» Саясат » Аткаминерлердин иштебегени, шалаакылыгы курултайда ачык байкалды
Аткаминерлердин иштебегени, шалаакылыгы курултайда ачык байкалды
01-декабрь, 19:30
534 ᠌ ᠌ ᠌ ᠌᠌ ᠌ ᠌᠌
«Тойдун болгонунан болот дегени кызык” демекчи, эки жылдан бери күтүп жүргөн курултай да өттү. Курултайдын уюштуруу комитетинин төрагасы, мамлекеттик катчы Сүйүнбек Касмамбетов тажрыйбалуу жетекчи эмеспи, элге эркин трибуна берип, “дүжүрлөргө” орун болгон жок, башкача айтканда, элдин көкүрөгүндөгү көйгөйлөрү айтылды. Аткаруу бийлигинин, айыл чарба министрлигинин, жол жана транспорт министрлигинин тармактарында көп маселе бар экен. Мектеп, ФАП, жол сыяктуу өнөкөт көйгөйлөрдү айтпаганда, калктын 65 пайызы жашаган айыл жеринде маселе чачтан көп экени айкын болду. Оозунан көк түтүнүн буркуратып айтып жаткан делегеттардын сөзүнөн соң, ушунун баардыгы аткаруу бийлигинин вертикалы, башкача айтканда, президенттин облустардагы өкүлдөрүнүн, район акимдеринин, айыл өкмөттөрүнүн шалаакылыгын, министрликтердин облустук департаменттеринин ишке карата болгон ат үстүнөн мамилесин алаканга салгандай далилдеп койду. Болбосо, элет жериндеги чарбалык иштерди жөнгө сала турган ушулар эмеспи, насыяны жөндөп бербей жаткан банктарга, суу көйгөйүн чечпеген айыл чарба министрине, тешилген жолдорду оңдобогон транспорт министрине чара колдонбосо, иштебеген облустагы ыйгарым укуктуу өкүлдөрдүн, акимдердин жоопкерчиликтерин карабаса, эл аргасыздан президентке кайрылганга мажбур болот да. Аткаруу бийлигин президент өзү камчылап иштетпесе, жер-жерлерде көйгөй көп, алардын арманын угуш үчүн жылына курултай чакырыла береби? Андан көрө мындай курултайларды ар бир район өз жеринде өткөрүп, чечилбеген маселелерди жеринде кең-кесири талкуулаганы жөндүү болчудай.