Дүйшөнбек Камчыбеков: “Кызыл-Омпол боюнча жаңылбай, олуттуу мамиле менен чечим кабыл алалы”


Кызыл-Омпол кенин иштетүүгө өкмөт белсенип, даярдыктар башталууда. Аныгында кандай экологиялык зыян тартарыбыз, радиациянын күчү, адамдардын ден соолугуна тийгизген таасири тууралуу тоо-кенчилер жана геологдор ассоциациясынын төрагасы Дүйшөнбек агай иш башталар алдында дагы бир ирет сунушун жолдоду. Дасыккан адис катары тынбай кайрылууларын жасап келет.
-- Кызыл-Омпол кениндеги участоктор жана жаралган тоскоолдуктар тууралуу айтсаңыз?
-- Кызыл-Омпол кенинде “Таш-Булак”, “Баке”, “Оттук”, “Узун-Сай”, “Түндүк” участоктору бар. Эми ошол кендерге учурунда чалгындоо иштери жүргүзүлүп, бир эле “Таш-Булак” деген участокто 1,6 миллион тонна руда түрүндө титаномагнетит, 3,6 миң тонна уран, 3,5 миң тонна торий, 10 миң тонна фосфор жана 34 миң тонна цирконий бар экени аныкталган. Мындан сырткары, “Түндүк”, “Баке”, “Узун-Сай”, “Оттук” деген участоктор боюнча да чалгындоо иштери толук жүргүзүлгөн эмес.
Биринчиден, “Таш-Булак” участогу Кубакынын белине чыгып бара жатканда оң жактагы жолдун астында жайгашкан. Эми ушул кендин участкасын иштете турган болсок, Кубакыга чыгып бара жаткан жолдун астына аз өлчөмдөгү корду калтырышыбыз керек. Ал жерде жогорку вольттогу линия өтөт, биз ал линияны ала албагандан кийин канча бир кен өлчөмүн калтырууга туура келет. Ал эми “Түндүк” участогу Көк-Мойнок айылынын үстүндө жайгашкан. Ал Барскоондон өтүп жаткан сууга да жакын болуп калат. “Баке” участогу Кубакынын белине түшүп бара жатканда Орто-Токой суу сактагычына да чукул жайгашкан. Андан сырткары, “Баке” участогу түздөн-түз Кубакыга түшүп бара жаткан жолдун түбүнөн орун алганына байланыштуу, эгер бул участокту келечекте иштетсек, жол маселеси жаралып, жер көчкү болуп кетпейби (?) деген дагы коркунуч бар. Ал эми “Узун-Сай” участогу Орто-Токой суу сактагычынын ичинде жайгашып, көлөмү Орто-Токой суу сактагычынын сыртына чыгып турат. “Оттук” участкасы болсо Ак-Өлөң айылынын түбүндө, ал жерден жаңы салынып жаткан темир жол өтөт. Андыктан бул участокту иштетүүдө да маселе жаралары белгилүү. Беш участоктун бир жерде эмес, ар кайсы тарапта экени көйгөйлүү маселе.
-- Кандай киреше көрүшүбүз мүмкүн?
-- Кызыл-Омпол боюнча маселе чечилип, иштетилип калса, ал жерден сөзсүз түрдө экономикалык пайда түшүшү боло турган нерсе. Бирок анын суммасы долбоордун же ТЭОнун негизинде такталып чыгышы шарт. Болжолдуу түрдө карасак, жалпы айтылып жаткан маалыматтын негизинде эки түрдүү концентрат алынышы мүмкүн экен. Анын бири титаномагнетитовый концентрат. Экинчисинин курамында уран, торий, цирконий болушу керек. Ошол эки концентратты биз бүгүнкү күндө кызыкдар жактарга сата алабыз. Титаномагнетитовый концентратты кытайлар алууга кызыкканын Акылбек Жапаров Кызыл-Омпол кенинин ачылышына барганда айткан. Болжолдоп алганда, ал жерде 1,6 миллион тонна титано-магнетиттин кору бар, бирок ошол жерден жогорку вольттогу линия өтөт, биз ал линияны ала албагандан кийин канча бир кен өлчөмү ал жакта калат. Ошого байланыштуу 1 миллион тонна титаномагнетиттин концентратын алып, 50 доллардан сатсак, 50 миллион доллар болот экен. Ал эми уранды “закись, окись урана” деген деңгээлге жеткирүү үчүн дагы көп каражат жумшалып, түйшүктүү иштер жасалышы керек. Демек, биз уранды бул деңгээлге жеткирип сатсак, 1 килограммы 120 доллардын айланасында. Ошондо ал жерде 3600 тонна уран болсо, жогоруда белгилеген коопсуздук зонасын калтырсак, 2900 тонна уран калат экен. Ал жерде чыгымдар жок эмес, технологиялык процесстердеги чыгымдардан соң 2000-2200 тонна уран алынып, аны 120 доллардан саткан күндө дагы баасы 400 миллион доллардын тегерегине барат. Бул жерде чыгымдарды да эсептешибиз керек. Коромжулардын негизинде 50-60%ын алсак, дагы 200 миллион доллардай каражатка барса дейли. Ошондо биз титаномагнетит менен уранды концентрат түрүндө сатканда 250 миллион доллар чамасында пайда табат экенбиз. Бул дагы мен жогоруда айткандай, закись-окись деңгээлине жеткирип сатсак гана. Эгерде бир эле концентраттын ичинде уран, торий, цирконий сатылса, ал дагы эсептөөлөрдү талап кыла турган жагдай. Негизи биз урандын өзүн саткан күндө дагы торийди келечекке сактап калсак болмок. Себеби, торий келечекте энергияны көп бөлүп бере турган элемент. Бирок, буларды кошуп, жакшы баа менен саткан күндө дагы 250 миллион доллардан 400 миллион долларга чейин пайда табышыбыз мүмкүн. Бул – салык, айлык маяналар, эксплуатацияга кеткен чыгымдар, кымбат баалуу атайын техникалар, адамдарга алына турган атайын кийимдер, ошондой эле келечектеги калдыктарын (рекультивациясын) эсептебегендеги жалпы түшө турган каражаттын баасы.
