Эки доско болгон ишеним кредити бөксөрбөй, эл дагы деле муюп турат...
Жогорку Кеңештин комитетинин жыйыны Кемпир-Абад суу сактагычы боюнча Кыргызстан–Өзбекстан ортосунда түзүлгөн протокол менен таанышуу талабы бийлик тарабынан канааттандырылбай купуя калышы коомдо чоң талкуу, карама-каршылыктарды жаратты. Комитеттин төрагасы Чыңгыз Айдарбековго чабуул жасалып, дипломатиялык чининен ажыратылып, комитет төрагалыгы кызматынан куулуп, жаңысы шайланып, төрт-беши каршы болуп отуруп, акыры маселе комитеттен да жактырылды. Эксперттер “бүттү, Кемпир-Абад чечилди, өзбекке кетти” деп жар салганга да үлгүрүштү. “Жок, али чечиле элек” дегендер да жүрөт.
Оппозициялык маанайдагы саятсатчылар ыкчам активдешип, жер-жерлердеги нааразычылык акцияларын бир нукка буруп, жалпы республикалык, массалык митингдерди уюштуруу аракетин көрө баштады. Стабилдүүлүк бузуларынан чочулаган бийлик алдын алуу чараларын көрүп, “тополоң кылганы жатышат, бийликти күч колдонуп басып алгылары бар” таризинде айыптап, 20дан ашык саясатчы, журналист, активисттерди камакка алышты.
Бийлик башындагылар Өзбекстан менен чек ара тактоо, жер алмашуулар боюнча “баарын туура эле кылып атабыз, уттурган жерибиз жок, маселеге чекит коюшубуз керек. Ажылдактарга чыр гана керек, Кемпир-Абад болбосо башка маселени бетке кармап чыгышмак” дегендей өтө ишенимдүү позицияны карманышып, камакка алууларды дагы деле улантышууда.
Коомчулукта бул окуяны 2010-жылдын 6-апрелиндеги Курманбек Бакиевдин ошол кездеги оппозиция лидерлерин массалык камакка алуулары менен салыштыргандар да болбой койгон жок. Бирок, бу сапар ал кездеги 7-апрелдегидей бийликке каршы эл көтөрүлүп, азыркы оппозицияны колдоп чыккан жок. 26-октябрга Бишкектин борборунда камалгандарды колдоо үчүн чакырылган митингге 10 чакты гана адам келип, оппозиция коомчулуктан колдоо таппай, эми 7-ноябрды мерчемдеп жатышат.
Ошентип, камалган оппозицияны колдогон деле эч ким жок экени ачыкталган соң, “коркконго кош көрүнөт” болуп, “бийликтен куулабыз” деген эки достун жүрөгү түшүп, ушуга барганбы?” дегендер да четтен чыгып, ыксыз камалгандарга боор тарткандар арбыгандай. “Жер үчүн ар дайым түрүлүп чыга турган элибизге эмне болгон? Же “биздин колдон эмне келмек эле?” деп төңкөрүштөн жолу болбогон кыргыздар келечегинен түңүлгөнбү, эми бизге жердин кереги жокпу?” деген суроо ашканаларда талкууланып, көптөрдүн тилинин учунда турат. Жалпы коомчулук саясый агымдан алда канча артта калып, бийликти, же оппозицияны колдоорун али чече албай жаткандай.
ЖК комитети алалбай аткан маалыматты көрбөгөн, билбеген эл кимисиники чын, кайсынысы төгүн экенин биле албаса, анан кантип “аныкы туура, мунуку туура” дей алат? Карапайым эл тургай, депутат, эксперт, аналитик, журналисттер эмне деп чечим кабыл аларын билишпей баштары маң болуп турса кантесиң?
Экинчиден, оппозицияга болгон ишеним да өтө төмөн. “Кемпир-Абад болбосо, күн тартибиндеги дагы бир “орчундуу” маселеге таянып, бийликтин абийирин төгүп, аброюн кетирип, төңкөрүү аракеттерин баары бир улантышмак” деген билермандардын тыянагы чындыкка жакын болуп, башка версияларга үстөмдүк кылып турганын да танып болбойт. Айтор, кайра-кайра бийликти төңкөрүп, ийгилик көрбөй, тажап, ишеними өлгөн коом не кыларын билбей дендароо болуп тургандай.
Үчүнчүдөн, бул кырдаал кандай болгон күндө да Садыр Жапаров менен Камчыбек Ташиевдин эки жыл ичиндеги эл үчүн жасаган аракеттери туура бааланып, эки доско болгон ишеним кредити али да жеткиликтүү бөксөрбөгөнүнүн, дагы деле эл муюп турганынын далили десек да болчудай.
Ошентип, Кемпир-Абад маселеси жалпы коомчулуктун көңүлүн бурбастан, бийликтин жана анын колдоочуларын көрсөтүп, айыгышкан оппозициячыл топтордун акыйнегине гана айланып, калың журт оозун ачкан бойдон ой токтотуп, бир пикирге келе элек кез.
Кемпир-Абаддын Өзбекстанга өтүшүнүн туура же туура эмес экендигин бүгүн баалай албаган элибиз эртели-кеч эсин жыйып, баасын берет. Ошондо аны коңшуларга өткөрүп бергендер тарыхта Үзөңгү-Кууш менен Каркыраны “саткан” сымал наалатка калбайт деп ким айта алат? Менимче, бул маселени кийинкиге калтыра турууну сунуштагандарды колдогон жөн. Ал эми референдум жолу менен чечүү болбогон кеп. “Көп суур ийин казбайт” демекчи, бул сүрмө топтун иши эмес, акыл калчап иш кылчу кесипкөйлөргө таандык маселе. Кандай болгон күндө да “камап, кууп басабыз, сындырып, баш көтөргүс кылып салабыз” деген дымак менен куугунтуктоолорду улантуу опурталдуу. Жакшылыкка алып барбайт. “Кырдаал ушул бойдон сакталып калат” деген кепилдик да жок. Бүгүнкү камоолор, куугунтуктар өз кесепетин тийгизип, таразанын ташы тетири ообойт деп ким айта алат?
Андыктан айыгышууну күчөтпөй, камактагы кемпир-кесекти, Айданбек Акматов, Семетей Талас уулу сыяктуу чынчыл, таза эксперттерди, журналисттерди бошотуп, коомду бөлбөй, элди жараштырууга, биримдикти сактоого багытталган аракеттерди көрүү керек. Нагыз элдик бийликтин табияты ошондой!Сабыр Муканбетов, саясат талдоочу