Прогноз погоды в городе Бишкек
Акыркы кабарлар
» » Тазабек Икрамов: “Былтыр бөлүнгөн 500 миллион сомдун 5 тыйынын көрбөдүк”

Тазабек Икрамов: “Былтыр бөлүнгөн 500 миллион сомдун 5 тыйынын көрбөдүк”

22-сентябрь, 11:25
438 ᠌ ᠌ ᠌ ᠌᠌ ᠌ ᠌᠌

-- Тазабек мырза, бир топ депутаттар Баткенге барып келген турбайсыздарбы? Элдин акыбалы кандай экен?

-- Биз “Элдик” тобунан беш депутат Лейлек районунун Моргун айылына чейин бардык. Чыр-чатак болгон жерден качкан тургундардын көбү ошол айылга жайгашыптыр. Аларды карап отуруп жүрөк сыздайт. Алыс жакта жашагандар так элестете албашы мүмкүн, бирок өз көзүң менен көргөндөн кийин жүрөк кадимкидей ыйлайт экен. Көбү жаш балдары, бир сыйра кийими менен эле үйүнөн качып чыгышкан. Элден айланса болот, чек арадан алыскы айылдардын тургундары качып бараткандардын бир тобуна башпаанек берип, үйлөрүнө киргизип алышкан. Эл көп эле суранычтарын айтышты. Эң башкысы, “коопсуздугубузду камсыз кылып бергиле” дешти. “Былтыр бөлүнгөн 500 миллион сомдун 5 тыйынын көрбөдүк” деп айткандар да болду. Бүгүн да Баткенге жардам иретинде көп суммадагы каражат чогултулуп жатат. Былтыркыдай көрүнүш кайталанып, эл кайра нааразы болбошу үчүн баардык тыйынды көзөмөлдөп, ар бири кайда жумшалганы боюнча отчет талап кылуу керек. Жардам өз дарегине жетип атабы, жетпей жатабы – буга сөзсүз көзөмөл кылалы.

-- Өрттөнгөн, талкалаганган үйлөр, социалдык объектилер көппү?

-- Өтө эле көп. Аларды го акырындык менен калыбына келтирсе болот. Бирок, бул жолу шейит кеткен жарандарыбыз абдан арбын. Былтыр 36 жараныбызды жоготкондон кийин биз өзүбүз үчүн катуу тыянак чыгарышыбыз керек эле. Бирок, тилекке каршы, андай болбоду... 


"Азия Ньюс" гезити

Бөлүшүү:
Тектеш материалдар:
Эң көп окулгандар
Бүркүттүн алдында калган коёндой эле бырпырадым…
Жөтөлдөн айыгууга сонун рецепттерди сунуштайбыз. Сактап коюңуз!
Өлгөн адамдар түшкө кирсе эмне болот?
(Видео) Баткен губернатору Алимбаевди тоготпой, 70 пайыз жетекчилер кетип калышыптыр
(Видео) Лейлектеги атышуу: "Кыргыз элим, биз жардамсыз калдык..."
Президент Садыр Жапаровдун акыркы кырдаал боюнча кайрылуусу
(Видео) Баткен согушунун ардагерлери элибиз үчүн күйүп, кайрылуу жасашты
Aryba.kg - Маалымат порталы
Сайтка баа бер