-- Ал эми экологияга кандай зыяны бар?
-- Эң кооптуусу, бул жактагы кендерди иштетип жатканда биз жолго, сууга, суу сактагычка, экологияга залакабызды тийгизип албашыбыз керек. Тоо-кен тармагында “жоготуу” деген нерсе бар. Ошонун негизинде урандын чачыранды бөлүктөрү суу менен кошо агып, чоң сууга, жер алдындагы сууларга кошулуп кетсе, маселе жаралып калышы мүмкүн. Эң негизги токтоло кетчү жагдай, бүгүнкү радиацияга байланыштуу фондун көрсөткүчтөрү. Бул күндөрдөгү такталган маалыматтарга таянсак, ошол эле “Таш-Булак” кенинин ичиндеги радиациялык фон нормадан жогору экен. Эгер норма 50 микрорентген/саат болсо, ал жерде 75тен жогору 200 микрорентген/саатка чейин жеткен жерлер бар. Мындай жерге адамдарды иштетип жатканда атайын техникалар болушу шарт. Ошол жерге курулган имараттардын баары радиациялык фонго туруштук бере ала турган шартта салынышы зарыл. Радиациясы өтө эле жогору болгон кооптуу жерлер бар. Мисалы миңге чукул адамды ал жерге иштетсек, келечекте алардын ден соолугуна байланыштуу ар кандай жагдайдагы маселелерди да эске алганыбыз оң.
Бүгүнкү күндө уран кору боюнча биринчи орунда турган Австралия отузунчу жылдардан бери ушул багытта иш алып барып келет. Алар үч түрдүү жол менен иштетип келишкен. Биринчиси ачык жол болсо, экинчиси жер алдындагы жол, ал эми үчүнчүсү кислота аркылуу жер алдынан эритип алуу менен. Азыркы учурда алар иштеткен үч жолдун ичинен экологияга эң зыяндуусу бул ачык иштетүү...
Мен атын атабай эле коёюн, кийин учуру келгенде баары айтылат. Бизде, Кыргызстанда жашаган аттуу-баштуу аксакалыбыз бар. Ошол киши “ЮрАзия” деген компаниянын башында туруп, Россиянын олигархтары менен байланышып, “ушул долбоорду иштетели” деп аракет көргөн. Биздин ассоциацияга да келип, “жардам бергиле” деген сунушун билдирген. Бирок биз: “Ал жерде кооптуу маселелер бар. Ошого байланыштуу долбооруңарды колдой албайбыз” дегенбиз. Ал эми учурда ошол аксакал “Кызыл-Омпол ишке кирсин” деген пикирин билдирип жатат. Ошондуктан, бул маселени толук кандуу чечерде соттордун таразасындай салмактап: биринчисине түшө турган каражаттын суммасын, экинчи жагына экология маселесин коюп, миңдеген адамдар иштеп калышса, алардын ден соолугу үчүн кандай жагдай түзүлөрүн эске алып, анан бир чечим кабыл алышыбыз керек. Бул өтө опурталдуу, жаңылбай чече турган маселе.
Аягында айтар сунушум: “Таш-Булак” участкасын иштетүү маселеси кабыл алынып, экология боюнча экспертизадан өткөрүп жатканда, сөзсүз түрдө дүйнөлүк деңгээлде аброю бар, түздөн-түз радиациялык фонго байланыштуу тажрыйбасы мол компанияны тартып, алардын айткан чечими менен иш алып барсак. Себеби, бул чечим келечектеги кооптуу жагдайлардан, жаралып кала турган коркунучтуу нерселерден сактап калууга түрткү берет эле...
"Азия Ньюс" гезити











