Прогноз погоды в городе Бишкек
Акыркы кабарлар
» » Рахат Керимбаева: “1 миллион сомдон. Сертификаттар 15-мартта тапшырылат”

Рахат Керимбаева: “1 миллион сомдон. Сертификаттар 15-мартта тапшырылат”

14-март, 09:00
1 651 ᠌ ᠌ ᠌ ᠌᠌ ᠌ ᠌᠌

Интеллектуалдык менчик жана инновациялар мамагенттигинин директору менен маек.

-- Рахат Топчубаевна, бүгүн “40 райондон 40 демилге” долбоорунун жеңүүчүлөрү аныкталды. Алар кандай критерий менен тандалды, негизги басым эмнеге жасалды?

-- Бул ишти биз бир жылдан бери жүргүзүп келатабыз. Аймактарга арналган, ал жактагы ишкерлерди колдоо, аларды дүйнөлүк рынокко чыгаруу максатында демилгеленген багыттар. “Кыргызпатентке” 98 долбоор келип түштү. Ага чейин тандоонун программалык процесстери бар. Ошол процесстердин баарынан өткөндөн кийин 28 долбоор тандалып, алар бүгүн презентация жасашты. Андан соң баардык министрликтердин өкүлдөрүнөн түзүлгөн ведомстволор аралык комиссия карап чыкты. Негизги талап – долбоордун инновациясы болушу керек. Бүгүн долбоорлор каралганда да калыстар тобу тарабынан ошол багыттагы суроолор берилди. Жыйынтыгында 8 долбоордун авторлору утушка ээ болушту. Алар: Чүйдөн Автандил Апитаев, Ала-Букадан Айжигит Дуулатов, Кадамжайдан Замирбек Досатов, Чоң-Алайдан Жибек Туратбекова, Таластан Нурдөөлөт Аскарбеков, Ысык-Атадан Данияр Жунушев, Баткенден Турсунали Төлөмүшев, Нарындан Жыпаркүл Осмонова. Комиссия абдан калыстык менен чечим чыгарды деп айта алам. Бул башталышы. Долбоор дагы беш жыл бою уланат. Бүгүн ута албай калгандар кийинки долбоорлорго катышса болот. Биз аларды ушу бойдон таштап койбой, эл аралык уюмдарга жөнөтөбүз.

-- Бөлүнгөн каражат кандай пайдаланылып жатканы көзөмөлдөнөбү?

-- Долбоор ээси катары аны биз көзөмөлдөйбүз. Булар алгачкы жеңүүчүлөр болуп жатат. Андыктан, чоң жоопкерчилик жүктөлгөн. Кайтарым болушу керек. Эгер алардын кимдир бирөөсү алдына койгон милдетин аткара албай, берилген каражатты максатсыз пайдаланса, кийинки долбоор ээлеринин келечегине балта чапкан болот.

-- Гранттын өлчөмү канча?

-- 1 миллион сомдон. Сертификаттар 15-мартта тапшырылат. Аны министрлер кабинетинин тийешелүү жетекчилери келип тапшырышат. 

"Азия Ньюс" гезити
Бөлүшүү:
Тектеш материалдар:
Эң көп окулгандар
Жөтөлдөн айыгууга сонун рецепттерди сунуштайбыз. Сактап коюңуз!
Бүркүттүн алдында калган коёндой эле бырпырадым…
(Видео) Баткен согушунун ардагерлери элибиз үчүн күйүп, кайрылуу жасашты
(Видео) Лейлектеги атышуу: "Кыргыз элим, биз жардамсыз калдык..."
(Видео) Баткен губернатору Алимбаевди тоготпой, 70 пайыз жетекчилер кетип калышыптыр
Президент Садыр Жапаровдун акыркы кырдаал боюнча кайрылуусу
(Видео) Кыргыз айылын талкалап жаткан тажиктерди токтотууга болобу?
Aryba.kg - Маалымат порталы
Сайтка баа бер