Прогноз погоды в городе Бишкек
Акыркы кабарлар
» » Курултай – Кыргызстандагы саясаттын сарасы

Курултай – Кыргызстандагы саясаттын сарасы

12-февраль, 21:05
609 ᠌ ᠌ ᠌ ᠌᠌ ᠌ ᠌᠌

Өткөн жыл көп жагынан мамлекетибиздеги эң эле жемиштүү жыл болду. Экономикадабы, же социалдык жагынан болобу, байкаларлык жылыштар катталды. Биз азыр кыргыз коомундагы бул жакшы саамалыктарды жалпысынан эмес, бир гана ошолордун баардыгынын квинтэссенциясы катарында кабыл алынган, Кыргызстандагы жалпы элдик экинчи курултай жөнүндө сөзүбүздү улантмакпыз. Анткени бул курултайда коомдогу дээрлик баардык маселелер козголуп, жетишерлик жооптор алынгандай болду. 2-курултайдын болуп өткөнүнө да бир топ мезгил өттү. Азыр акыл токтотуп, олуттуу түрдө анализдеп айтылган жана айтылбаган маселелер, келечек пландар жөнүндө өз оюбузду билдирсек. Кыргыз эли билгендей, эгемендүүлүк башталгандан бери эле курултай маселесин бир топ инсандар байма-бай көтөрүп келишкен. Президент Садыр Жапаровдун мындан он жылдай мурда чыккан “Саясаттагы 10 жыл” деген китебинде да республикабызга жаңы система киргизүү жөнүндө сөз учугун улап, “курултай системасын киргизишибиз керек” деп баса белгилеген жана анын жол-жобосун ошондо эле ачык, так көрсөткөн. Ошентип биз жогоруда белгилегендей, 2021-жылга чейинки Конституцияларга курултай жөнүндөгү маселе кирсе да, ал ошол бойдон калып келген. Качан гана 2021-жылдагы азыркы аракеттеги Конституцияда курултайдын маани-маңызы так, даана ачып көрсөтүлдү. Бирок ошого карабастан аракеттеги Жогорку Кеңеш ар түрдүү себептерден улам “Элдик курултай жөнүндө” КР конституциялык мыйзамын кабыл албай создуктуруп отуруп алышты. Мына ушундай кырдаалда 2022-жылы өлкө президенти Садыр Жапаров өзүнүн жарлыгы менен республикада жалпы элдик 1-курултайды чакырды жана анда канча адам кандай квоталар менен шайланат көрсөтүлгөн эле. Бул ошол мезгилде жалгыз эң туура чечим болгон.

Ошентип алгачкы Аскар Акаевдин тушундагы Абдыганы Эркебаев уюштурган Бүткүл дүйнөлүк кыргыздардын курултайы жана Курманбек Бакиевдин Ынтымак курултайларынан түп-тамырынан айырмаланган мамлекетти эффективдүү башкаруудагы өзүнчө институт катарында кабыл алынды. Ал эми мурдакы эки курултайлардын биринчиси дүйнөлүк деңгээлде кыргыздардын канчалык дасмиясы бер экенин билели десе, экинчиси, К.Бакиевдин тегерегиндеги кошоматчылардын декоративдик акыркы аракеттери эле. Ал эми 2022-жылдагы жалпы элдик курултай ага өзүнүн мыйзамы жана бекитилген регламенти болбосо да, анын уюштурулушу жана өтүшү чоң сабак болду. Ага 1000 делегат катышып, баардыгы эле “сүйлөсөм, телевизордон мени шайлаган жердештериме көрүнүп койсом” деген “телевизор синдрому” чоң болду. Ошондуктан жыйындын төрагасы Кадыр Кошалиев болгон аракетин жумшаганына карабастан бир топ жагымсыз көрүнүштөр да орун алган. 

Бирок булардын баардыгы жогоруда биз белгилегендей, чоң сабак жана чоң тажрыйба. Курултайда майда, жергиликтүү маселелер басымдуу болуп кетпесин үчүн курултайдын астынан республиканын прокурору баш болуп ири мамлекеттик чиновниктер бүт Кыргызстандын райондорунда болуп, элдин көйгөйүн угуп, чечиле турганын жайында чечип келишти. Ошого карабастан жалпы элдик 1-курултайда дээрлик 99% көтөрүлгөн маселелер жергиликтүү органдар чече турган: жол, суу, ремонт, мектеп, бала бакча ж.б.у.с. маселелер. Бул албетте мыйзам ченемдүү көрүнүш эле. Ошондуктан жалпы элдик 2-курултай биринчи жолкуга караганда бир топ уюштуруу жана өткөрүү боюнча бийик деңгээлге көтөрүлө алды. Анткени Жогорку Кеңеште көптөн бери каралбай жаткан “Элдик курултай жөнүндөгү” мыйзам Садыр Нургожоевичтин тикелей кийлигишүүсү менен депутаттар отпускага кетеринде 2023-жылдын 24-июнунда гана кабыл алып беришти. Андан беш күн өткөндөн кийин 29-июнда КР президенти С.Н.Жапаров кол коюп, официалдуу түрдө мыйзам иштей баштады. 

