Бишкектеги бактардын 30%ы карыды


"Бишкек жашыл чарба" муниципалдык ишканасынын башкы агроному Жаныбек Жумалиев борбор калаадагы бак-дарактарды жаңылоо маселеси актуалдуу экенин “Спутник-Кыргызстанга” кабарлады. Анын айтымында, ишкананын балансында жалпы 250 миңден ашуун бак катталган.
"Бишкек жашыл чарба" муниципалдык ишканасы шаардын 832 гектарында өскөн бак-дарактарды карайт. Алардын алды 50-60-жылдардан тарта отургузулуп, айрымдары карыды. Анткени ар бир бактын түрүнө жана отургузулган аймагына жараша мөөнөтү болот. Мисалы, жол боюна отургузулган теректердин мөөнөтү 40-45 жыл. Ал эми ошол эле теректердин паркта өсүп жаткандарынын мөөнөтү мындан узагыраак. Болжол менен жалпы бак-дарактардын 30 пайыздайы карып, жаңылоого муктаж болуп турат. Анткени бактар карыган сайын иммунитети түшүп, өсүмдүктүн ар кандай илдеттери аныкталууда. Аларды кыйып, тазалап, жаңылоо маселеси келип чыгууда" деди Жумалиев.











