Прогноз погоды в городе Бишкек
Акыркы кабарлар
» » Роза Акназарова: “Кыргыз Республикасы улуттук валютасын Борбор Азияда биринчи болуп кабыл алган”

Роза Акназарова: “Кыргыз Республикасы улуттук валютасын Борбор Азияда биринчи болуп кабыл алган”

04-май, 18:35
2 125 ᠌ ᠌ ᠌ ᠌᠌ ᠌ ᠌᠌

Кыргызстандын улуттук валютасы – сомго 30 жыл толду. 1993-жылдын 10-майында республика КМШ өлкөлөрүнүн ичинен биринчилерден болуп постсоветтик мейкиндикке өз валютасын киргизген. Орто Азияда өз валютабызды алгачкылардан болуп киргизүүбүзгө тунгуч президентибиз Аскар Акаевдин көсөмдүгү, ошол учурдагы Улуттук банктын башчысы Кемелбек Нанаевдин эмгеги, сомдун кабыл алынышына салымы зор Роза Акназарова эжебиздин жана Улуттук банктын ошол учурдагы адискөй жамаатынын эмгеги зор болгон. Казакстан ж.б.кошуна өлкөлөр улуттук валютасын кабыл алууга тажрыйбасы жетпей кеңеш сурап жүрүшкөндө, биз ат чабым алдыга озгонбуз, анын тарыхы тууралуу коомдукишмер Роза Акназарова эжебиз ой бөлүштү.

-- 30 жылдык тарыхында валютабыз далай жолду басып өттү. Коңшу өлкөлөргө салыштырмалуу алгачкылардан болуп кабыл алдык. Биздин сомубуз ушул күнгө чейин күчүн жоготпой келет. Бирок буга ошол учурда талыкпай иш жүргүзүү, тоодой эмгек талап кылынса керек?

-- Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин 1992-жылдын 6-мартындагы токтому менен 1991-жылы түзүлгөн Кыргыз мамлекеттик банкы Кыргыз Республикасынын Улуттук банкы болуп өзгөртүлгөн. Мен бир айдан кийин, апрель айында кызматка кирдим. Жаңы келгенимде Улуттук банктагы бөлүмдөрдүн баары башкача экен. Айыл чарбасын кредиттөө, колхоз-совхоздорду кредиттөө ж.б. бөлүмдөр бар эле.Мен 1992-жылы Улуттук банктын экономикалык иштерди талдоо жана уюштуруу башкармалыгынын башчысы болуп дайындалдым. Бул бөлүм мен келген соң ачылып, негизинен акча-кредит саясаты менен биринчи ирет алектенүү иштери башталды. Улуттук банктын ачылган күнүнөн тарта иштеп, акча-кредит иштерин, инфляция, төлөм баланстары боюнча биринчилерден болуп иш баштап, из салганымды тарых катары белгилеп айткым келет. 

Ал кезде ишибиз Улуттук банктын,коммерциялык банктын мыйзамдарын карап, инфляцияны санап, Улуттук банкта сомдун иштерин анализдөө болчу. Биз ошол учурда күндөп-түндөп эмгектенип, түнөп да калган учурлар болгон. Анткени инфляция боюнча эч кимдин түшүнүгү жок эле. Себеби, биз ал убакка чейин акча-кредит саясатын жүргүзгөн эмес элек да. Ошол мезгилде Россия бизге азыраак каражат бере баштап, акча жетишпей көп кыйынчылыктар болду.Финансылык көз карандысыздыктын алгачкы этабында жеңилдетилген союздук кредиттерден жана субсидиялардан ажыраган өлкөнүн экономикасы финансылык жактан турукташтырууга жана экономиканы өнүктүрүү маселелеринде жардамга муктаж эле.Айласыздан эл аралык уюмдарга кайрылып, мүчө болуп кире баштадык. Ошол эле Дүйнөлүк банк, ЭВФ, БУУга ж.б.ларга кирдик. 

Мен Россияга командировкага барып, “биз төлөм баланстарын жасап жатабыз, силерде кандай?” деп изилдесем, Россияга мени ишке чакыра башташты. Көрсө, алар төлөм баланстары тууралуу билишпейт да экен. “Сен бизге бөлүм башчы болуп кел, баардык шартты түзүп беребиз”дегенде баш тарттым. 

-- Улуттук валютабыздын жаңыдан киргизилген учурундагы өлкөбүздүн экономикасынын абалы кызык болуп турат...