Ошентип Кыргызстандын соңку жаңы саясый тарыхында “Элдик курултай жөнүндө” конституциялык мыйзамы пайда болуп, “Элдик курултай” өзүнчө институт катарында официалдуу түрдө калыптанды. Ушул жерде эскерте кетчү жагдай, “Элдик курултай жөнүндөгү” КР конституциялык мыйзамы дүйнөлүк юридика илиминде аналогу жок мыйзам. Ушуга улай “Элдик курултайдын регламенти” кабыл алынды. Демек, эми курултай жөнүндөгү баардык маселелер ушул эки документтин алкагында чечилет же аракет кылат. Бул мыйзамда курултайда каралчу маселелер, мыйзам чыгаруу демилгеси, коомдук жана мамлекеттик уюмдар менен болгон өз ара байланышы сындуу өзөктүү маселелер камтылганы курултайдын коомчулукта аброюн бир топ көтөрөт.

Мына ушундай жагдайда конституциялык мыйзамдын талабына жараша республика боюнча жана сыртта жүргөн мекендештерибизден болуп 700 делегат 15-16-декабрь 2023-жылы 2-жалпы элдик курултайга чогулушту. Албетте, бул курултай биринчисине караганда уюштуруу жана анын жүрүшү жагынан асман менен жердей айрымаланды. Курултайдын киришүү бөлүмүндө анын төрагасын шайлаганга чейин мамлекеттик катчы Сүйүнбек Касмамбетов камырдан кыл сууругандай кынтыксыз жетектеп, баардык процедуралык маселелерди жайгарып, 2-курултайдын төрагасы Мыктыбек Абдылдаевге өткөрүп берди.

“Элдик курултай жөнүндөгү” мыйзамдын 6-беренесине ылайык, курултай КР президентинин кайрылуусун, ЖК төрагасын, министрлер кабинетинин төрагасынын баяндамаларын укту. Ал эми мыйзамга ылайык, курултай мамлекеттик башка органдардын да жетекчилеринин өз иштери боюнча баяндамаларын угууга мүмкүнчүлүгү бар. Бирок бул курултайда президенттин кайрылуусу жана эки төраганын баяндамалары гана угулду. Эгер зарылчылыгы болуп калса, башка органдардын жетекчилери да өз иштери боюнча баяндамаларды жасай алат. Демек, биз жогоруда белгилеп өткөндөй, Садыр Жапаровдун “Саясаттагы 10 жыл” деген китебинде болочоктогу президент кыялданып жазгандай, “курултайда жылына бир жолу чогулуп, президенттин, парламенттин, премьердин, башкы прокурордун, Жогорку соттун, эсеп палатасынын төрагаларынан отчет алып, анын жыйынтыгы боюнча добуш бериши керек” (99-бетте) дегени ишке ашканын күбөсү болдук. Ошентип мурда-кийин болбогон эл менен бийликтин ортосундагы иштиктүү баарлашуусуна жакшы шарт түзүлгөнүн айкын көрсөттү. С.Жапаров телерадио ж.б. массалык маалымат каражаттары (алар түз алып көрсөтүштү) аркалуу курултайда эл менен бетме-бет, жүзмө-жүз сүйлөшүүдөн качпады. Мурдагы президенттер мындайга бара алышкан эмес.

