Прогноз погоды в городе Бишкек
Акыркы кабарлар
» » Алтынай Темирова: “Өлүм менен өмүрдүн ортосу ак менен кара аралаш, же күн менен түн алмашып тургандай”

Алтынай Темирова: “Өлүм менен өмүрдүн ортосу ак менен кара аралаш, же күн менен түн алмашып тургандай”

08-февраль, 09:55
1 267 ᠌ ᠌ ᠌ ᠌᠌ ᠌ ᠌᠌

Акын, драматург жана котормочу Алтынай ТЕМИРОВА эже чет элдик бир топ акын-жазуучулардын мурда которулбаган чыгармаларын кыргызчалап, адабиятыбыздын өнүгүшүнө салым кошуп жаткан учуру. Эженин ал-акыбалын сурап, азыноолак маек курдук.

-- Аялзатына тийешелүү бакыт сиз үчүн кандай?

-- Балаң, үй-бүлөң, сүйгөн кесибиң, анан “Тирүүлүк өзү бир бакыт!” деп жазган бир ырым бар эле, көп жылдар мурун. Бул өзүнчө чоң философия дечи!.. Бактылуулук сезими ар бир адамда эле болот, бирок аны дайым өзүндө кармап туруш кыйын. А биз чоңдор аны наристе балдардан кайрадан үйрөнүшүбүз керек: алар өздөрүнчө эле ар бир мүнөткө, көз ирмемге, ар бир көргөн нерсесине чын дилден кубанып, таңкалып, жадырап-жайнап жашайт. Чыныгы бактылуулуктун өңү ушундай! Мен да ар бир жакшы нерсеге өзүмчө кубанып, кубаттап, жылмайып жашайм.  

-- Жакшы ыр жаратуу үчүн адам кандай сезимде болушу керек? Сиз кандай ырларды жаратып жатасыз?

-- Жакшы ырларды жазганга турмуштук да билим, адабий теориялык да билим сөз жок керек. Жакшы ырлар жаш кезде сүйүп-күйүү менен коштолот, кайгы деле айрым учурларда ыр жаздырат. Бирок, баары убактылуу, калганы көрөңгөгө жараша. Көрөңгө бар болсо, күчтүү болсо, түптүү болсо, ыр өзү келе берет. Уюган ойлор тынчтык бербейт. Андыктан, чыныгы акынга “сөз жок эле бирөөнү сүйүп калып, ыр жазат” деген болбогон сөз. Чыныгы акын бүт ааламды башкача сезимде, терең дилинде сүйөт: ар бир даракты, учуп бараткан кушту, ар бир көрүнүштү, адамды, жаныбарды, айтор, анын жандили сүрөткер катары, эстетикалык табити жана көркөм туюм-сезими менен жашайт! Андыктан, чыгармачылык казынасы канчалык бай жана канчалык көлөмдө болуусу – көрөңгөгө жараша! Бул жашоону, айлана-чөйрө, турмушту кабыл алуусуна жараша, б.а. ой-өрүшүнө, сөз байлыгына, жандүйнөсүнүн кенен же тар, терең же тайыздыгына жараша! Илхам да ушул толкундарда канчалык серпиле алсаң, ошондой бийиктикте келет дегендей... Менин ырларым да ошого жараша. Мен да ошого жараша ырларды жазып жүрөм. 

-- Өлүм менен өмүрдүн ортосу тууралуу кеп козгосок...

-- Өлүм менен өмүрдүн ортосу: кээде бакыт, кээде кайгы, ак менен кара аралаш, же күн менен түн алмашып тургандай, күн тийип, кээде жамгыр, добул жаагандай, кар жаагандай нерсе да. Ал өзү турмуш, ансыз жашоо бир өңчөй болбойт экен да. Жолдор деле бирде түз, бирде ойго-кырга чыгып дегендей... Ал өзүнчө тагдыр жана ар бир кишиники ар башкача.

-- Азыркы акындардан кыргыз эле эмес дүйнөлүк акындардан да кеп салсак. Жүрөктү “болк” эттирген ырлар учурда жаралып жатабы?

