Прогноз погоды в городе Бишкек
Акыркы кабарлар
» » Самат Тоялиев: “Өлкө боюнча 43 миң бүтүрүүчү тест тапшырат”

Самат Тоялиев: “Өлкө боюнча 43 миң бүтүрүүчү тест тапшырат”

22-май, 14:43
1 011 ᠌ ᠌ ᠌ ᠌᠌ ᠌ ᠌᠌

Билим берүү жана илим министринин басма сөз катчысы менен маек.

-- Быйыл абитуриенттерди жалпы республикалык тестирлөөдөн өткөрүү мөөнөттөрү жана шарттары кандай болот?

-- Республиканын баардык аймактарында жалпы республикалык тестирлөө (ЖРТ) башталды. Өлкө боюнча 115 тесттик борбордо жалпысынан 43 миңдей бүтүрүүчү тест тапшырат.

Кыргыз Республикасынын билим берүү жана илим министрлигинин 2021-жылдын 30-апрелиндеги №564/1 буйругуна ылайык тестирлөө үч этапта өткөрүлөт:

I этап: 2021-жылдын 18-19-майында;

II этап: 2021-жылдын 21-22-майында;

III этап: 2021-жылдын 22-23-июнунда (өткөрүү мөөнөтү кийинкиге калтырылган тестирлөө).

Министрликтин жогорудагы буйругуна ылайык:

-- тест борборлорунун ар биринде 250 адамды жайгаштыра тургандай 4-5 аудитория (жыйын залы, спорт залы, ашкана же рекреация) даярдалып, парталар минималдуу 1,5 метр аралыкта коюлууга;

-- тест материалдарынын сакталышын камсыздоо үчүн 1-кабаттан жогору жайгашкан, каалгасында жана терезесинде темир торчолору бар өзүнчө бөлмө даярдалууга;

-- тестирлөө өткөрүлүүчү жайларда санитардык-гигиеналык шарттар (жарыктандыруу, желдетүү ж.б.у.с.), өрткө каршы коопсуздук сакталууга тийиш, ошону менен бирге сыртка чыгууга кошумча эшиктер болушу кажет.

-- Азыркы эпидемиологиялык абалга байланыштуу кандай коопсуздук иш-чаралары каралды?

-- Тест өткөрүү мезгилинде ар бир тест борборунда окуучулардын өмүрүнүн жана ден соолугунун коопсуздугун камсыз кылуу максатында төмөнкүдөй шарттар түзүлүүгө тийиш: 

-- жергиликтүү бийликтердин көмөктөшүүсү менен бүтүрүүчүлөр жана уюштуруучулар үчүн дезинфекциялык каражаттар, санитайзер, тепловизор, беткап, колкап ж.б. керектелүүчү каражаттар менен камсыздоо;   

-- күн сайын жана ар бир тест этабы аяктагандан кийин аудиторияларды жана коридорлорду (каалгалардын туткаларын, парта, отургучтардын жөлөнгүчтөрүн ж.б.у.с.) дезинфекциялык каражаттарды колдонуу менен сүртүп-тазалоо;

-- медициналык пункт, медицина кызматкерлеринин кезметин уюштуруу. Тест борборлорунун кире беришинде катышуучулардын, ата-энелердин, мугалимдердин топтолуп турушуна жол бербөө жана 1,5 метрлик аралыкты сактоо үчүн аларды коопсуздук кызматкерлери менен камсыздо иштери каралган.


Мээрим Асанова 

"Азия Ньюс" гезити

Бөлүшүү:
Тектеш материалдар:
Эң көп окулгандар
Жөтөлдөн айыгууга сонун рецепттерди сунуштайбыз. Сактап коюңуз!
Бүркүттүн алдында калган коёндой эле бырпырадым…
(Видео) Баткен согушунун ардагерлери элибиз үчүн күйүп, кайрылуу жасашты
(Видео) Лейлектеги атышуу: "Кыргыз элим, биз жардамсыз калдык..."
(Видео) Баткен губернатору Алимбаевди тоготпой, 70 пайыз жетекчилер кетип калышыптыр
Президент Садыр Жапаровдун акыркы кырдаал боюнча кайрылуусу
(Видео) Кыргыз айылын талкалап жаткан тажиктерди токтотууга болобу?
Aryba.kg - Маалымат порталы
Сайтка баа бер