Президент Садыр Жапаров өз сөзүндө “Элдик курултай – бул мамлекетти башкарууда ачык-айкындуулукту жана жоопкерчиликти камсыз кылуучу кубаттуу курал! Көз караштар менен пикирлердин ар түрдүүлүгү шартында элдик курултай улуттук маанидеги актуалдуу маселелерди талкуулоого жана реформаларды илгерилетүү боюнча биргелешкен сунуштарды иштеп чыгууга мүмкүнчүлүк берет”  деп баса көрсөттү. Президенттен кийин Акылбек Жапаровдун баяндамасы курултайдын жалпы духуна карата бир топ көтөрүңкү маанайда болгону ошол кырдаалга куп эле жарашып калды. Чынында эле ушундай болушу керек эле. Төраганын баяндамасы да Жогорку Кеңештин иши жөнүндө жетишерлик маалымат берди. Андан ары курултайдын делегаттарынын сөздөрү башталды. Бул жолкуда да дээрлик баардык делегаттар ошол эле жергиликтүү көйгөйлөрдөн өйдө көтөрүлө алышпады. Бирөө-жарымы да президенттин, эки төраганын сөздөрү жөнүндө, андан ары азыр мамлекеттин астында турган жалпы көйгөйлүү жана талкууну, кеңешүүнү талап кыла турган салык маселеси, болочокто курула турган Асман шаары, дүйнө өзгөргөн кездеги кыргыздын нарк-насили, кадр маселеси, болочоктогу шайлоолордун табиятын өзгөртүү, мамлекеттик идеология, сыртта жүргөн президенттер жөнүндө ж.б. ушундай маселелерди жок эле дегенде тезис формасында болсо да көтөрө алышкан жок. Эң эле таңкалычтуусу жана өкүнүчтүүсү акыркы кезде биздин өлкөдө өтө чоң масштаб менен жүрүп жаткан коррупция маселеси бир-бирөөсүнүн сөзүндө учкай болсо да айтылбады. Азыр бизде жүрүп жаткан коррупцияга каршы иш-чаралар керек болсо биздин мамлекеттин мамлекеттүүлүк аброюн сактап кала турган чоң акция. Анын жыйынтыгында мамлекеттин бюджеттин финансылык абалын оңдоодон башка да тарбиялык жагы эч кандай пайыз же акча менен өлчөнбөйт. Жаш муундардын “акча менен баардыгын сатып алам, ОПГ, депутат болом” дегендерге “андан башка да мындай таза жол бар, коррупциянын түбү барып ушундай жамандыкка алып келет” деген коңгуроо эмеспи. Биз коррупция менен болгон күрөштө анын тарбиялык маанисин да бутага ала жүрүшүбүз зарыл.

Эгерде курултайда коррупцияга каршы жүрүп жаткан иш-чараларга колдоолор, мүмкүн, кандайдыр бир жагдайларга кеп-кеңештер, сунуштар айтылса, бул өтө чоң дем болмок. Курултайдын депутаттарына кайрылган сөзүндө Садыр Жапаров эч кандай боёктор менен боёбой эле “өлкөнү өнүктүрүү үчүн болгон күч аракетибизди жумшап, коркунучтарга карабай, өмүрүбүздү тобокелге салып (назар салыңыз, республиканын президенти айтып жатат – Ж.Ж.), коррупция, уюшкан кылмыштуу топтор менен жалпы элдин, мамлекетибиздин келечеги үчүн күрөшүп келебиз” деп маселенин ток этер жерин айтты го! Мына президент эч жаап-жашырбай бул күрөш кандай кыйынчылык менен жүрүп жатканын “өмүрүбүздү тобокелдикке салып күрөшүп жатабыз” деп жатпайбы! Мына ушундай кырдаалда “элибиз бийликти жапатырмак колдоп турса” деген изги тилек менен сөзүн тамамдады. Бирок жогоруда белгилегендей, делегаттар бул сөздөрдүн маани-маңызын түшүнбөй эле калды окшойт. Ошондуктан сүйлөгөн делегаттар өз айылындагы болбогон эле майда-барат нерселерди президенттен суранып атышты.

Булардын баардыгына президент экинчи күндүн аягында жыйынтыктоочу сөзүндө жакшы жооп берди. Санариптештирүүдө кайдан, кимден кандай суроо-талап, сураныч-өтүнүчтөрү катталып, алар компьютерге киргизилип, ким чечери, кандай кезекте турары ж.б. слайд-шоудан көрсөттү. Эми буюрса мындан кийинки курултайларда мурдагы 1-2-жыйындарда көтөрүлгөн чарбалык, социалдык ж.б. майда жергиликтүү маселелер кескин кыскарарын президент да белгилеп өттү.

Садыр Жапаровдун айтымында, “эгерде ушинтип баардык көйгөйлөрдү санариптештирип жөнгө салсак, мындай күнүмдүк маселелер кескин кыскарса, курултайды да 2-3 жылда бир чакырабыз го” деп айтканында да кандайдыр бир чындык бар. Анткени улам кийинки курултайларда баягы майда (бирок көйгөйлүү) маселелер бир тартипке салынса, анан мамлекеттик өзөктүү маселелер күн тартибине кирет. Ошондон улам ой кетет: кезектеги курултайдын бирин билим берүү маселеси менен кошо коррупцияга баа берсек максатка ылайыктуу болот го... Же кайра иштетүү маселеси да бүгүнкү күндөгү эң көйгөйлүү маселелердин бири.

