Прогноз погоды в городе Бишкек
Акыркы кабарлар
» » Чыныбек Ажыбеков: “Бизге мамлекет тарабынан акыркы үлгүдөгү жабдууларды алууга каражат бөлүнбөй келет”

Чыныбек Ажыбеков: “Бизге мамлекет тарабынан акыркы үлгүдөгү жабдууларды алууга каражат бөлүнбөй келет”

16-август, 23:19
768 ᠌ ᠌ ᠌ ᠌᠌ ᠌ ᠌᠌

И.Касендеев атындагы №55 кесиптик лицейдин директору Чыныбек мырза окуу жайдын келечеги, маани-маңызы боюнча кеңири токтолду.  

-- Чыныбек Абдраевич, кесиптик лицейлер десе эле көпчүлүктүн эсине союз маалында сабактан жетишпеген, тентек балдар окуган окуу жайлар элестейт экен. Бүгүнкү кесиптик лицейлерде өзгөрүү барбы? Дегеле, мамлекет, коом алдында миссиясы кандай?

-- Туура айтасыз, эмнегедир көпчүлүк жарандардын эсинде кесиптик лицей десе эле, эскиче айтканда ПТУ, СельПТУда мектепке “батпай калган”, начар окуган балдарды топтоп алып иш алып барган окуу жайлардын образы сакталып калган. Акыйкаттык үчүн айтышыбыз керек, бирок ошол союз учурунда эле эл чарбасынын түрдүү тармактарына миллиондогон жумушчу кадрлар ушул ПТУларда даярдалып, экономиканын өсүшүнө салым кошкон тармак болгон да. Жумушчу кадрларды даярдоо эгемендүү мамлекет болгондон бери да актуалдуулугун жоготкон жок. Өзгөчө акыркы жылдары өлкөбүздүн экономикасы өрүш алып, баардык тармактарда жумушчу күчү талап кылынып жаткан учурда кесиптик лицейлердин бүтүрүүчүлөрүнө, квалификациялуу кадрларга карата зарылчылык өсүп жатат. Кайсы гана тармакты албайлы, мейли курулушпу, туризмби же тейлөө тармагыбы, квалификациялуу адистерге муктаж. Андыктан, кесиптик лицейлердин мамлекет алдында, коом алдындагы эң башкы миссиясы жана милдети эмгек рыногунун талаптарына ылайык оперативдүү түрдө квалификациялуу жумушчу кадрларды даярдап чыгаруу болуп саналат. Оперативдүү дегеним, бизде 2 жумадан тартып, 3 айда, 6 айда, 10 айда же 2 жылда кесиптердин багытына карап, кадрларды даярдоо мүмкүнчүлүгүбүз бар. Жогорку же орто кесиптик билим берүү тармактарында мындай мүмкүнчүлүк жок.

-Сиз жетектеп жаткан лицейде кайсы кесиптер боюнча адистерди даярдайсыздар? Дегеле сиздин окуу жай башкалардан эмнеси менен өзгөчөлөнөт?

-- Биздин окуу жай 1982-жылы айыл чарбасына керектүү айдоочу-механизаторлорду, агрономдорду, ветеринарларды даяроо багытында ачылган. Эгемендүүлүк алгандан тартып профтех окуу жайларына даярдоо профилдерин кеңейтип, иш алып баруу мүмкүнчүлүгү берилгенде, эмгек рыногундагы башка кесиптин түрлөрүн даярдоо иштери колго алынган эмеспи. Учурда лицейде ашпозчу-кондитер, ширетүүчү, автослесарь, МКТ адиси (IT), айдоочу, тракторист-машинист, электрик, ветеринар, токойчу-егерь, тигүүчү, тери иштетүүнүн устаты, экскурсовод-коштоп жүрүүчү сыяктуу 12 багыттагы кесиптерди даярдап келебиз. 43 жылдык тарыхыбызда 12 миңден ашуун квалификациялуу кадрлар даярдалды.

Республика боюнча 100 кесиптик окуу жайды алсак, ар биринин өзгөчө жактары бар. Бири бир багыттагы адистешкен окуу жай болсо, экинчиси даярдап жаткан кесиптеринин кеңири болушу менен айырмаланат. Биздин окуу жай башкалардан өзгөчөбүз деп деле айта албайм. Биз айыл жергесинде жайгашсак да, кесиптик багыттарыбыздын көптүгү, иш берүүчүлөрдүн санынын жыл сайын өсүп жатышы, ал аркылуу окуучулардын кесиптик көндүмдөрү менен чеберчилигин арттырууга жасап жаткан аракетибиз аркылуу кесиптик билим алууну каалагандарды өзүбүзгө тартуудабыз деп айта алам.

-Кесиптик лицейлерде кандай шарттар түзүлгөн? Сиздерге келип билим алуунун артыкчылыгы эмнеде?

