Прогноз погоды в городе Бишкек
Акыркы кабарлар
» » Шопендин махабаты

Шопендин махабаты

01-март, 12:33
882 ᠌ ᠌ ᠌ ᠌᠌ ᠌ ᠌᠌

    Кайталангыс Амандина Аврора Люсиль Дюпен “Жорж Санд” аттуу ысым менен көпчүлүккө жакшы таанымал болгон. Жорж Санд жүздөгөн романдарды, повесттерди жана көптөгөн публицистикалык макалаларды жазган. Өз алдынча ал учурда эч кимге тааныш эмес психологиялык-романтикалык романды иштеп чыккан.

Жорж Санд менен Фредерик Шопендин бири-бирине кайталангыс сүйүүсү болгон. Бирок, баш кошушкан эмес. Экөөнүн сүйүүсү бакыттан да көп кайгыны алып келген. Андан бери арадан 200 жылдай убакыт өтсө да, адамдар алардын сүйүүсү тууралуу аңыз кылып айтып келишет. Алар бири-бирин ушунчалык жактыргандыгына көпчүлүк анчалык ишене берген эмес. Экөө таптакыр эки башка адамдар болгон. Арык, оорукчан жигит менен аскер адамы өңдөнгөн, оозунан тамекиси түшпөгөн чечкиндүү аял. Эң кызыгы, алардын сүйүүсү он жылга чейин созулуп, Фредерик Шопен ошол жылдары шумдуктуудай шедевр музыкаларын жаратса, Жорж Санд жакшы романдарын ошол жылдары жазган.

Санд менен Шопен алгач ак сөөктөрдүн кечелеринде жолугуп калып жүрүшкөн.  Шопен эркек костюмун кийген, тамеки тарткан бул аялды жактыра бербей, көргөндө итиркейи келип кетчү. Экөө капыстан сүйлөшүп калган соң Шопендин Сандга болгон пикири өзгөргөн. Башында эл көзүнө көрүнбөй жолугушуп  жүрүшүп, кийин ачыкка чыгышат. Шопен бала кезинен жабышкан кургак учук дартынан көп азап тартат. Кийин Санддын балдары Шопен менен жашоосуна каршылык көрсөтө башташат. Шопен чемоданын көтөрүп үйдөн чыгып кетет. Санд дагы Шопенди токтотпой. Экөө эки айрылыш жолго түшүшөт. Санд андан кийин турмушка чыгат, бирок Шопенге болгон сүйүүсү 27 жылга созулуп, ал жылдары жемиштүү чыгармалардын автору болгон.


Жамиля Нурманбетова 

"Азия Ньюс" гезити

Бөлүшүү:
Тектеш материалдар:
Эң көп окулгандар
Жөтөлдөн айыгууга сонун рецепттерди сунуштайбыз. Сактап коюңуз!
Бүркүттүн алдында калган коёндой эле бырпырадым…
(Видео) Баткен согушунун ардагерлери элибиз үчүн күйүп, кайрылуу жасашты
(Видео) Лейлектеги атышуу: "Кыргыз элим, биз жардамсыз калдык..."
(Видео) Баткен губернатору Алимбаевди тоготпой, 70 пайыз жетекчилер кетип калышыптыр
Президент Садыр Жапаровдун акыркы кырдаал боюнча кайрылуусу
(Видео) Кыргыз айылын талкалап жаткан тажиктерди токтотууга болобу?
Aryba.kg - Маалымат порталы
Сайтка баа бер