Прогноз погоды в городе Бишкек
Акыркы кабарлар
» » Айбек Мырза: “Алтын мафиясын жеңүү учуру келди”

Айбек Мырза: “Алтын мафиясын жеңүү учуру келди”

03-июль, 12:16
1 357 ᠌ ᠌ ᠌ ᠌᠌ ᠌ ᠌᠌

Жерүй алтын кениндеги ар кыл маселелерди иликтөө боюнча түзүлгөн элдик комиссиянын төрагасы менен маек.

-- «Эл бийлиги – элге, эл байлыгы – элге» деген идеяны көтөрүп жүргөнүңүзгө эмне түрткү болду? 

-- Кыргыз Республикасынын Конституциясында “бийликтин да, байлыктында ээси кыргыз эли” деп кашкайып жазылып турат. Тилекке каршы, көз карандысыз мамлекет болгондон баштап, кыргыз эли өзүнүн бийлигине да, байлыгына да ээ болбой келет. Элдин бийлигин президенттер узурпациялап келишсе, элдин байлыгын чет мамлекеттик компаниялар итбекер ташып кетип жатат. Биздин максат ошол Конституцияда жазылгандай элдин бийлигин – элге, элдин байлыгын – элге кайтаруу. 

-- Жерүй алтын кениндеги маселени туруктуу көтөрүп келесиз. Бул жакта абал кандай?

-- Жерүй алтын кени 2015-жылы А.Атамбаев президент, Д.Зилалиев геологияны изилдөө агенттигинин жетекчиси, Б.Табалдиев УКМКнын төрагасы болуп турганда Кыргыз мамлекетине 1% үлүшү жок шартта, россиялык олигарх Муса Бажаевдин «Востокгеолдобыча» компаниясына конкурстук комиссиянын чечими менен берилип кеткен. Бул – кылымдын аферасы болгон. Бул катаны азыркы бийлик оңдоп, кыргыз элинин пайдасына чечүүгө милдеттүү.

-- “Альянс Алтын” ЖЧК “биз Жерүйгө 1 млрд. доллар каражат жумшадык” деп айтып келүүдө?..

-- Бул карандай калп. КР өкмөтүнүн 2015-жылдын 16-февралындагы №41 буйругу менен бекитилген конкурстун шартынын 15-пунктунда көрсөтүлгөн талапты "Альянс Алтын" ЖЧК бурмалап, коомчулукка туура эмес жеткирип жатат. Конкурстун шартында "мурунку лицензиат менен соттук иштерде КР кызыкчылыгын коргоо, соттун чечими болсо" деп көрсөтүлгөн. Ал эми мурунку лицензиат болсо "Жерүй Алтын" ЖАК болгон. Анын 60%ы "VISOR" инвестициялык тобуна, ал эми 40%ы "Кыргызалтын" ААКна таандык болгон. "Кыргызалтын" ААК өзүнүн 40% таламын талашкан-талашпаганы белгисиз. КР Жогорку сотунун “Кыргыз өкмөтү "Жерүй Алтын" ЖАК лицензиясын жокко чыгарган” деген чечими бар. Эгерде лицензия жокко чыкса, биз эмне үчүн 580 млн. доллар  "VISOR" инвестициялык тобуна төлөп беришибиз керек? Курулган ишкананын баасы 300 миллиондон ашып жатса, курулбаган ишканага эмне үчүн 580 млн. төлөп беришибиз керек? "VISOR" инвестициялык тобунун Жерүйгө кеткен чыгымына аудит жүргүзүлгөн эмес! Афера ушундай схема аркылуу жүргөн. Конкурстун шарты боюнча соттун чечим болуш керек эле. Бизге келген соттук өкүлчүлүк борбордун катына таянсак, соттун чечими жок! Анан эмне үчүн "Альянс Алтын" "VISOR"го  580 млн. доллар төлөп бериш керек?! 2016-жылдын 4-июлунда Жерүй боюнча коомдук угуунун протоколунан: "Альянс Алтын" ЖЧКнын директорунун милдетин аткаруучу С.Н.Рахматов айтып жатат: "VISOR"  компаниясы КР өкмөтүнө 580 млн. доллар койгон доо арызын жөнгө салууну өзүнө алган деп. Конкурстун шартында жөнгө салуунун ордуна "VISOR"ду  эл аралык соттор КР кызыкчылыгын коргоп, утуш керек болчу. Анткени "VISOR"  КР өкмөтүнө Жогорку соттон утулуп калган. Анан кайдагы 580 млн. доллар? КР башкы прокуратурасы укуктук баа бериш керек. Мамлекеттик жана өкмөттүк комиссиялар түзүлүп, ушул жагдайлар терең изилдениш керек!

