Акыркы кабарлар
14:12
» Коом » Сузакта ат басып калып, 8 жана 12 жаштагы эки бала каза болду
Сузакта ат басып калып, 8 жана 12 жаштагы эки бала каза болду
07-ноябрь, 12:42


Жалал-Абаддын Сузак районундагы Боз-Чычкан айылында ат басып калып, эки бала каза болду. Кабарлангандай, окуя 5-ноябрь күнү саат 16:00 чамасында болгон. Барпы айылдык ооруканасынын "тез жардам" кызматы милицияга балдар окуя болгон жерде каза болушканын билдирген.
"Билдирүү Сузак райондук ИИБнин маалыматтардын электрондук журналына кокустук катары катталды. Учурда териштирүү иштери жүрүп жатат. Текшерүү учурунда балдардын ата-энеси арыз жазуудан жана сөөктөрдү соттук-медициналык экспертизадан өткөрүүдөн баш тартты" деп айтылат милициянын билдирүүсүндө. Ал эми балдардын сөөгү бүгүн жерге берилди. Алардын бири 12, экинчиси 8 жашта болгон. Күтүүсүз кырсыктан каза болгон окуучулар бир тууган ага-ининин балдары экени айтылды.










