Прогноз погоды в городе Бишкек
Акыркы кабарлар
» » Алмазбек Акматалиев: “Президенттик башкарууда парламенттеги саясый коррупция токтойт”

Алмазбек Акматалиев: “Президенттик башкарууда парламенттеги саясый коррупция токтойт”

18-январь, 11:32
1 762 ᠌ ᠌ ᠌ ᠌᠌ ᠌ ᠌᠌

Кайсы бийлик болсо да ыңгайлуу пикир айткан, арканды алыс ыргыткан эксперт менен башкаруу саясаты боюнча акыл калчадык.

-- Алмазбек мырза, жакында кыргыз эли президенттик башкарууну тандап алышты. Алгач жакшы жагы кайсылар, ушу тууралуу айтсаң?

-- Президенттик башкаруунун эң биринчи өзгөчөлүгү жана артыкчылыгы – бул күчтүү, бир муштум болгон, такталган программасы бар, келечекке жол алган ишенимдүү өкмөт түзүлөт. Себеби, шайланган президент министрлерди өзү тандайт да, кызматка коёт, ошондой эле керт башы менен жооп бергенге мажбур болот. Мүчүлүштүктөргө министр жана президент жооп берип туруусу кажет. Экинчиден, жанагы парламенттик башкаруудагы саясый коррупция кыркылат. Себеби, өкмөттү курап аткандан кийин балээнин баары ошо жерден башталып кетип атпайбы: министрлер сатылып кетип, кылтың-мылтың, ушу сыяктуу иштер болбойт. Үчүнчүдөн, Жогорку Кеңеш өзү өкмөттү курабай калгандан соң тыкыр көзөмөл кылганга кызыкдар болуп калат. Бул абдан маанилүү позиция. Бирок, менин оюмча Жогорку Кеңеште дагы мындай күчтүү президент башкарган өкмөттү реалдуу тизгиндеп, баланска алып келип туруш үчүн сөзсүз түрдө кандайдыр бир рычагдар болуп туруу керек. 

-- Кандай рычагдар?

-- Жеке пикиримде, эсептөө палатасынын дайындоосун жана бошотуусун толугу менен президенти жок эле парламент алса, мүмкүн АКСти азыркы УКМКдан бөлүп чыгып туруп, аны да депутаттардын көзөмөлүнө берсек, анда алар дагы күчтүү президенттен көз каранды эмес, бирок, тизгиндөөчү, көзөмөлдөөчү, мониторинг жасачу функциялары көбөйүп калат эле да. Ошондо биз күчтүү президент автократ же диктатор болуп кетпешине, бийлик бутактарын баланстап сактоого жол ачат элек. 

-- Төртүнчүдөн?

-- Аткаруу бийлиги бүт бир вертикалга жайгашмак. Бешинчиден, абдан маанилүү нерсе – эл шайлаган президент элдин мандатын алып атат. Карапайым калк ишеними эми өкмөткө өтүүдө. Мындай эч качан болгон эмес. Өкмөттү президент дайындап келген, азыр болсо президент 80 пайыз добуш алдыбы, ошол 80 пайыз ишеним өкмөткө өтүп атпайбы. Себеби, келечекте реформа жасаганга, популярдуу эмес чараларга барганга андай президенттин, андай өкмөттүн дароо эле мүмкүнчүлүгү пайда болуп калса, жаманбы? Иш жүзүндө президент: “Өкмөт менен ушуну жасайбыз, себеби, баарыңар мен аркылуу дайындалгансыңар. Мени шайлап атканда программамда ушу пункт бар болчу. Ошону гана ишке ашырып атам. Жоопкерчилик өзүмдө. Силер мени колдоп бергиле” деп айтканга негиз түзүлүп калат. 

-- Демек, сиздин жеке пикириңизде Жогорку Кеңешке да кайсы бир тармакты энчилебесе, президент баардык бийликти колуна алып, андан ары диктатор болуп кетиши ыктымал (!) деп атасыз да?

-- Ооба, бийликтин кайсы бир бутагын Жогорку Кеңеш өзүнө алыш керек. Өйдөдөгү менин жеке сунушум – эсептөө палатасы менен коррупцияга каршы кызматты Жогорку Кеңешке бериш керек. Ошондо баланс болот. 



Сурат Жылкычиев 

"Азия Ньюс" гезити

Бөлүшүү:
Тектеш материалдар:
Эң көп окулгандар
Жөтөлдөн айыгууга сонун рецепттерди сунуштайбыз. Сактап коюңуз!
Бүркүттүн алдында калган коёндой эле бырпырадым…
(Видео) Баткен согушунун ардагерлери элибиз үчүн күйүп, кайрылуу жасашты
(Видео) Лейлектеги атышуу: "Кыргыз элим, биз жардамсыз калдык..."
(Видео) Баткен губернатору Алимбаевди тоготпой, 70 пайыз жетекчилер кетип калышыптыр
Президент Садыр Жапаровдун акыркы кырдаал боюнча кайрылуусу
(Видео) Кыргыз айылын талкалап жаткан тажиктерди токтотууга болобу?
Aryba.kg - Маалымат порталы
Сайтка баа бер