-- Кесиптик лицейлер билим берүү тутумунда сакталып калган уникалдуу тармак болуп саналат. Союз маалында стипендия, бекер тамак-аш жана кийим-кече, жатакана берилип, окууну аяктаган соң иш менен камсыз болушкан. Мына ушундай социалдык колдоо экономикабыз канчалык оор учурларды башынан өткөрбөсүн, мамлекет тарабынан көпчүлүгү бүгүнкү күнгө чейин сакталып келе жатат. 9-класстын базасында бизге келгендер жакшы окушса стипендия алышат, баардык балдарга бир маал ысык тамак берилет, жатаканада акысыз жашай алышат. Мүмкүнчүлүгү чектелген, же жетим балдарга стипендиясы жана тамак-ашы жогорулатылган суммада төлөнөт. Буга чейин бизде билим алуунун мөөнөтү 3 жыл болсо, үч жылдан бери программаларга өзгөртүү киргизилип, 2 жылдык мөөнөткө өттүк. Бул өз кезегинде лицейлерде билим алуучулардын санынын өсүшүнө алып келди. Биздин окуучулар 2 жыл аралыгында окуп, жалпы орто билими тууралуу жетилүү аттестатын, бир же эки кесипке ээ болгондугу тууралуу диплом алышат. Ошондой эле эмгек китепчеси ачылып, 2 жылдык эмгек стажын жазып беребиз.  Мисалы, ширетүүчүгө, автослесарга окугандар негизги кесиби менен бирге “В, С” категорияларындагы айдоочулук күбөлүк алып чыгышат. Былтыркы жылдан тартып министрлик менен министрлер кабинети биздин бүтүрүүчүлөр үчүн дагы бир жакшы мүмкүнчүлүк ачып беришти. Мындан ары кесиптик лицейлердин бүтүрүүчүлөрү алган кесиби боюнча билимин улантууну кааласа, ЖРТсы жок эле экзамен тапшыруу аркылуу жогорку окуу жайына тапшыра алышат.

-Учурунда кесипти туура эмес тандап алгандар же таптакыр кесиби жок жарандар кантип билим алса болот?

-- Эрезеге жеткен жарандарды окутуу же кошумча кесип берүү биздин кесиптик лицейлердин дагы бир негизги багыты десем жаңылышпайм. Бул багытта биз эмгек министрлигинин алдындагы калкты иш менен камсыз кылуу борборлору менен жер-жерлерде иш алып барып, каттоодо турган жумушсуздарды бекер окутуп, мамлекеттик үлгүдөгү документ беребиз. Каалаган жаран келишимдик негизде кыска мөөнөттүү курстардан окуй алышат. Жыл сайын миңдеген жарандар, анын ичинде жогорку билимдүүлөр да бизге келип жумушчу кесиптерде билим алып жатышат. Өзүңүз билесиз, бир учурларда баарыбыз эле папка көтөрүп, юрист, экономист, дипломат же лингвист болгубуз келген заман болбоду беле? Азыр ал тенденциядан кайттык окшойт. 

Кайсы бир кесипти мыкты өздөштүрүп иштеп жаткан, бирок билими тууралуу документи жок жарандар үчүн дагы мүмкүнчүлүк ачылды. Учурда жер-жерлерде кесиптик лицейлерде көз карандысыз валидация жана сертификациялоо борборлору ачылууда. Эми кесибин тастыктатып, документ алгысы келген жарандар комиссияга экзамен тапшыруу аркылуу тийешелүү документтерди алса болот. 

-- Кесиптик лицейдин бүтүрүүчүсү жогорку билимдүүгө салыштырмалуу канча айлык алат?

-- Биздин бүтүрүүчүлөрдө кесиптик чеберчилигине жараша жакшы айлык алуу мүмкүнчүлүгү бар. Практика учурунда эле айрым окуучуларыбыз, мисалы, ширетүүчүлөр күнүнө 500 сомдон 3000 сомго чейин тапкандары болду. Ал эми ашпозчулар 1000-2000 сом таба алышат. Айлык акы жумушчунун квалификациясынын жогорулугуна, атаандаштыкка жараша көбөйө берет.

-Учурда кайсы кесиптерге суроо-талап жогору?

-- Санариптешүү, глобалдашуу доорунда айрым кесиптер жоюлуп кетти. Ошондой эле жаңы кесиптердин түрлөрү пайда болууда. Так маалыматым жок, бирок бизде акыркы жылдары курулуш, тигүү, өндүрүш, тоо-кен, тейлөө тармактарында билим алуучулардын саны өсүп жатат. Ошондой эле маалыматтык-коммуникациялык технологиялар багытына да каалоочулар көп.

-Сиз социалдык тармактарда профтех тууралуу маал-маалы менен үн катып, пикириңизди жазып келесиз. Жумушчу кадрларды даярдоо тармагына кандай көңүл бурулууда?

