Прогноз погоды в городе Бишкек
Акыркы кабарлар
» » Эмил Жороев: «Бул парламент «ляппай» деп тизеге турбайт»

Эмил Жороев: «Бул парламент «ляппай» деп тизеге турбайт»

27-ноябрь, 23:02
1 452 ᠌ ᠌ ᠌ ᠌᠌ ᠌ ᠌᠌

-- Парламенттик шайлоого саналуу күндөр калды, парламенттин курамы кандай болот? 

-- Менимче, азырынча бул так, даана көрүнө элек, албетте аутсайдерлер деп коёбузбу, арасында андайлар бар, өзгөчө партиялык тизмелерди карай турган болсок, 21 партиянын жарымынын шансы жок, көрүнүшү деле анча эмес. Бирок калгандарынын ичинде эбегейсиз чоң күрөш жүрүп жатат. Кыргызстандагы шайлоолордун акыркы күндөрү чечүүчү мааниге ээ. Муну талапкерлер дагы, шайлоочулар дагы билет. Андыктан ушул жума артта калган үч жумага тете десек болот. «Шайлоо таза өтөбү? Жыйынтыктары талашсыз болобу?» деген чоң маселе жараларын БШК, бийлик, анын ичинде талапкерлер дагы жакшы түшүнүп турат. Бул азырынча күн тартибиндеги суроо. Бардык катышуучулар тарабынан маалымдоо кампаниялары алдын ала жүргүзүлүшү маанилүү. Азыркы шайлоонун эрежелери, мыйзам, ким кандай учурда жеңишке жетерин так түшүнүп, аны моюнга алуу менен шайлоо күнүнө баруусу зарыл. 

Тилекке каршы, бизде шайлоонун жыйынтыгы жакпай калган учурда мыйзамды укпаган, окубаган адам сыяктуу, «мыйзам туура эмес экен, мындай болбойт, мен жеңилбешим керек болчу» дегендер четтен чыгат. Шайлоодо жеңген жана жеңилген тарап жыйынтыгын үнсүз моюнга алган, табигый түрдө кабыл алган келишим болгону туура. Менимче, ушундай эрежени акыркы күндөрү ар бирине жеткире айтуу өтө зарыл. Эгер таза шайлоо болсо, акыркы күндөрү акча таратуу орун албаса, тартип катуу орнотулса, бардыгына бирдей мүмкүнчүлүк берилсе, кайсы бир деңгээлде кимдин депутат болору белгилүү болуп калды десек болот. Айрыкча бир мандаттуу округдагы фавориттердин алдыга чыкканы байкалууда. Партиялар арасындагы көрүнүш башкачараак. Себеби, айрым партиялар анчалык белгилүү болбогону менен арасында салмактуу, маанилүү саясатчылар баратат. Мындан улам, талапкерлердин же партиянын жетегинде парламентке буга чейин болуп көрбөгөндөй көбүрөөк партия беш пайыздык чектен өтүшү толук ыктымал. 

-- Азыркы Жогорку Кеңештин ыйгарым укуктары чектелүү делгени менен «келе турган парламент өтө күчтүү болушу мүмкүн» деген пикирлер дагы жок эмес...

-- Эгерде мыйзамга гана таянып иш алып барышса, алардын ыйгарым укуктарын карай турган болсок, чынында парламент алсыздандырылды. Бул көрүнүп турган факт. Конституциядан баштап парламенттин буга чейин аткарып келген иштерине салыштырмалуу же өкмөт жөнүндө мыйзамды карасак парламенттин ролу азайтылган. Бирок, парламент эбегейсиз мааниге ээ болгон өтө чоң саясый институт. Бул Кыргызстанда эле эмес, жаңы доордогу мамлекеттердин бардыгында ушундай. Мандат алып келе турган талапкерлердин дымагына, жөндөмүнө, өз ара иштешүү артыкчылыктарына жараша жазылган, чектелген күчүнө караганда алда канча чоң салмакка ээ болуп калуусу толук мүмкүн. Бирок мурдагыдан кыйыныраак болот. Биз байкап жаткан бир канча партиялардан же бир мандаттуу окургудан болобу, келе жаткан күчтүү саясатчылар үстөмдүк кылган Жогорку Кеңеш шайланса, жаңы мыйзамда көрсөткөндөй алы жок, сөзү жок, «ляппай» деп туруп берчү парламент болуусу өтө кыйын. Албетте, бул түздөн-түз депутат болуп келгендердин сабаттуулугунан, саясый эркинен, шыгынан, өз ара кызматташуу мүмкүнчүлүгүн колдоно билгенинен көз каранды. Буга чейин да парламенттин жигердүү иштешине тоскоол болгон нерсе – депутаттардын иштеше билбегендиги болчу. Кандай гана маселе болбосун депутаттар тарап кетишет, чаржайыт кетишчү, же принципиалдуу бир пикирди кармануу зарыл болгон кезде эффективдүү иштегенге далалат кылбай коюшчу. 


Анархан Алтымышова 

"Азия Ньюс" гезити

Бөлүшүү:
Тектеш материалдар:
Эң көп окулгандар
Жөтөлдөн айыгууга сонун рецепттерди сунуштайбыз. Сактап коюңуз!
Бүркүттүн алдында калган коёндой эле бырпырадым…
(Видео) Баткен согушунун ардагерлери элибиз үчүн күйүп, кайрылуу жасашты
(Видео) Лейлектеги атышуу: "Кыргыз элим, биз жардамсыз калдык..."
(Видео) Баткен губернатору Алимбаевди тоготпой, 70 пайыз жетекчилер кетип калышыптыр
Президент Садыр Жапаровдун акыркы кырдаал боюнча кайрылуусу
(Видео) Кыргыз айылын талкалап жаткан тажиктерди токтотууга болобу?
Aryba.kg - Маалымат порталы
Сайтка баа бер