Акыркы кабарлар
» Коом » Москвада короо шыпырган кыргыз-өзбек мигранттары күрөк, лом алып мушташы
Москвада короо шыпырган кыргыз-өзбек мигранттары күрөк, лом алып мушташы
25-ноябрь, 17:05
818 ᠌ ᠌ ᠌ ᠌᠌ ᠌ ᠌᠌Кечээ, 24-ноябрда Москвадагы массалык мушташтын ондон ашык катышуучусу кармалды.
Алар короо шыпырып иштеген кыргызстандык жана өзбекстандык мигранттар болгон.
24-ноябрда кечке маал жергиликтүү тургундар мушташкан жарандарды көрүп, коомдук тартип бузулганы тууралуу милицияга кабар берген. Полиция мушташ катышуучуларын маселени териштирүү үчүн кармап кеткен. Жабырлануучулар жок.
Алдын ала маалымат боюнча, кыргызстандык жана өзбекстандык мигранттар футболдон кийин мушташа кеткен. Оюн маалында калыссыздык болуп калды деген «футболчулар» маселени беттештен кийин күрөк, лом көтөрүп келип чечүүгө аракеттенишкен.
Учурда тергөө иштери жүрүп атат.
aryba.kg