Прогноз погоды в городе Бишкек
Акыркы кабарлар
» » Мира Жангарачеваны кызматка кайтып келишин президенттен суранышууда

Мира Жангарачеваны кызматка кайтып келишин президенттен суранышууда

04-декабрь, 10:22
344 ᠌ ᠌ ᠌ ᠌᠌ ᠌ ᠌᠌

Гапар Айтиев атындагы көркөм сүрөт музейинде болгон окуяга байланыштуу кечээ Кыргызстанда Сүрөтчүлөр союзу башкармалыгы чогулуш өткөрүштү. 

Сүрөтчүлөрдүн пикиринде, феминаледе чынында эле чагымчыл перформанс болду. Алар «чыгармада» көркөм баалуулук болбогонун, актуалдуулугун жоготкон эскирген жана жөнөкөй ыкмалар колдонулганын баса белгилешти. Кеп Даниядан келген модель кыздын жылаңачтанганы тууралуу болууда.

Сүрөтчүлөр союзу башкармалыгынын мүчөлөрүнүн айтымында, жаш министр Азамат Жаманкулов музейдин директору Мира Жангарачеваны кызматтан алуу тууралуу буйрукка кол коюп, шашылыш чечим кабыл алды. 

Сүрөтчүлөр союзу Мира Жангарачеваны кызматка кайра алып келүүнү суранышып, президент Сооронбай Жээнбековго кайрылуу жөнөтүштү.

Aryba.kg


Бөлүшүү:



Тектеш материалдар:
Эң көп окулгандар
“Казакстанда коронавирус катталды” деген билдирүү тарап жатат
(Видео) Индиядан келген дааватчылар милицияга баш ийбей коюшкан
“30-апрелде карантин токтосо, 100 миңдеген адамдардын өмүрүнө коркунуч келтиребиз”
Калдарбек Абдраманов: “Эч кандай экинчи-үчүнчү толкун жок, болбойт дагы!”
Аалы акын Дастан менен Зарылды “таластыктардын чимкириктери” деди
Чубак ажы Жалилов чын дүйнөгө кете берди...
(Видео) Карантиндеги чатак. Күйөөсү аялын терезеден ыргытты...
Aryba.kg - Маалымат порталы
Сайтка баа бер