Прогноз погоды в городе Бишкек
Акыркы кабарлар
» » “Акылбек Жапаров жарга түртөт, арты жакшылык менен бүтпөйт...”

“Акылбек Жапаров жарга түртөт, арты жакшылык менен бүтпөйт...”

03-июль, 08:41
2 450 ᠌ ᠌ ᠌ ᠌᠌ ᠌ ᠌᠌

“Министрлер кабинетинин орун басары Акылбек Жапаровго карата коомчулукта ишенбөөчүлүк, сын пикирлер күчөп баратат. Ишмердиги, жыйнаган дүнүйө-мүлкү шек санатууда. Сиз кандай ойдосуз?” деген суроо салдык. 

Мукаш Ырсалиев, серепчи:

-- Акылбек Жапаровго карата коомчулукта ишенбөөчүлүк, сын пикирлердин күчөп баратканы – бул мыйзам ченемдүү эле нерсе. Бул кишинин бир эле “жакшы” сөзү бар: “Ваше превосходительство, Курманбек Салиевич!” деген. Бул – кошоматчылыктын жеткен чеги да! Мындан 40 жыл мурун Африка мамлекеттери ХИПИКке кирген. Ошондо кийген чүпүрөктөрү алигүнчө үстүлөрүнөн түшө элек. Алардын алтын, ж.б. кен байлыктарын чыгарып кетишкен... Ошол мандемге, жакырчылыкка Кыргызстанды сатып жибергенге, шарт түзгөнгө Акылбек Жапаров аябай аракет кылып, аз эле жерден калганбыз. Коомчулук бул терс көрүнүштү унутуп бараткансыйт. Бу киши кайсы бийлик келбесин тилин таап, жармашып иштеп жүрөт. Бирок, азыр Садыр Жапаров муну туура пайдаланып атат, билим, илимин, акыл көрөңгөсүн дегеним. Анткени, Акылбек Жапаров любой адамды жардан ары түрткөнгө жарайт. Баары бир арты жакшы менен бүтпөйт...

Эрлан Жамгырчиев, серепчи:

-- Өлкөбүзгө эгемендүүлүк орногондон бери эл-жерибиз отко да, сууга да түштү. Нечендеген кыйынчылыктарды башыбыздан кечирдик. Ал эми ушул киши чиркин чөкпөдү, күйбөдү, качпады да, камалбады… Феномен! Өмүр бою мамлекеттик кызматтарда иштесе да, байлыгы эң ири көпөстөрдөн ашып кеткенин айтышат. Байлыкты кантип топтогонун ушу күнгө чейин эч ким билбейт. Жеке мага тескери таасир бергени – докторлук диссертациясынын плагиатка шектелгени болуп атат. Бирөөнүн илимий эмгегин уурдагандан көрө, өзү аракет кылса деле колунан келмек. Анан өлкөбүздүн көзгө басар экономисттеринин биринин илимий эмгеги шектүү болсо, экономика жана финансыбыз пандемия убагында абалдан чыгышы күмөн туудурат. Мындай адам менен жарга камалып калбайбызбы? Ушул суроо ойлондурат.

Төлөйкан Исмаилова, коомдук ишмер:

-- Кыргызстанда ар бир чиновник жарандык көзөмөлдө турганы айтпасак да түшүнүктүү болсо керек. Анткени, мурункудай саясатчыларга эч кандай ишенич жок. Мурунку жылдын октябрь айында келген чиновниктер өздөрү даана жана так маалымат бериши керек. Кандай жол менен байыды, эмне болду, кандай иштейт? Эгер мындан ары да мыкаачылык, рейдерлик саясат менен алектенишсе, мурункудан жаман болорун жана коомчулук аны кечирбешин айтпай тек коёлу. Биз улут болуп өнүгүү жолуна түшүүбүз керек. Качанкыга чейин Акылбекке окшогон чиновниктер эптеп эле жанталашып бийликке умтулуп, эч бир менеджменттик жөндөмүн мамлекеттин кызыкчылыгына иш жүзүндө көргөзбөй, анын ордуна кыргыздарды кул кылып жүрө беришет? Айтканы башка, жасаганы бөлөк болгондон эл тажады. Биздин карапайым адамдар менен чиновниктер ортосунда чоң ажырым бар. Аны жок кылууда ар бир чиновник даана, таза, чын ыкласында өлкө үчүн иштегенге ант беришпейби? Айтор, баары күмөндүү...


Сурат Жылкычиев 

"Азия Ньюс" гезити

Бөлүшүү:
Тектеш материалдар:
Эң көп окулгандар
Жөтөлдөн айыгууга сонун рецепттерди сунуштайбыз. Сактап коюңуз!
Бүркүттүн алдында калган коёндой эле бырпырадым…
(Видео) Баткен согушунун ардагерлери элибиз үчүн күйүп, кайрылуу жасашты
(Видео) Лейлектеги атышуу: "Кыргыз элим, биз жардамсыз калдык..."
(Видео) Баткен губернатору Алимбаевди тоготпой, 70 пайыз жетекчилер кетип калышыптыр
Президент Садыр Жапаровдун акыркы кырдаал боюнча кайрылуусу
(Видео) Кыргыз айылын талкалап жаткан тажиктерди токтотууга болобу?
Aryba.kg - Маалымат порталы
Сайтка баа бер