-- Андай ырлар өтө сейрек. Албетте, бар. Көбүнчө мурунку классиктерден окуп көнүп калганбыз да. Учурдагы акындарды бирин-серин окуп жүрөм, толук окуганга мүмкүнчүлүк болбой жүрөт. Бирок, мыкты ырлар бар. Дайым болуп келген, боло берет. Мезгил аныктайт.

-- Өзүңүздүн чыгармачылыгыңыз, котормолоруңуз тууралуу да ой бөлүшсөңүз? 

-- Менин чыгармачылыгым өз нугунда. Быйыл жаңы китебимди чыгарууга аракет кылып атам. Андан тышкары, бир топ котормолорум китеп болуп чыгууда. Саха-якут классиги Ойунскийдин прозалары, ногой акыны Кадриянын, казак акындары Маржан Ершу, Даулетбек Байтурсун, башкыр акыны Лариса Абдуллина, ж.б. бир топ чет элдик акын-жазуучулардын чыгармалары алгач ирет кыргыз тилинде которулду. Эмесе, быйыл ТҮРКСОЙ уюму 70 жылдыгын Түркиянын Ялова, Эскишехир, Анкара шаарларында эң сонун белгилеген жана Ялова курорттук кооз шаарында бир татына көчөгө атын берген белгилүү ногой акыны Кадриянын ырларынан котормомду окурмандарга сунуш кылып коёюн.


Кадрия (Темирбулатова Кадрия Уразбаевна), ногой акыны (1948–1978)


САК ЖАТУУДА  

Бүгүн согуш майданы сак, бекемсиң,

Тарсылдактар ойготушпайт уйкудан,

Согуш деген сөз чачтарын эненин

Тик тургузуп чочутпастан тынч улам...

Бирок, кара кийген энени бүгүн

Шаардын так ортосунан мен көрдүм.

“Жазык эне көмгөн эле уулун,

Жана кызын”, - деп ойлонуп мен жүрдүм.

Аскер кийим кийген жигит сүрөтү

Колдорунда көз жаш менен сууланган...

Токтобостон ыйлайт күлгөн сүрөтү,

Бул күлкүнү ажал го уурдап алган,

Анан ажал ал күлкүгө ууланган.

Мен билбеймин кайсы жерде жоокерди

Согушу жок күндө ажал соккону,

Жайбаракат жашоодо бул биздеги, 

Түшүнгөнүм ырахаттын жоктугу.

Мен да кызмын, мен билемин атанын

Бар болгону бизге кандай керегин,

Бу жигиттин жанын алган адамдын

Сууруп алгым келди дароо жүрөгүн.

Жок, жандүйнө ырахатты таппайсың,

Тып тартылган тилдей дүйнө дирилдейт,

Сес бергени атыла элек бомбанын,

Жер үстүндө каргыш болуп күрүлдөйт.

Көрөмүн мен Америка агымын,

Кудай дейт да, буруп өзүн сайлаган,

Акылсыздык башка чалма салганын,

Эс тайдырып, көз жазгырып байлаган.

Кызыл каны жукту өлгөн жоокердин,

Балким сенин колдоруңа кандаган.

Сен буюрган буйрук ошол жоокердин

Ыйык жанын мылтык менен жайлаган?!

Алсыз колум жумурумда сыгылган,

Зулумдардын көп экенин көрөмүн.

Шайыр кызмын. Энелердин атынан

Мен тынчтыктын элчисиндей жүрөмүн.


Жамиля Нурманбетова

 "Азия Ньюс" гезити



Бөлүшүү:
Тектеш материалдар:
Эң көп окулгандар
Жөтөлдөн айыгууга сонун рецепттерди сунуштайбыз. Сактап коюңуз!
Бүркүттүн алдында калган коёндой эле бырпырадым…
(Видео) Баткен согушунун ардагерлери элибиз үчүн күйүп, кайрылуу жасашты
(Видео) Лейлектеги атышуу: "Кыргыз элим, биз жардамсыз калдык..."
(Видео) Баткен губернатору Алимбаевди тоготпой, 70 пайыз жетекчилер кетип калышыптыр
Президент Садыр Жапаровдун акыркы кырдаал боюнча кайрылуусу
(Видео) Кыргыз айылын талкалап жаткан тажиктерди токтотууга болобу?
Aryba.kg - Маалымат порталы
Сайтка баа бер