Прогноз погоды в городе Бишкек
Акыркы кабарлар
» » Марат Казакпаев абакта психологиялык басым жасалып жатканын айтты

Марат Казакпаев абакта психологиялык басым жасалып жатканын айтты

10-июнь, 01:00
715 ᠌ ᠌ ᠌ ᠌᠌ ᠌ ᠌᠌

УКМКнын тергөө абагында жаткан саясат таануучу Марат Казакпаев психологиялык жактан басым болуп жатканын айтып арызданды. Бул тууралуу Кыргызстандын акыйкатчы институтунан билдиришти.

Аталган институттун аппаратынын кызматкерлери 31-май күнү мамлекеттик чыккынчылыкка айыпталып жаткан саясат таануучуга барып келишкен. Анда ал кан басымы көтөрүлүп, бөйрөк кемтиги менен жабыркап жатканын айткан.

Акыйкатчы институтунан билдиришкендей, Казакпаев ушул күнгө чейин анын ишин карап жаткан тергөөчүнүн аты-жөнүн билбейт.

“Казакпаев ошол эле учурда ага УКМК кызматкерлери тарабынан психологиялык басым жасалып, адвокат Икрамидин Айткуловдун кызматын колдонуудан баш тартуу менен тергөөчү сунуштаган юрист менен иштешүү таңууланып жатканын айтты. Эгер буга макул болбой турган болсо, №1 тергөө абагына которуп, ага кордук көрсөтө турган кылмышкерлер менен бир камерага отургузуп коюшарын айтышканын билдирди” дешти акыйкатчы институтунан.


“Азия Ньюс” гезити

Бөлүшүү:
Тектеш материалдар:
Эң көп окулгандар
Жөтөлдөн айыгууга сонун рецепттерди сунуштайбыз. Сактап коюңуз!
Бүркүттүн алдында калган коёндой эле бырпырадым…
(Видео) Баткен согушунун ардагерлери элибиз үчүн күйүп, кайрылуу жасашты
(Видео) Лейлектеги атышуу: "Кыргыз элим, биз жардамсыз калдык..."
(Видео) Баткен губернатору Алимбаевди тоготпой, 70 пайыз жетекчилер кетип калышыптыр
Президент Садыр Жапаровдун акыркы кырдаал боюнча кайрылуусу
(Видео) Кыргыз айылын талкалап жаткан тажиктерди токтотууга болобу?
Aryba.kg - Маалымат порталы
Сайтка баа бер