-- Ал учурда мурдагы союздун курамына кирген өлкөлөрдүн баары бири-бири менен экономкалык тыгыз байланышта болгон. Биринчиси чийки зат чыгарса, экинчиси кайра иштетип, үчүнчүсү даяр азыкты сатыкка чыгарган. Бул ал учурдагы экономикалык система эле. Экспорт чыгарбай, импортко көз каранды болгондуктан, бир топ оорчулуктар жаралган. Сом киргизилген учурда Кыргызстандын экономикасы оор эле абалда болчу, ал жогорку инфляция менен мүнөздөлгөн – 1993-жылы 100%дан ашык жана ИДП 45%га төмөндөгөн. Бул мезгилде Улуттук банк коммерциялык банктардын функцияларын аткарып, айыл чарбасына жана башка тармактарга түздөн-түз кредиттерди берип, мамлекеттик бюджеттин тартыштыгын түз каржылоону ишке ашырган. Улуттук валюта жүгүртүүгө киргизилген учурда инфляциянын жогорку деңгээли дал ушул кредитке түздөн-түз байланыштуу болгон.

Мындай шартта өз валютасын жүгүртүүгө киргизүү объективдүү зарылчылыкка айланып, өлкө президенти Аскар Акаев, ошол учурдагы премьер-министр Турсунбек Чыңгышев өлкөнүн улуттук валютасын жүгүртүүгө киргизүү боюнча тарыхый чечим кабыл алды. Ошентип, 3-майда Кыргызстандын XII чакырылышынын (легендарлуу парламент) Жогорку Кеңешинин Медеткан Шеримкулов баш болгон депутаттары кыргыз сомун жүгүртүүгө киргизүү боюнча токтом кабыл алышты. Андан кийин президенттин 1993-жылдын 5-майындагы жарлыгы менен валюта рыногунун шарттары толугу менен алдын ала аныкталып, 1993-жылдын 10-майында сом жүгүртүүгө киргизилген.

Ошентип, Кыргыз Республикасы Борбор Азиядагы биринчи өлкө болуп өзүнүн улуттук валютасын кабыл алган. Улуттук валютаны андан ары жүгүртүү жана көз карандысыз акча-кредит саясатын жүргүзүү үчүн жоопкерчилик Улуттук банкка жүктөлгөн.Бааларды турукташтыруу үчүн Кыргыз Республикасынын Улуттук банкынын көз карандысыз акча-кредит саясатын жүргүзүү зарыл болгон. Кыргызстан улуттук валютасы сомдун жүгүртүүгө киргизилиши менен өз алдынча акча-кредит саясатын жүргүзүүгө мүмкүнчүлүк алды.

-- Улуттук валюта, өзүбүздүн сомубуз, өз алдынча акча саясатын жүргүзүү, жаңы иштер бир топ изденүүнү талап кылса керек?

-- Ошол учурда Кыргыз Республикасынын Улуттук банкынын кызматкерлери тездетилген режимде жана оор шарттарда берилген тапшырманы шыктануу менен талыкпай аткарышты. Улуттук валютабызды кантип киргизгенибизге кызыгып, Казакстан ж.б. өлкөлөр да кайрылып жатышты. Өлкөдө мындай практикалык тажрыйба болбогондуктан, эл аралык тажрыйбаны изилдеп, миңдеген документтерди карап, арбын консультацияларды өткөрүп, көптөгөн кыйынчылыктарды жеңүү керек болду.

Ошол учурда жетекчибиз Кемелбек Нанаевдин көсөмдүгү менен Улуттук банктын адистери чет өлкөлөргө окууга жөнөтүлүп турду. Бизди Венага Joint Vienna институтуна жөнөттү. Мисалы, мен макроэкономика, микроэкономика деп эки ай окуп, аларды ишке киргиздиргенден кийин кайра барып бухгалдердик учеттердун баарын өздөштүрдүк. Менден кийин дагы мыкты адис Улан Сарбанов, Аида Карабаева ж.б.кызматкерлер баардык багыттар боюнча чет жактан окуп келишти. Мен иштеген бөлүмгө кийин Улан Сарбанов келип иштеди. Учурда Улан Сарбанов Кыргыз Республикасынын мамлекеттик өнүктүрүү банкынын башчысы. Андан кийин Азамат Абдымомунов, Салтанат Доспаевалар да азыр банк тармагынын ийгиликтүү адистери. Мисалы, Азамат Абдымомунов учурда Америкадагы Федеральный банкта иштеп жатат. Салтанат Доспаева болсо ПРООНдун системасында эмгектенүүдө. Ошол учурда Улуттук банкта тапталган жаштардын баары жетекчилик кызматтарды аркалашты. Макроэкономикалык көрсөткүчтөрдү ошол жакка барып келгенден кийин теориялык тажрыйбабыз бар болгондуктан, кандай инстурменттер керек, ал инструменттерди кандай пайдаланабыз, учеттук ставка, айтор, баардык инструменттерди урунуп, өзүбүз инфляцияны санап, анан төлөм баланстарын жасап, ал эле эмес Эл аралык валюталык фонд текшерип,бизден экзамен алып, ыраазы болушкан.

