Прогноз погоды в городе Бишкек
Акыркы кабарлар
» » Адабият күнүнө карата Айтматовдун учкул сөздөрү

Адабият күнүнө карата Айтматовдун учкул сөздөрү

12-декабрь, 12:40
1 065 ᠌ ᠌ ᠌ ᠌᠌ ᠌ ᠌᠌

Адамдын башкаларга кылар эң чоң жакшылыгы  үйүнөн адам болор балдарды тарбиялап өстүрүү.

***

Эгер Ата Журт дегенди баштыктай сүйрөп, өзүң менен алып жүрөр нерсе болсо, анын баасы сокур тыйынга татыбас эле.

***

Дос кыйынчылыкта билинет дешет. Менимче, бактылуу кезиңде да билинет.

***

Сени тааныгандар жашап жатканда сен тирүүсүң.

***

Өмүрдүн чыныгы баркы ишенимде, бактысы да ишенимде.

***

Сүйүүдөн аалам жаралган, сүйүүнүн өзү түбөлүк.

***

Миңдеген адамдардын арасында сен жалгызсың, жалгыз өзүң калганда да жалгызсың...

***

Тил  улуттун кубанса кубанычы, кайгырса кайгысы жана акыл-эси. Тилсиз улут болбойт.

***

Өткөндү эстеп, келечекти күтө билгендигибиз үчүн биз барбыз.

***

Биз дүйнөнү өзгөрттүк, дүйнө бизди өзгөрттү.

***

Эң ириде өзүңдүн киндик кан тамган жериң тууралуу ойлонгондо, жалпы дүйнө тууралуу акыл калчайсың.

***

Адамга эң кыйыны  күн сайын адам болуу.

Бөлүшүү:
Тектеш материалдар:
Эң көп окулгандар
Бүркүттүн алдында калган коёндой эле бырпырадым…
Жөтөлдөн айыгууга сонун рецепттерди сунуштайбыз. Сактап коюңуз!
Өлгөн адамдар түшкө кирсе эмне болот?
(Видео) Баткен губернатору Алимбаевди тоготпой, 70 пайыз жетекчилер кетип калышыптыр
(Видео) Лейлектеги атышуу: "Кыргыз элим, биз жардамсыз калдык..."
Президент Садыр Жапаровдун акыркы кырдаал боюнча кайрылуусу
(Видео) Баткен согушунун ардагерлери элибиз үчүн күйүп, кайрылуу жасашты
Aryba.kg - Маалымат порталы
Сайтка баа бер