кызыкчылык болуп кетпесин дегеним эле. Акционер катары очойгон айлык алган, туура эмес иштеген жагынан Акылбек Жапаровго окшош да. Канча деген келишимдерге “салым” кошуп, КР экономика министри болуп турганда өзү ошо долбоорлорду иштеп чыккан. Азыр болсо асмандан түшкөнсүп атканы туура эмес, мен Акылбекти жакшы билем да. 2009-жылы экономика жана өнүгүү министри болгон, Кумтөр менен келишимди түзгөн, эсимде бар. “Жоктон көрө жогору” деген принцип менен кеткенбиз, бир тыйын төлөбөгөнгө караганда деп. Келишим болгондон кийин 100 млн. доллар төлөй турган болушкан. Анан эле бүгүн чыга калып, “кылмышкер экен бул акмактар” дегени мен үчүн түшүнүксүз. Коркконум бир гана нерсе – негизи багыт, максат, ниет жакшы коюлуп атат. А бирок, “карышкырга кой кайтарткандай” элес калтырууда. Акылбектин патриоттук сезимдери бир гана шайлоо учурунда байкалат, а турмушта башкача. Акаев “жаш, мыкты саясатчы, салыкчы, депутат” деп мактаган учурлары болгон. Бакиев болсо баласынан жакын кармаган. Атамбаевге анча-мынча кеңеш берип турган. Акылы бар, ал жагынан маселе жок. А мамлекеттин, элдин кызыкчылыгын коргойбу же коргобойбу – бу жагынан абдан күмөнүм бар. 

Арслан Малиев, коомдук ишмер:

-- Биринчиден, Бөлтүрүковдун жаңы кызматка келгенине каршы эмесмин. “Тажрыйбасы бар” деп айтып атышат, иштептир. Бирок, ал убактылуу үч айга эле Кумтөрдү тейлегени келди да. Ал эми Акылбек Жапаров жөнүндө Кубан Мамбеталиев баарын айтып таштады, “реабилитация болуш үчүн иштеш керек” деп. Менин оюм боюнча, үч айдан кийин Кумтөрдү токтотуш керек, “Экологиялык катастрофа!” деп. Алтындын кереги жок. Себеби, азыр Канададагы болгон алтынды эки эсе көбөйтсөк дагы жанагы биздин “Давыдов”, “Лысый” мөңгүлөрүн жана башка талкаланган жаратылышты ордуна келтире албайбыз. Ошон үчүн кыргызга алтындын да, акчасынын да кереги жок. Азыр биринчи маселе катары аларга койгон экология боюнча айыптарды эч токтоосуз соттон өткөрүш керек. Жанагы төрт жигит кайрадан шаардык кассациялык сотко апелляция берсин. Ошол эле төрт жигит Жогорку сотко дагы бир сыйра кынаптап туруп, сандарды тактап берсе, ошону менен Жогорку сот бекиткенден кийин Кумтөр айып пулду төлөшү шарт. Төлөмөйүнчө аларды сотко берип, болгон 1,5-2 миллиарддай активдерин өзүнө алыш керек. Толугу менен салыгын кошкондо 6 миллиардга жакын долларды алып туруп, Кумтөрдү тыптыйпыл кылып жабыш керек! 


Сурат Жылкычиев 

"Азия Ньюс" гезити

Бөлүшүү:
Тектеш материалдар:
Эң көп окулгандар
Бүркүттүн алдында калган коёндой эле бырпырадым…
Жөтөлдөн айыгууга сонун рецепттерди сунуштайбыз. Сактап коюңуз!
(Видео) Баткен согушунун ардагерлери элибиз үчүн күйүп, кайрылуу жасашты
(Видео) Лейлектеги атышуу: "Кыргыз элим, биз жардамсыз калдык..."
(Видео) Баткен губернатору Алимбаевди тоготпой, 70 пайыз жетекчилер кетип калышыптыр
Президент Садыр Жапаровдун акыркы кырдаал боюнча кайрылуусу
Өлгөн адамдар түшкө кирсе эмне болот?
Aryba.kg - Маалымат порталы
Сайтка баа бер