Прогноз погоды в городе Бишкек
Акыркы кабарлар
» » Атамбаев парламенттик шайлоого катышууну ойлонуп жатканын айтты

Атамбаев парламенттик шайлоого катышууну ойлонуп жатканын айтты

27-сентябрь, 17:06
1 157 ᠌ ᠌ ᠌ ᠌᠌ ᠌ ᠌᠌

Абакта жаткан мурдагы президент Алмазбек Атамбаев парламенттик шайлоого катышууну ойлонуп жатат. Бул тууралуу ал Бишкектеги Биринчи Май райондук сотунда өткөн Кой-Таш окуясы боюнча сот процессинен кийин Азаттыктын кабарчысынын суроосуна жооп берип жатып билдирди.

Мага мандаттын кереги жок. Бирок тизменин башына туруп бериңиз деп суранып жатышат. Бул тууралуу ойлонуп жатам. Катышсам дагы символикалуу түрдө гана катышам деди Атамбаев.

Алмазбек Атамбаев 2019-жылы мыйзамдагы ууру Азиз Батукаевди түрмөдөн бошотуу иши боюнча камакка алынган. 2020-жылы июнда бул иш боюнча 11 жылга соттолгон. Жогорку сот Алмазбек Атамбаевге карата соттун айыптоо өкүмүн 2020-жылдагы октябрь окуяларынан кийин жокко чыгарып, кайра кароого жиберген.

Борбордук шайлоо комиссиясынын мүчөсү Абдыжапар БекматовАтамбаевдин парламенттик шайлоого катышуу укугу тууралуу мындай деди: “Алмазбек Атамбаевдин кылмыш иши тууралуу маалыматым жок. Мыйзамда соттун айыптоо өкүмү күчүндөгү адам шайлоого катыша албайт.

Алмазбек Атамбаевге Батукаев ишинен тышкары дагы бир канча кылмыш иштери козголгон. Алар Калыс-Ордо жаңы конушуна мектеп салуудагы коррупция, Кой-Таш окуясы, Бишкек ЖЭБин модернизациялоодогу коррупция жана Кой-Таш айылындагы жер тилкелерин мыйзамсыз алуу боюнча иштер. Акыркы үч кылмыш иши “Кой-Таш окуясы” деген бир кылмыш ишине бириктирилген.
Бөлүшүү:
Тектеш материалдар:
Эң көп окулгандар
Жөтөлдөн айыгууга сонун рецепттерди сунуштайбыз. Сактап коюңуз!
Бүркүттүн алдында калган коёндой эле бырпырадым…
(Видео) Баткен согушунун ардагерлери элибиз үчүн күйүп, кайрылуу жасашты
(Видео) Лейлектеги атышуу: "Кыргыз элим, биз жардамсыз калдык..."
(Видео) Баткен губернатору Алимбаевди тоготпой, 70 пайыз жетекчилер кетип калышыптыр
Президент Садыр Жапаровдун акыркы кырдаал боюнча кайрылуусу
(Видео) Кыргыз айылын талкалап жаткан тажиктерди токтотууга болобу?
Aryba.kg - Маалымат порталы
Сайтка баа бер