Канткен күндө да жалпы эл баштарын канжыгага байлап, коррупция менен күрөшүп жаткан Садыр Жапаровго жана Камчыбек Ташиевге чоң колдоо көрсөтүп, кубаттоосу зарыл. Ушундан улам биздин бул жааттагы мыйзамдык базабызды да тез арада толуктап, өзгөртүү зарыл. Болбосо, “мен мамлекетке мынча “кустум”, ал эми мынчаны өз чөнтөктөрүнө бердим” деген сөздөр болбош керек.

Коррупция жана да айрым маселелерге тийешелүү мыйзамдарды бу бизге маалымат айдыңы жакын жана жалпы Өзбекстан, Казакстан, Россия менен да бирдей кылууга парламенттер аралык иш аракеттер жасалса. Болбосо биздин ичибиздеги жүрүп жаткан процесстер боюнча коңшу мамлекеттин жарандары жалган ушактарды көрүп, аралашып жүргөндөй таратып жатышат. Кандай болбосун ачык-айкындык, чындык, тазалык тез эле коомдук пикирде өз ордун табат.

Эске түшөт: Сталин репрессия жүргүзүп, миңдеген адамдарды канын төктү. Бирок мунун баардыгы мамлекеттин кызыкчылыгы үчүн деп массаны ишендире алган. Өзүндө эч кандай дүнүйө болгон эмес, өлгөндө жаңырагын кийгизип коёлу десе, костюм, шинелинин жеңдери кырылып, жедеп эскилиги жеткен экен. Мына анын өлгөнүнө алтымыш жылдан ашуун мезгил өттү. Кызыл аянттагы Кремлдин дубалында СССРдин жүздөгөн жолбашчылары, колбашчыларынын арасында Сталиндин гана мүрзөсүндө бүгүн дагы жаңы ачылган гүлдөр жатканын орус маалымат булактары жазып жатат. Демек, тарыхта эч нерсе унутулбайт, мезгили келгенде чыгат. Бизде кичине эле креслого жетсе, миңдеген долларлык кийимдерин көрсөтүп, өздөрү беттери табактай болуп семирип кетишет. Тескерисинче, эл үчүн иштейм деген инсан тапталган аттай, б.а. кыргыздын тайганындай болуп турушу керек. Маданияттуу өлкөлөрдө ушундай.

Эми өткөн жыл жана анда болуп өткөн курултай жөнүндөгү сөзүбүздү аяктап жатып, бүгүнкү күндөгү баардык маалымат (жакшысы, жаманы да) алаканыбызда турган кезде элдин басымдуу бөлүгү негативдүү материалдарга, ушактарга тезирээк ишенип, официалдуу маалыматтарга ишенимсизирээк мамиле жасалганы байкалат. Ошондуктан тездик менен (сөзсүз эле министр, премьер-министр же президент эмес) алардын жалган экенин тез, так тастыктап, элге ишендире ала турган маалымат беришибиз керек. Кийинки кездерде турмуш-тиричилигибизди оңдогонго, жакшы жашообузга бир топ алгылыктуу иштер жасалып жатпайбы. Ошолорду эл массасына жеткирүү зарыл. Эл баардык нерселерге чыдай берет, бирок акыйкатсыздык, жалганчылык, алдамчылыкка окшогон нерселерге чыдабайт. Келгиле, элдин көңүлүн табалы! 

  
Жолборс Жоробеков 
 "Азия Ньюс" гезити
Бөлүшүү:
Тектеш материалдар:
Эң көп окулгандар
Бүркүттүн алдында калган коёндой эле бырпырадым…
Жөтөлдөн айыгууга сонун рецепттерди сунуштайбыз. Сактап коюңуз!
(Видео) Баткен согушунун ардагерлери элибиз үчүн күйүп, кайрылуу жасашты
(Видео) Лейлектеги атышуу: "Кыргыз элим, биз жардамсыз калдык..."
(Видео) Баткен губернатору Алимбаевди тоготпой, 70 пайыз жетекчилер кетип калышыптыр
Өлгөн адамдар түшкө кирсе эмне болот?
Президент Садыр Жапаровдун акыркы кырдаал боюнча кайрылуусу
Aryba.kg - Маалымат порталы
Сайтка баа бер