Прогноз погоды в городе Бишкек
Акыркы кабарлар
» » Динара Руслан: “Биз 1 миллион доллардан башталган Seed инвестициясын тартууга даярданып жатабыз”

Динара Руслан: “Биз 1 миллион доллардан башталган Seed инвестициясын тартууга даярданып жатабыз”

18-декабрь, 17:30
1 263 ᠌ ᠌ ᠌ ᠌᠌ ᠌ ᠌᠌

Кыргызстандык «Codify Lab IT компаниясынын негиздөөчүсү менен маек.

-- Динара, Codify LMS деген эмне?

-- Codify lms – бул окуу процесстерин автоматташтыруу жана бизнес жүргүзүү үчүн ыңгайлуу система. Биздин тутум ар бир аптада же ай сайын отчет берет жана баардык курстарды башкарууга, ошондой эле ар бир курс, студент жөнүндө толук маалымат берүүгө мүмкүнчүлүк ачат. Мындан тышкары, мугалимдер баардык долбоорлорду, бааларды, студенттердин тапшырмаларын көрө алышат. Тактап айтканда, Codify lms класстарды башкарууга, курстарды жеке көзөмөлдөөгө жардам берет. Система ошондой эле студенттердин, менторлордун дээрлик маалыматтарын сактап турат. Эгер сабак болбой турган болсо, администрация студенттерге телефон чалып, эскертүү үчүн убара болбойт. Мугалим Codify LMS программасында сабакты өчүрүп коюу менен баарына кабарлайт. Система сабактарды автоматтык түрдө сактап, студенттердин кийинчерээк кайра көрүп чыгуусуна жакшы мүмкүнчүлүк түзөт. 

-- Жаңылбасам, дал ушул система ири көлөмдө инвестиция алганга жетишти...

-- Ооба, окуу процесстерин автоматташтыруу боюнча кыргыз IT-стартап "Codify LMS" Antler акселерация программасынан 100 миң доллар инвестиция алды. Бул биз үчүн, команда үчүн чоң жеңиш. LMS кимдерге керек? Аны кимдер колдоно алат? Ар кандай окуу курстары барларга, тил курстарына, балдарды өнүктүрүү борборлорунаөз кызматкерлерин окутууну көздөгөн компанияларга жазылган. 

-- Antler – чет өлкөлүк компаниябы?

-- Ооба, Antler Сингапурдагы ири IT компания. Эми биз Antler менен бирге Antler портфелдик компаниялары үчүн орто эсеп менен 1 миллион доллардан башталган Seed инвестициясын тартууга даярданып жатабыз. Чынында бул билим берүү борборлорунун окууну автоматташтырууга багытталган продуктубуз үчүн чоң кадам. Биз дүйнө жүзү боюнча 3000 стартаптын арасынан тандалып алынып, үч сынактын жыйынтыгында финалга чыктык. Ушу тапта Codify LMS стартабы Борбор Азиянын 4 өлкөсүндө колдонулуп жатат жана биз 70ке жакын билим берүү борборлорун, курстарын жана алардын бизнестерин автоматташтырууга, масштабын жогорулатууга жардам бере алдык. Мен бир аз убакыт мурун Сингапурдан билим алып келдим. Ал жактын IT тармагы укмуштуудай өнүккөн, Antler мага чоң тажрыйба, көптөгөн ачылыштарды жасады. Ошол жакта окуп жүрүп, компаниянын баасы миллиард долларга барабар болгон Unicorn куруу планы менен кайттым. Максатыма жетүү үчүн күн сайын аракеттенип жүрөм. Азыр биз Борбор Азияда жана Сингапурда компаниянын башкы кеңсесин ачып жатабыз. Чынын айтсам, мен дагы деле ишене албай турам, бирок бул компаниянын миллиард долларлык баалоосунун жана Unicornдун түзүлүшүнүн башталышы гана деп үмүттөнөм. Азыркы жеңишти биздин компанияга Codify LMS колдонууга даяр ыңгайлуу жана оңой окутуу системасын алып келди. Программада бүтүндөй окуу программасын сактап, сиздин эмгек акыңызды жана сааттарды көзөмөлдөй аласыз. 


Анархан Алтымышова 

"Азия Ньюс" гезити

Бөлүшүү:
Тектеш материалдар:
Эң көп окулгандар
Жөтөлдөн айыгууга сонун рецепттерди сунуштайбыз. Сактап коюңуз!
Бүркүттүн алдында калган коёндой эле бырпырадым…
(Видео) Баткен согушунун ардагерлери элибиз үчүн күйүп, кайрылуу жасашты
(Видео) Лейлектеги атышуу: "Кыргыз элим, биз жардамсыз калдык..."
(Видео) Баткен губернатору Алимбаевди тоготпой, 70 пайыз жетекчилер кетип калышыптыр
Президент Садыр Жапаровдун акыркы кырдаал боюнча кайрылуусу
(Видео) Кыргыз айылын талкалап жаткан тажиктерди токтотууга болобу?
Aryba.kg - Маалымат порталы
Сайтка баа бер