-- Жерүй боюнча конкурстук комиссияга кимдер кол коюшкан?

-- 5 млрд. доллар алтындын кору бар Жерүй алтын кени Кыргыз өкмөтүнө 0% үлүш берген россиялык ОАО "Востокгоелдобыча" (кожоюну россиялык олигарх Муса Бажаев) ишканасы конкурсту утуп, ал эми Кыргыз өкмөтүнө 50% берген кыргызстандык ишканабыз "Кыргызалтын" ААК утулуп калган. Конкурс, тендерлерде атамекендик ишканаларга артыкчылык берилиш керек деп эсептейм. Бул кыргыз элинин кызыкчылыгына каршы келген, коррупциянын элементтери бар конкурс. Бул кенди өзүбүз иштетсек толук болмок. Протоколго тоо-кен комитеттинин төрагасы Дүйшөнбек Зилалиев, ЖК депутаттары Галина Скрипкина, Кенжебек  Бокоев, Райкан Төлөгөнов, И.Гусаров, ж.б. министрликтердин өкүлдөрү кол коюшкан. Таластын губернатору менен Талас районунун акиминин колу жок! Кол койгон адамдар бул чыккынчылыктары үчүн жооп бериши керек! 

-- “Альянс Алтын” азыркы убакка чейин түзүлгөн фонддорго жалпысына канча акча которду жана ал акчалар кандай сарпталып жатат? 

-- 1. Талас облусуна ("Талас облустук өнүктүрүү фонду") – 170 млн. сом

2. Талас районуна ("Талас райондук өнүктүрүү фонду") – 170 млн. сом

3.  "Бекмолдо" айыл өкмөтүнө – 170 млн. сом

4. "Бакубат Талас" фондусуна – 450 млн. сом

Жалпы 960 млн. сом. – 1 млрд. сомго жакын акча каражаты кайда кетти, кантип сарпталып жатат (?) бул чоң суроо. Канча ишкана ачылды? Канча жумушчу орун түзүлдү? Эл отчетун алып, акчалар кандай сарпталды тыкыр иликтеш керек.   Менин жеке пикиримде, мындай чоң суммадагы акчаларды пайда алып келбеген тармакка жумшабай, пайда алып келе турган, элди жумуш менен камсыз кыла турган ишканаларды ачуу керек. Ал ишкана пайда алып келгенден кийин, ошол пайданы социалдык долбоорлорго жумшоо туура болмок. Бөлүнгөн акчаны жөн гана пайда алып келбеген тармакка коротуу жеңил иш.

-- Жерүй элдик комиссиясы иштин жүрүшүндө кандай күмөндүү жагдайларды аныктады?

-- Жерүй  алтын кениндеги ар кыл маселелерди иликтөө боюнча түзүлгөн элдик комиссиянын дарегине Жерүй алтын кенинде мурда иштеп кеткен жергиликтүү тургундардан арыздар келип түштү. Арызда Жерүй алтын кениндеги калдык сактоочу жайдын курулуш учурундагы эреже-талаптарга жооп бербей турган күмөндүү жагдайлар жана эмгек келишиминдеги маселелер жазылган. “Альянс Алтын” ЖЧКнын Жерүй элдик комиссияны Жерүйгө киргизбегендигинин себеби, мыйзам бузууларды жашыруу аракети болушу мүмкүн. Мындан тышкары, КР өкмөтүнүн 2015-жылдын 16-февралындагы №41 буйругу менен бекитилген конкурстун шартынын 3-пунктунда көрсөтүлгөндөй, катышуучуга негизги талаптын бири “конкурстун катышуучусунун алтын кенин иштетүүгө жана чалгындоого 5 жылдык тажрыйбасы болуш керек” болчу. Ал эми конкурстун жеңүүчүсү россиялык "Востокгеолдобыча" компаниясынын “алтын өндүрүүгө 5 жылдык тажрыйбасы бар” деген документти биз ала албай койдук. Бул – конкурстун шартын одоно бузуу дегендик. Конкурстук комиссиянын чечимин жокко чыгарууга да негиз болуп берет. Мүмкүн тажрыйбасы жоктугунан "Альянс Алтын" ишканасы канча жылдын бери лицензиялык келишимде көрсөтүлгөн мөөнөттө ишти бүтүрө албай, Кыргыз мамлекетине штрафтарды төлөп келет.

