Прогноз погоды в городе Бишкек
Акыркы кабарлар
» » Рыскелди Момбеков: “Боордош казак элинин жаккан оту, учкундары бизге да өтүп кетиши толук ыктымал”

Рыскелди Момбеков: “Боордош казак элинин жаккан оту, учкундары бизге да өтүп кетиши толук ыктымал”

06-январь, 16:47
21 482 ᠌ ᠌ ᠌ ᠌᠌ ᠌ ᠌᠌

-- Рыскелди мырза, айылың боордош казактарга жакын эмеспи, кабатырланып атасыңбы? Канчалык деңгээлде бу күндөрү санааркадың?

-- Чынында эле түнү менен уктабай телевизорду теше тиктеп отурдум. “Боордош элибиз эмне болуп кетти?” деп. Бала кезде биздин айылга чектеш казактардын жеринде көп жүрдүм, иштеп да калдым. Анан канткен менен кабатыр болот экенсиң. Сиз айткандай, санааркай турган жагы бар. Биздин кыргыз элинде түшкө жакын эл чогулуп баштайт, күн кечтеп, иңир кирер маалда ажо отурган Акүйдү алып, элге жакпаган, элдин үнүн укпаган бийликти алмаштырып жаны тынат, туурабы? Анан ар кандай ойлор келет, “казактарчы?” деген. Албетте, коңшу элиң тынч болсо, коногуң көп болот эмеспи (чет элдиктерди айтып атам). 

-- Боордош казак элинин азыркы жагдайы кыргыздарга кандай таасир бериши ыктымал?

-- Менимче, таасири эки жактан: материалдык, моралдык жагы дегеним. Моралдык жагы – жашоодогу жандүйнөнүн жакырдыгына, каатчылыктагы карапайым калктын караңгылыгына, аң-сезимдин аңкоолугуна таасир берип, кадимкидей эле элди бир жолу силкинтет. Экинчиден, канатташ элдеги капсалаң мындан ары уланып, чек ара жабыла турган болсо, экономикалык жактан да чоң таасир этет. Анткени, биздин Россияга кете турган транспорт жолдорубуз жабылып калса оорлошот. Чек аралар жабылгандан кийин бизде бир топ кыйынчылыктар жаралат. Экинчиден, бизге Россиядан келаткан товарлардын баары Казакстан аркылуу келгендиктен, экономикалык коллапс пайда болуп калат. Ошол эле күйүүчү майлар, жаратылыш газы ж.б. Ошол коридор жолдор жабылып атса, эшиктен үйгө кирбей калган баладай болуп томсоруп атсак, зыяны тийет да, туурабы? 

-- Абал канчага дейре созулушу мүмкүн?

-- Ал жактагы кырдаалдын эрте эле жөнгө салынганы биз үчүн ыңгайлуу. Экинчиден, эки элдин социалдык абалдары бирдей эле да. Ошондуктан, алардын жаккан оту, учкундары бизге да өтүп кетиши толук ыктымал. Мындай нерсени четке кагуу болбогон кеп. Андыктан мамлекет мындай коогалаңды болтурбаш үчүн алдын алып, иштеш керек. 


Сурат Жылкычиев 

"Азия Ньюс" гезити

Бөлүшүү:
Тектеш материалдар:
Эң көп окулгандар
Жөтөлдөн айыгууга сонун рецепттерди сунуштайбыз. Сактап коюңуз!
Бүркүттүн алдында калган коёндой эле бырпырадым…
(Видео) Баткен согушунун ардагерлери элибиз үчүн күйүп, кайрылуу жасашты
(Видео) Лейлектеги атышуу: "Кыргыз элим, биз жардамсыз калдык..."
(Видео) Баткен губернатору Алимбаевди тоготпой, 70 пайыз жетекчилер кетип калышыптыр
Президент Садыр Жапаровдун акыркы кырдаал боюнча кайрылуусу
(Видео) Кыргыз айылын талкалап жаткан тажиктерди токтотууга болобу?
Aryba.kg - Маалымат порталы
Сайтка баа бер