С.Рустамбек уулу менен Б.Марипов... Жусупбек мырзанын бучкагына тең келишпейби?


Убакыт көп нерсени ачыктайт тура. Негизи адамдардын дарамети, түпкүлүгүндөгү маани-маңызынан бери алаканга салгандай айкындаларын баамдап атабыз. Эл үчүн чындап күйгөн уул гана акыры электен өтөрүн унутпайлы. Эмесе, биз учкай мисалдар менен бир кездерде оппонент болушкан айрым адамдарга кызыгып көрмөкчүбүз.
Парламенттик шайлоо ноябрь айында өтсө, Ноокат районунан кайрадан эле Бактыбек Марипов, Советбек Рустамбек уулу чыгары айтылууда. Учурда экөө тең эл өкүлдөрү. Бирок олуттуу көйгөйлөрдү көтөрө алышпай, майда-чүйда пиарлар менен алектенишип, коллегаларынын жана коомчулуктун күлкүсүнө калып келишет го? Буларды шайлаган эл эмне деп атат болду экен? Эрксизден баш чайкайсың...
А эң кызыгы, биздин баамыбызда, Ноокат округунан саясатчы Жусупбек Коргонбай уулу талапкерлигин койсо, берки экөөнүн тагдыры жарга асылбайбы? “Чыныгы күлүк кийин чуркайт” дегендей, каарманыбыз азырынча бизнесин кылып жүрсө керек. “Үйрөнгөн жоо атышарга жакшы” демекчи, Жусупбек Коргонбай уулуна Бактыбек Марипов менен Советбек Рустамбектин дарамети белгилүү эмеспи. Убагында жарышка түшүшүп, караандабай калышканын кантебиз? Албетте, добуш салыштыруулардын негизинде.
Эске салсак, Жусупбек мырза кыска мөөнөттө гана депутат болуп, Ноокат району үчүн көптөгөн иштерди бүтүрүп, элдин назарына алынганын билебиз. Бул саам көпчүлүк өз баатырын жаземдебей тандаса керек. Албетте, биз алдыртан коңгуроо кагып, саресеп салып коюуну туура көрдүк.
"Азия Ньюс" гезити