"Востокгеолдобыча" компаниясынын алтын өндүрүүдө тажрыйбасы жок" деп конкурс жүрүп жаткан учурда тоо-кен ассоциациясынын жетекчиси Орозбек Дүйшеев да айткан экен. Кыргыз өкмөтүнүн "VISOR" компаниясына 580 млн. доллар төлөп берсин” деген соттун чечими жок дегендигин аныктадык.

КР башкы прокуратурасы укуктук баа бериши керек. Мамлекеттик жана өкмөттүк комиссиялар түзүлүп ушул жагдайлар терең изилдениш керек! 

-- Көптөн бери Жерүй көйгөйүн козгоп, “Альянс Алтын” ишканасын жарга такап келатасың. Талаптар ишке ашчудайбы?

-- Кудай буюрса, ишке ашат деп ишенем. Эл түшүнүп калды. Азыр өкмөттө ведомстволор аралык комиссия түзүлүү алдында турат. Элдик комиссия тарабынан да күмөндүү жагдайлар аныкталды. Жерүй маселеси кыргыз элинин пайдасына чечилип, Кыргыз мамлекети 51%дан кем эмес үлүш алмайынча эл тынчыбайт жана чыңалууларды гана жарата берет. Муну инвесторлор да түшүнүш керек. Президент да коопсуздук кеңешинде тоо-кен тармагындагы коррупцияга басым жасаган. Тилекке каршы, өкмөт президенттин аракетине саботаж кылып, ишти кечеңдетип жатат. Ал эми өкмөттүн Талас облусундагы өкүлү М.Мураталиев элдик комиссиянын ишине бут тосууларды, бөлүп-жаруу саясатын жүргүзүп келет.

-- “Альянс Алтындын” кожоюндары менен жолугушууга мүмкүнчүлүк барбы? Же алар качып атышабы?

-- Жолугушуу өкмөттүн деңгээлинде болуш керек. Бул маселе тереңдеп кете электе Муса Бажаев Кыргызстанга келип, сүйлөшүүлөр жолу менен чечилиши абзел. “Альянс Алтын” ЖЧКнын Кыргызстандагы жетекчилиги кош стандарт саясат жүргүзүп жатат. 20-майда Кыргыз Республикасынын өнөр жай, энергетика жана жер казынасын пайдалануу мамлекеттик комитетинин төрагасы Э.К.Осмонбетовго кат жолдогонбуз. Катта 9-июнда элдик комиссияны Жерүй алтын кенине кирип, керектүү маалыматтарды алууга шарт түзүп берүү айтылган. Комитет өз кезегинде 2-июнда "Альянс Алтын" ЖЧКга бизге шарт түзүп берүү өтүнүчү менен кайрылган. "Альянс Алтын" ЖЧК 8-июнда (Таласта коронавирус чыга элек болчу) комитетти тоготпой, өзгөчө кырдаалга, коронавируска шылтап бизге макулдук бербей койгон. Ал эми иш жүзүндө эки жүздүлөнүп, кош стандарттуу саясатын жүргүзүп, губернатор шыкактаган, Серик Жолдасов жетектеген комиссияны 12-июнда (Таласта коронавирус чыгып калган) Жерүй алтын кенине киргизишкен. Мындай бузукулук иштеринен кийин бизди Жерүй алтын кенине кергизбөө максатын "Альянс Алтын" ЖЧКнын мыйзамсыз иштерин жашыруу аракети деп баалайбыз. Эгерде келечекте Жерүйдө экологиялык катастрофа болсо, жоопкерчилик Кыргыз өкмөтүнүн, жергиликтүү бийликтин жана "Альянс Алтын" ЖЧКнын мойнунда деп эсептейбиз. 

