Прогноз погоды в городе Бишкек
Акыркы кабарлар
» » Алтынбек Сулайманов: “Шайлоого “Бир Бол” партиясын Шыкмаматов экөөбүз баштап барабыз”

Алтынбек Сулайманов: “Шайлоого “Бир Бол” партиясын Шыкмаматов экөөбүз баштап барабыз”

18-июнь, 17:40
1 210 ᠌ ᠌ ᠌ ᠌᠌ ᠌ ᠌᠌

Башка саясатчыларга салыштырып карасак, “Бир Бол” фракциясынын лидери Алтынбек Сулайманов бийликке кошомат кылбаганы, ар дайым түз көз карашта жүргөнү менен айырмаланат. Депутат катары да элдин таламын талашып, калыс, оор басырыктуу мүнөзүнөн жазбай келет. Бул саам партия лидери күздөгү шайлоого карай акчалууларга эмес, кесипкөй адистерге, интеллигенцияга басым жасай турганын байкадык.

-- Алтынбек мырза, сиз парламенттик шайлоого мурдагы депутат Алмамбет Шыкмаматов менен чогуу барасызбы? Бул боюнча айтылган кептердин канчалык чындыгы бар? 

-- Ооба, бул чын. Биз күзүндө өтө турган парламенттик шайлоого Алмамбет Насырканович менен бирге барууну чечкенбиз. Ал биз менен чогуу, «Бир Болдун» катарында болот. 

-- Партиядан дагы кандай өзгөрүүлөрдү көрө алабыз? Сиздер менен кайсы көрүнүктүү саясатчылар аттанышат?

-- Учурда баардыгыбыз президенттин указын күтүүдөбүз. Партияда өтө чоң өзгөрүүлөр болуп жатат. Шайлоого даярдыктар башталды. Алдыңкы сапта Алмамбет Насырканович экөөбүз турабыз. Бирок, биздин катарда белгилүү саясатчылар, же азыркы партиялаштарым жокко эсе. Курамдын дээрлик 90 пайызы жаңы адамдар, жаңы жүздөр. Алардын бирөөсү дагы буга чейин саясатка аралашкан эмес. «Бир Бол» менен алгачкы ирет аттанып жатышат. 

-Шайлоодо көп каражат талап кылынат эмеспи, сиздердин катарга кошулгандар акчалуу адамдарбы? 

-Каражат биринчи орунда турбашы керек, биз акчага басым кылган жокпуз. Негизги акцентти кандидаттардын тажрыйбасына, акылына, алардын жаратмандыгына жасадык. Партияга кошулгандар буга чейин ишкерликте, илимий чөйрөдө өздөрүн татыктуу көрсөткөнгө жетишип, ийгилик жараткан инсандар. Чоң саясатка биринчи кадамдары..

-Шайлоого аз калганда башка партиялар менен биригүү орун алашы мүмкүнбү, сунуштар болдубу?

-- Башка саясый күчтөрдөн биригүү сунуштары түшүүдө. Азыр негизи ошондой мезгил, анткен менен биз өз алдынча, эч кимге кошулбай «Бир Бол» партиясынын туусунун астында күрөшкө чыкканга даярбыз.  

-- “Пандемияга байланыштуу шайлоо жылат деген божомолдор айтыла баштады го?

-Бул өлкөдөгү абалга жараша болот. Илдет күч алып, өзгөчө абал жаралса, убактылуу жылышы мүмкүн. 

-- Алтынчы чакырылыштын мөөнөтү бүтөрүнө аз убакыт калды, парламент тогуз пайыздык босого чекти түшүрүүгө жетишеби? 

-- Ооба, азыр буга багытталган мыйзам Жогорку Кеңеште каралып жатат. Шайлоого жети пайыздык босого чек менен бара турган болуп калдык. 

-- Жаңы өкмөт боюнча эмне айта аласыз?

-- Азыркы өкмөттүн курамы анчейин өзгөргөн жок. Эки-үч эле кадр алмашуу орун алды. Анын себептери да түшүнүктүү. Күзүндө, парламенттик шайлоодон кийин чоң өзгөрүүлөр болот.  

Анархан Алтымышова 

"Азия Ньюс" гезити

Бөлүшүү:
Тектеш материалдар:
Эң көп окулгандар
Жөтөлдөн айыгууга сонун рецепттерди сунуштайбыз. Сактап коюңуз!
Бүркүттүн алдында калган коёндой эле бырпырадым…
(Видео) Баткен согушунун ардагерлери элибиз үчүн күйүп, кайрылуу жасашты
(Видео) Лейлектеги атышуу: "Кыргыз элим, биз жардамсыз калдык..."
(Видео) Баткен губернатору Алимбаевди тоготпой, 70 пайыз жетекчилер кетип калышыптыр
Президент Садыр Жапаровдун акыркы кырдаал боюнча кайрылуусу
(Видео) Кыргыз айылын талкалап жаткан тажиктерди токтотууга болобу?
Aryba.kg - Маалымат порталы
Сайтка баа бер