Прогноз погоды в городе Бишкек
Акыркы кабарлар
» » Эми Акымбек Абдыкалыковдой коррупцияга шектүү ректорлор тизгинделеби?

Эми Акымбек Абдыкалыковдой коррупцияга шектүү ректорлор тизгинделеби?

11-декабрь, 17:22
1 422 ᠌ ᠌ ᠌ ᠌᠌ ᠌ ᠌᠌

Билим берүү жана илим министрлиги даярдаган “Билим берүү жөнүндө” мыйзам долбоорунда ректорлорду бийлик тарабынан дайындоо сунуш кылынган. Бул негизинен туура. Биз өткөндө 15 жылдан бери ректорлуктан түшпөй жердештерин жыйып алып, кайра-кайра шайлана берип, Н.Исанов атындагы Кыргыз мамлекеттик курулуш, транспорт жана архитектура университетин коррупцияга шектентип жиберген ректор Акымбек Абдыкалыков жөнүндө жазбадык беле? Жаат курап шайланып алып, университетти ичтен иритип, ректорлук креслону “жоор” кылган мындай ректорлор көп, аларды ооздуктаган, чара көргөн да киши жок. Министрдин болсо ыйгарым укуктары чектелүү. Бир нерсе десе суурдун айгырындай болгон ректорлор “шайлангам” деп ОшМУнун ректоруна окшоп, тарапташтарын көтөрүп көчөгө алып чыгат экен. Андан көрө дайындоо болсо, жоопкерчилик күчөп, сулуу тору аттай болуп жасанып, дүкөн кыдыргандан башканы билбеген ректорлор чачын тараганга да убактысы болбой, баш көтөрбөй иштеп калышмак. 


"Азия Ньюс" гезити

Бөлүшүү:
Тектеш материалдар:
Эң көп окулгандар
Бүркүттүн алдында калган коёндой эле бырпырадым…
Жөтөлдөн айыгууга сонун рецепттерди сунуштайбыз. Сактап коюңуз!
Өлгөн адамдар түшкө кирсе эмне болот?
(Видео) Баткен губернатору Алимбаевди тоготпой, 70 пайыз жетекчилер кетип калышыптыр
(Видео) Лейлектеги атышуу: "Кыргыз элим, биз жардамсыз калдык..."
Президент Садыр Жапаровдун акыркы кырдаал боюнча кайрылуусу
(Видео) Баткен согушунун ардагерлери элибиз үчүн күйүп, кайрылуу жасашты
Aryba.kg - Маалымат порталы
Сайтка баа бер