-- Жергиликтүү бийлик менен кайым айтышып келесиң, келише албаган эмне маселе бар?

-- 2020-жылдын 5-февралында Таласта өткөн Жерүй боюнча элдик жыйында элдик комиссияны уюштуруу жоопкерчилиги мага (Айбек Бузурманкулов) жана Бакыт Сейталиев мырзага жүктөлгөн. Аны Таластын губернатору М.Мураталиев өзү бир нече жолу тастыктаган. Иш жүзүнө келгенде элдик комиссиянын түзүлүшүнө тоскоолдуктар болуп, экиге бөлүү аракети жүрдү. Ал аракетин ишке ашырышты. Губернатор М.Мураталиевдин сөзү башка, иши теңирден тескери болду. Элдик комиссия 20-февралда биринчи отурумун тоскоолдуктарга карабай ийгиликтүү өткөргөн. Андан кийин губернатор шыкактаган, Серик Жолдасов жетектеген комиссия пайда боло калды. Ал комиссияны Жерүй алтын кенине киргизгенге да үлгүрүштү. Мындан тышкары, өзү Талас ТВдан эки жолу мага карата бир тараптуу каралоо ишин жүргүздү. Мындый аракеттер менен Марат Мураталиев “президент С.Жээнбековдун коррупцияга каршы күрөшүн жокко чыгарып жатат” деп түшүнсөк болот. Ал киши өзүн Таластын ханы сезип алгандай туюлат. Эгерде М.Мураталиев Таластын бийлигин узурпациялап, өзүнүн ыйгарым укуктарынан аша чапса, мыйзам алдында жооп берчү күн да келет.

-- Жерүй элге иштесе, жок дегенде өндүрүлгөн алтындын 50 пайызы мамлекетке калса жакшы болмок. А эмне үчүн мындай келишим ишке ашкан эмес?

-- Туура айтасыз. 5 млрд. долларлык Жерүй алтын кенинде Кыргыз мамлекетинин үлүшүнүн жок болушун чыккынчылык, коррупция деп бааласак болот. Биринчиден, бул саясый-коррупциялык чечим болгон деп эсептейм. Анткени интернетте УКМКнын мурдагы төрагасы Б.Табалдиевдин президенттин тапшырмасы менен Муса Бажаевге телефон чалып жаткандыгы, 50% үлүш берген “Кыргызалтын” ААКнун утулуп калышы, мамлекеттик комиссия түзүлүп, адилеттүү иликтенсе көп жагдайлар чыгат. Экинчиден, уткан компания мурунку кожоюндардын бири "VISOR" компаниясына 580 млн. төлөп берет баш айлантышкан. Кыргыз өкмөтү эч кандай "VISOR" компаниясына карыз болгон эмес. Тескерисинче, Кыргыз өкмөтү Жогорку соттон "VISOR" компаниясын утуп алган.

-- Биздеги кен байлыктар чатагы бүтпөй жатса, мындай шартта башка инвесторлор Кыргызстанга келүүдөн качып атышат. Ансыз да бул тармак “шалга” айланган. Негизи эле инвестициялык климатты кантип жакшыртсак болот?

-- Биринчиден, алтын кендерин 100% “Кыргызалтын” ААКсы иштетсе болот. Буга анын тажрыйбасы бар. Кыргыз Республикасынын өнөр жай, энергетика жана жер казынасын пайдалануу мамлекеттик комитети тарабынан 400гө жакын алтынга лицензия берилиптир. Эмне үчүн ошол алтын кендерин "Кыргызалтын" ААКсы иштетпейт? 400гө жакын конкурстун канчасына "Кыргызалтын" ААК катышты? Катышса "Кыргызалтын" ААК эмнеге утулуп калды? Мисалы, Өзбекстанда дүйнөдө алтындын кору боюнча 2-орунда турган Мурунтау (2007-жылга 1750 тонна алтын азыркы баа менен 100 млрд. доллар) алтын кенин "Навои тоо комбинат" мамлекеттик ишканасы 100% иштетип жатат. А биздин "Кыргызалтын" ААКсы 400 алтын кенинин бирин да 100% өзү иштеткен жок! Болгону үч биргелишкен ишканадан (ОсОО «Алтынкен» 40%, ОсОО «Мансон Групп» 34%, ОсОО «Эти Бакыр Терексай» - 25%) аз үлүш алганына ыраазы. Азыркы кризис учурунда тоо-кен тармагы убактылуу экономиканын локомотиви болуп бермек. Алтын кен байлыктарды өзүбүз иштетишибиз керек! 

