Прогноз погоды в городе Бишкек
Акыркы кабарлар
» » Элдар Абакиров: “Бийлик негизги талапкерге көп жардам көрсөттү”

Элдар Абакиров: “Бийлик негизги талапкерге көп жардам көрсөттү”

18-январь, 11:05
1 012 ᠌ ᠌ ᠌ ᠌᠌ ᠌ ᠌᠌

-- Президенттик кызматка талапкер болгон адам катары айтсаңыз, шайлоо процессинде сизге кандайдыр бир чектөөлөр жасалдыбы

-- Чектөөлөр болгон жок. Иралды, бийлик негизги кандидатка көп жардам көрсөттү.

--Эл менен жолугушуу учурунда эң көп көңүл буруучу жагдай катары эмнени көрдүңүз жана эл тараптан айтылган орчундуу көйгөйлөр кайсылар болду?

--Эң олуттуу көйгөй жумушсуздук, чек арадагылар үчүн тынчтыкты сактоо маанилүү...

-- Садыр Жапаровдун элдин ишенимин алганын баарыбыз көрдүк. Сиздин пикириңизде анын башкы себеби эмнеде?

-- Негизги себеп, бийликтен элдин чарчаганы жана ишенбестиги. Ал эми Садыр Жапаров мурдатан социалдык тармактар аркылуу тынымсыз иштегени, саясат жүргүзгөнү... 

-- Эгер сизге кызмат сунушталса, иштешүүгө барасызбы? Деги эле өзүңүздү кайсы кызматтан көрөсүз?

-- Бийликтеги команда таза, адискөй адамдардан болсо, туура эмес кагаздарды түрткөнгө аракеттер болбосо, алдыңкы максаттар так жана ачык-айкын кетсе, анда өзүбүздүн адамдарыбыз менен кеңешип, ойлонобуз. Биздин түпкү мүдөөбүз да мамлекетибизге кызмат кылуу...

-- Шайлоо бүтүп, экономика менен алектенчү кез келгендей... Бул тармактагы адис катары айтсаңыз, өлкө экономикасын көтөрүү үчүн эмнеден башташ керек?

-- Коррупционерлерден кутулуу, уурдаганга мүмкүнчүлүк бербөө. Ишкерликти колдоо, негизги максат жумуш орундарын түзүү. Ошондой эле күч органдары менен сот системасын люстрация кылуу шартАнан калса, таза парламентти алып келүүдөн баштоо керек...


Мээрим Асанова 

"Азия Ньюс" гезити

Бөлүшүү:
Тектеш материалдар:
Эң көп окулгандар
Жөтөлдөн айыгууга сонун рецепттерди сунуштайбыз. Сактап коюңуз!
Бүркүттүн алдында калган коёндой эле бырпырадым…
(Видео) Баткен согушунун ардагерлери элибиз үчүн күйүп, кайрылуу жасашты
(Видео) Лейлектеги атышуу: "Кыргыз элим, биз жардамсыз калдык..."
(Видео) Баткен губернатору Алимбаевди тоготпой, 70 пайыз жетекчилер кетип калышыптыр
Президент Садыр Жапаровдун акыркы кырдаал боюнча кайрылуусу
(Видео) Кыргыз айылын талкалап жаткан тажиктерди токтотууга болобу?
Aryba.kg - Маалымат порталы
Сайтка баа бер