Президенттер келишет, кетишет... Аларга караганда Камчы Көлбаевге ишеним чоңбу?


Саясатчылар, бизнесмендер чогулган тар чөйрөлөрдө Камчы Көлбаев боюнча талкуулар жанданганын угуп жүрөбүз. Бийликке келүүгө ашыккан Чүйдүн тыңчыкмасы бир курдай: “Бизде президенттер келишет, кетишет. Ал эми Камчы Көлбаев сакталып калат. Андыктан бийликке караганда ага ишеним көп болуп атпайбы...” деп бүйүр кызыткан кеп таштады. Реалдуу ой жүгүртүп көрсөк, президенттер беш же үч жылда ээрден ооп калышат тура. Эл ишенимин акташпаса, мыйзамсыздыктын туу чокусун көрсөтүшсө, коррупцияга батышса, акыры куулуп кете беришет. Учурда Акаев, Бакиев качып жүрсө, Атамбаев абакта, Жээнбеков элдин бетин карай албай калган. Бир гана Отунбаева эркин баса алат (ал бийлик башында аз убакыт – бир жарым жыл гана отурганы үчүн). Кызыгы, буларга салыштырмалуу Камчы Көлбаев өз сызыгында жүргөнү, туруктуулугу, ашачаппаганы менен айырмаланат экен. Мындай шартта саясый элитадагылар, бизнесмендер кызматташкысы келеби? Себеби, бийлигибиз туруксуз болуп, улам келгени душмандарын, жаман көргөндөрүн кубалашып, камашып, кыргыйдай эле тийип атышса, анан кантишет? Ойлоно турган маселе бекен? Терең мааниде талдап көрсөк, 30 жылдан ашык убакыттан бери бийликке такшалган, элдин жүгүн көтөрө ала турган башчы келбей, мамлекетти артка тартып келишти. Калкыбыз да кара кылды как жарган тандоо жүргүзө албаганы өкүнүчтүү. Таасын лидерлер бар, бирок аларды көрбөй атабыз...
"Азия Ньюс" гезити