1992-жылы легендарлуу парламенттин депутаттарынан турган алтын комиссиясы түзүлгөн. Курамына Турдакун Усубалиев, Рамазан Дырылдаев, Шергазы Мамбетов ж.б. киришкен.  Ошол учурда Жерүй алтын кенинде КР үлүшү 70%, америкалык “Морисон Кнудсен” компаниясынын үлүшү 30% болгон. Легендарлуу парламенттин депутаттары ал келишимди сындап, "эмне үчүн Казакстанда “Шеврон” компаниясы Казак өкмөтүнө 80% берет, ал эми бизде 70%" деп маселени кабыргасынан койгон? Азыр болсо Жерүйдө КР үлүшү 70% да, 80% да эмес,  0%! Алтын комиссиясынын ою боюнча алтын кендерди КР өзү иштетиш керек болчу. Тилекке каршы, анын ордуна А.Акаев Борис Бирштейн досу менен алтын кендерди чет мамлекеттик компанияларга бере баштаган. Азыркы учурга чейин алтын мафиясы кыргыз бийлигин колго алып, кыргыз элин тоноп келет. Алтын мафиясынын курмандыктары: легендарлуу парламент тараган, Н.Исанов кайтыш болду, саруулук жигиттер камакка алынышты, С.Жапаров түрмөдө ж.б. Экологиябыз талкаланып жатат. Эми болсо алтын мафиясы Таласка киришти. Алтын мафиясынын артында чет элдик олигархтар турат. Качанга чейин алтын мафиясынын курмандыгы боло беребиз? Качан намысыбызга келебиз? Качан элдин байлыгы элге таандык болот? Алтын мафиясын жеңүү учуру келди. 

Экинчиден, мыйзамдарды өзгөртүш керек. Мисалы, жер казынасы мыйзамына “алтын иштетүүдө мамлекеттин үлүшү кеминде 51% болуш керек” деген беренени киргизиш керек жана өкмөттүн И.Чудинов кол койгон №410, 25-июнь 2009-жылдагы токтомун жокко чыгарыш керек. Токтомдо “1 тонна алтынга (азыркы баасы 50 млн. доллар) болгону 60 миң доллар бонус төлөйт” деп көрсөтүлгөн. Бул эмне деген чыккынчылык?! Бул эмне деген мамлекетти тоноо?! Бул эмне деген кыргыз элин шылдыңдоо?!

Үчүнчүдөн, Кыргыз мамлекетине шылуун, аферист инвесторлорду эмес, Кыргыз мамлекетинин мыйзамдарын сыйлаган, эл аралык рейтинги жогору, тажрыйбасы чоң инвесторлорду чакырыш керек. Андай инвесторлор менен чыр-чатак болбойт.

Элдин бийлиги – Элге!

Элдин байлыгы - Элге!


 "Азия Ньюс" гезити

Бөлүшүү:



Тектеш материалдар:
Эң көп окулгандар
(Видео) Индиядан келген дааватчылар милицияга баш ийбей коюшкан
“Казакстанда коронавирус катталды” деген билдирүү тарап жатат
“30-апрелде карантин токтосо, 100 миңдеген адамдардын өмүрүнө коркунуч келтиребиз”
Аалы акын Дастан менен Зарылды “таластыктардын чимкириктери” деди
Чубак ажы Жалилов чын дүйнөгө кете берди...
(Видео) Карантиндеги чатак. Күйөөсү аялын терезеден ыргытты...
(Видео) Алматы көчөлөрүндө адамдар кулай баштады. Себеби?..
Aryba.kg - Маалымат порталы
Сайтка баа бер