-- Ачыгын айтыш керек, профтех системасы союз ураган жылдардан бери татыктуу көңүл бурулбай келе жаткан тармак. Союз учурунда экономиканын локомотиви болгондуктан, жумушчу кадрларды даярдоо системасына өзгөчө көңүл бурулуп келген. Өз алдынча мамлекеттик комитет бар эле. Эгемендик жылдарында өндүрүш тармагынын талкаланышынан уламбы, же акча каражатынын жетишсиздигиненби, тармак унутта калгандай мамиледе болду. Бирде агенттик болсо, бирде эмгек министрлигинин же билим берүү министрлигинин курамында башкармалык деңгээлде сакталып турат. Билим берүү министрлиги экиге бөлүнгөндө биздин тармакты агартуу министрлигинин карамагына кошту. Бала бакчалар, мектептердин катарына башталгыч кесиптик билим берүү башкармалыгы катары кошулдук. Бул менимче, биздин тармакта жалпы орто билим берүү класстары болуп, аттестат бергендигибизден, экинчиден, орто билим берүү тармагы 12 жылдык мөөнөткө өтүүсүнөн улам болду окшойт. Эми биздин тармакка мектеп жамааттары менен бирге профилдик билим берүү, башкача айтканда, бул мектеп окуучуларын 7-класстан тартып бир же эки кесиптин ээси кылып чыгаруу вазийпасы кошулду дегендик. Учурда министрлик тарабынан профилдик билимди ишке ашыруу маселелери чечилип жатат. 

Дасыккан кадр мыкты устаттын жетекчилиги менен заманбап үлгүдөгү техникалык каражаттар жана жабдуулар аркылуу даярдала турганы айныксыз. Тилекке каршы, бизде союз учурунан калган жабдуулар колдонулат. Донор уюмдар мындан сегиз жыл мурда айрым кесиптерге жабдууларды, техникаларды камсыз кылып беришкен. Жабдууларды жети жылдык мөөнөт менен пайдалануу тууралуу дүйнөлүк стандартты эске алсак, бул жабдууларыбыз да моралдык жактан эскилиги жетти. Мамлекет тарабынан өнүгүүгө, материалдык-техникалык базаны чыңдап, акыркы үлгүдөгү жабдууларды алууга каражат бөлүнбөй келет. Учурдагы имараттарыбыз толугу менен оңдоп-түзөөгө муктаж. Чынын айтыш керек, биз эмгек рыногунун жана иш берүүчүнүн талаптарына толук жооп бербей келебиз. Өндүрүштөгү технология, техника жыл сайын эмес, күн сайын өзгөрүп, улам жаңы сериялары чыгууда. Өндүрүштүк процесстерден артта калгандыгыбыздан улам, биздин адистер заманбап үйрөнүүгө жетишпей, иш берүүчүлөрдөн сапаттуу кадр даярдоо багытында кемчиликтерибизди көрсөткөн, нааразы болгон пикирлерин угуп калуудабыз. Экинчи чоң маселе – бул жумушчу кадрларды окута турган окутуучулардын жана устат мугалимдердин жетишсиздиги. Жаңы министрликтин ачылышы менен бул багытка да олуттуу көңүл бурулат деген ишеничтемин. Бирок, “мамлекет тарабынан жардам жок” деп кол куушуруп отуруп алган жокпуз. Билим берүү тууралуу жаңы мыйзамда дуалдык системанын элементтерин колдонуу менен өндүрүштө жумушчу орундарда окутуу түшүнүгү киргизилген. Буга ылайык лицей жетекчилигине ишкана-мекемелер менен келишим түзүп, алардын базасын пайдалануу аркылуу талаптарына жооп бергидей кадрларды биргелешип даярдоо милдети коюлган. Бул багытта да алгачкы, жаман эмес аракеттер жасалууда. Мындан тышкары, кесиптик лицейлерге киреше табуучу иштерди аткарууга уруксат берилген. Өздүк чарбаларды, лицейдик өндүрүш участкаларын уюштуруу аркылуу кошумча каражат тапсак болот. Өзүбүздүн кадрларды бүт дүйнөгө таркатып жиберип, кайра сырттан жумушчу күчтөрдү ташып келип жаткан тенденцияны да токтотушубуз абзел.   


"Азия Ньюс" гезити

Бөлүшүү:
Тектеш материалдар:
Эң көп окулгандар
Бүркүттүн алдында калган коёндой эле бырпырадым…
Жөтөлдөн айыгууга сонун рецепттерди сунуштайбыз. Сактап коюңуз!
Өлгөн адамдар түшкө кирсе эмне болот?
(Видео) Баткен губернатору Алимбаевди тоготпой, 70 пайыз жетекчилер кетип калышыптыр
(Видео) Лейлектеги атышуу: "Кыргыз элим, биз жардамсыз калдык..."
Президент Садыр Жапаровдун акыркы кырдаал боюнча кайрылуусу
(Видео) Баткен согушунун ардагерлери элибиз үчүн күйүп, кайрылуу жасашты
Aryba.kg - Маалымат порталы
Сайтка баа бер