Натыйжада 1993-жылдан 1995-жылга чейин инфляция 42,2%га төмөндөгөн. Андан ары 2000-жылы экономикалык өсүш белгиленип, анын натыйжасында ИДП 5,4%га өсүп, инфляция болгону 19,7%ды түзгөн. Аябай көп иштер жүргүзүлүп, биздин мамлекеттин көрсөткүчтөрү жогорулады.Мындан соң экономикабыз көтөрүлө баштады. 

2023-жылдын март айына карата инфляциянын деңгээли 12,7% деңгээлинде (2022-жылдын мартына карата), ал эми жылдык инфляциянын деңгээли (2022-жылдын декабрь айы 2021-жылдын декабрына карата) анын бардык негизги компоненттери боюнча баанын өсүшүнүн фонунда 14,7%ды түздү. Эң чоң таасир азык-түлүккө болгон баанын жогорулашы менен болду. Жалпысынан алганда, 2022-жыл бою инфляциялык фон жогору бойдон калган. Макроэкономикалык туруктуулукту сактоо үчүн макулдашылган фискалдык жана акча-кредит саясатын жүргүзүү, ошондой эле инфляциянын монетардык эмес факторлорун кыскартуу боюнча чараларды ишке ашыруу артыкчылыктуу милдет болуп саналат. Бул КР министрлер кабинетинен өзгөчө көңүл бурууну жана чечимдерди кабыл алууну талап кылат. Анткени ачык-айкындуулук, ачыктык жана Улуттук банк менен министрлер кабинетинин кызматташуусу ийгиликтүү акча-кредит саясатынын маанилүү аспектилери болуп саналат.

-- Учурда дүйнөнүн көптөгөн өлкөлөрүнүн борбордук банктары өздөрүнүн санариптик валютасын киргизүү мүмкүнчүлүгүн карап жатышат. Эми бизде сомдун келечеги кандай болот?

-- Ооба,Кыргызстан да өз кезегинде дүйнөлүк тенденциялардан артта калбай, санариптик сом концепциясын кабыл алды. Санариптик сом КР улуттук валютасынын кошумча формасы болуп саналат. Ал Улуттук банк тарабынан санариптик формада чыгарылат жана анын жоопкерчилиги болуп саналат.Ошол эле учурда санариптик сом накталай жана накталай эмес сомдун касиеттерин айкалыштырат. Санариптик улуттук валютанын негизги артыкчылыктары болуп финансылык кызмат көрсөтүүлөрдүн жеткиликтүүлүгүн жана кирүүсүн жогорулатуу, инновациялык кызматтардын жана продуктылардын спектрин кеңейтүү, акча каражаттарынын жогорку деңгээлдеги коопсуздугун, ошондой эле банктар арасындагы атаандаштыктын күчөшү жана төлөм инфраструктурасын кароо болуп саналат.

Санариптик сомду киргизүү 2024-2025-жылдарга пландаштырылган санариптик сом платформасынын прототибин тестирлөөнүн жыйынтыгына жараша болот. Анын жыйынтыгында санариптик сомду чыгаруунун (эммиссиясынын) максатка ылайыктуулугу боюнча чечимдер кабыл алынат.Санариптик сомду жүгүртүүгө чыгаруу процесси акырындык менен көзөмөлгө алынат, бул чектелген убакыттын ичинде банк секторунан ликвиддүүлүктүн олуттуу бурулуу коркунучун минималдаштырууга мүмкүндүк берет. Санариптик сомду этап-этабы менен киргизүү коммерциялык банктарга өз баланстарынын түзүмүн ыңгайлаштыруу жана оңдоо мүмкүнчүлүгүн берет. Улуттук банк акча-кредит саясатынын колдонулуп жаткан инструменттери аркылуу ликвиддүүлүктүн агып чыгышын толугу менен компенсациялайт.

 Окурмандар сомдун тарыхы, келечеги тууралуу аздыр-көптүр таанышып өттү. 30 жыл аралыгында улуттук валютабыз башка валюталар менен таасирдүү атаандашып, эл аралык деңгээлдеги абройго жетти.Буюрса, сомубуздун басып өтчү жолу, өлкөбүздүн жаркыраган келечеги али алдыда демекчимин.


Жамиля Нурманбетова 

"Азия Ньюс" гезити

Бөлүшүү:
Тектеш материалдар:
Эң көп окулгандар
Жөтөлдөн айыгууга сонун рецепттерди сунуштайбыз. Сактап коюңуз!
Бүркүттүн алдында калган коёндой эле бырпырадым…
(Видео) Баткен согушунун ардагерлери элибиз үчүн күйүп, кайрылуу жасашты
(Видео) Лейлектеги атышуу: "Кыргыз элим, биз жардамсыз калдык..."
(Видео) Баткен губернатору Алимбаевди тоготпой, 70 пайыз жетекчилер кетип калышыптыр
Президент Садыр Жапаровдун акыркы кырдаал боюнча кайрылуусу
(Видео) Кыргыз айылын талкалап жаткан тажиктерди токтотууга болобу?
Aryba.kg - Маалымат порталы
Сайтка баа бер