Прогноз погоды в городе Бишкек
Акыркы кабарлар
» » Адил Турдукулов, саясат талдоочу: “Сооронкулованы үй камагына чыгарды эле, төңкөрүш жасап жибердиби?”

Адил Турдукулов, саясат талдоочу: “Сооронкулованы үй камагына чыгарды эле, төңкөрүш жасап жибердиби?”

20-январь, 21:04
2 466 ᠌ ᠌ ᠌ ᠌᠌ ᠌ ᠌᠌

-- Кышкы туризмге өкмөт тарабынан көңүл бөлүнүп, жок дегенде жарнама жасоо менен жаңы идеялардын үстүндө иштешсе болот беле? 

-- Бийлик “инвестор келсин” деп кечке айтып жатпайбы. Ошол эле туристтер да инвесторлор. Алар мамлекет менен таанышкандан кийин, ири долбоорлорго да белсенип, ишке ашырганга аракет кылышы мүмкүн. Ошондуктан жарнамадан мурун инвестор, туристтердин келишине шарттарды оңдош керек. Ал туруктуу, жөнөкөй, түшүнүктүү тил менен жазылган мыйзам болушу кажет. Анан ишеним арткан укук коргоо органдары адилеттүү иштеп, англис тилин тийиштүү деңгээлде билген тейлөө тармактар калыптанышы зарыл. Булар ишке ашпаса, башка аракеттерден майнап чыкпайт...

-- Ооба, негизи Ысык-Көлгө, тоолорубузга суктанган чет элдиктер көп, бирок аларга татыктуу тейлөөнү, заманбап шарттарды түзө албай келебиз. Мындай кемчонтойлук дагы канчага чейин уланат болду экен?

-- Буга объективдүү себептер бар, анткени биздин мамлекет океандан, чоң дарыялардан алыс жайгашкан. Сезон дагы болгону эки ай, ашып кетсе. Ички туризм да өнүкпөй, керек болсо көп мекендештерибиз Ысык-Көлдү, Соң-Көлдү да көрүшкөн эмес. Кээ бирөөлөр “туризм министрлигин түзүп койсо эле бул тармак өнүгүп кетет” деген ой айтышат. Аныгында, бул жалпы мамлекеттин коопсуздугу, таза туалеттер, арзан жана сапаттуу тейлөө менен байланыштуу да. Ошондо гана туризм өнүгүшү мүмкүн.

-- Убакыт өткөн сайын бийлик маалыматтык күрөштөн уттура баштадыбы? Коомдо көйгөйлөр көбөйүп, соцтармакта талкуулар жанданып, протесттик электораттын нааразычылыгы арбый баштады...

-- Бийлик репрессиялык аппаратка ээ. Монополист. Бирок аны чек жана мыйзамдын негизинде колдонушу керек. Тандалма куугунтук болбошу шарт. Антпесе элдин бийликке болгон ишеними кетет. Арты чоң толкуундоолор менен бүтүшү мүмкүн. Ага биз көп жолу күбө болдук. Азыркы саясый талааны тазалоо да бийликке абийир алып келбейт. Элдин нааразычылыгын күчөтөт. 

-- Быйылкы жазга карай саясый кырдаалды кандайча божомолдойбуз? Жакырчылык, жумушсуздук күч алууда, дагы кандай көйгөйлөр козголушу мүмкүн?

-- Бизде бир нерсеге божомол жасоо кыйын. Эл айрым убакта чыдабай турган жерден сабыр кылып, кээде бир майда шылтоодон улам жарылып кетиши мүмкүн. Бирок социалдык чыңалуу байкалып турат. Мени тынчсыздантып жатканы – бийликтин өзүнө таандык эмес тармакка киришип кеткендиги. Мисалы, соцфондго тийешелүү төлөмдөрдү президенттин иш башкармалыгы өзүнө алып алды, базардагы ижара маселеси башкарууга өткөнү менен ишкерлерди ар кайсы төлөмдөргө мажбурлап жаткан сыяктуу. Бул нерселер эч кандай мыйзамда жазылган эмес. Бейформал башкаруу болсо, акыры башаламандыкка алып келет. Оюндун эрежеси так болушу керек. Антпесе бул дагы бейстабилдүүлүктүн булагына айланышы ыктымал. 

-- Абактагы бир топ саясатчы, активисттердин укуктары боюнча талкуулар жаралып, сын-пикирлер айтылууда. Жалпысынан алганда, маселени чечүүнүн туура жолу кандай, чечмелеп көрбөйлүбү?

-- Саясый негизде камалгандарды оор кылмышкер катары абакта кармоо туура эмес. Үй камагына чыгарып койсо деле болот. Рита Карасартова, Клара Сооронкулова үй камагына чыгышты эле, эмне төңкөрүш жасап жибериштиби? Бийлик өзү мээримдүү, кечиримдүү болсо, элдин колдоосуна арзыйт. Булар эң жөнөкөй нерселерди түшүнбөй коюшту го...


Асланбек Сартбаев 
"Азия Ньюс" гезити
Бөлүшүү:
Тектеш материалдар:
Эң көп окулгандар
Бүркүттүн алдында калган коёндой эле бырпырадым…
Жөтөлдөн айыгууга сонун рецепттерди сунуштайбыз. Сактап коюңуз!
Өлгөн адамдар түшкө кирсе эмне болот?
(Видео) Баткен губернатору Алимбаевди тоготпой, 70 пайыз жетекчилер кетип калышыптыр
(Видео) Лейлектеги атышуу: "Кыргыз элим, биз жардамсыз калдык..."
Президент Садыр Жапаровдун акыркы кырдаал боюнча кайрылуусу
(Видео) Баткен согушунун ардагерлери элибиз үчүн күйүп, кайрылуу жасашты
Aryba.kg - Маалымат порталы
Сайтка баа бер