Бишкектин абасын ЖЭБ эмес, автоунаалар көп булгайт
Учурда Бишкек шаарын каптаган кара түтүн көпчүлүк шаардыктарды тынчсыздандырып, социалдык тармактарда ар кандай сүрөттөрдү жайгаштырууда.
Илимдер академиясынын Геомеханика жана жер казынасын өздөштүрүү институтунун геоэкологиялык мониторинг лабораториянын башчысы Исакбек Торгов калааны каптаган кара түтүн тууралуу буларды айтып берди:
“Негизги үлүш ЖЭБге туура келет дешет. Мен буга макул эмесмин. Ал жыл бою иштейт. Башкалар жеке секторду белгилеп жатышат. Бирок абага ташталган булганыч заттардагы алардын үлүшү тыйынчалык. Кышкысын зыяндуу заттардын чогулушуна инверсия, сибирь циклону сыяктуу климаттык факторлор да таасир этет. Жайында шаарда климаттык шарттардан улам жакшы шамал жүрөт”, — деди.
Эксперттин айтымында абанын булганышынын негизги булагы – автоунаалар. Автоунаадан чыккан зыяндуу заттар ТЭЦке караганда бир топ кооптуу.
Aryba.kg