Прогноз погоды в городе Бишкек
Акыркы кабарлар
» » Күрдөөлдүү өмүрдүн күмүш сызык жолу

Күрдөөлдүү өмүрдүн күмүш сызык жолу

07-май, 12:00
481 ᠌ ᠌ ᠌ ᠌᠌ ᠌ ᠌᠌

“Бул өмүр ак-карасы, жакшы-жаманы, келмеги-кетмеги аралашкан кызуу дүйнө экен"

(Эл ырчысы Элмирбек Иманалиев)

Калкыбыздын кайталангыс төкмө акынынын бул өтө таамай философиялык ой толгоосу ар бир эле пендеге тийешелүү болсо да, мен кеп кыла турган таанымал инсан, мамлекеттик жана коомдук-саясый ишмер, дипломат Рысбек Омоевич Качкеевдин өмүр жана эмгек жолу менен да түздөн-түз үн алышып турганы талашсыз.

Ооба, ал өзүнүн ары маңыздуу, ары мартабалуу жашоо тилкесин артка калтырып, эми минтип сексендин сересине чыгып отурат. Өзүнүн айтайын деген оюн ал ушул жашоо турмуш айдыңын ишенимдүү, татыктуу жана сыймыктуулук менен басып өтүп, өлкө алдындагы сиңирген зор эмгеги анын өсүп-өнүгүшүнө, эл аралык кадыр-баркынын жогорулашына кошкон салымы менен эл оозуна алынып, эл көзүнө көрүнүп алганы анык. 

Мен аны менен мындан 55 жыл илгери, 1968-жылы, комсомолдук уюмда иштеп турган маалыбызда таанышып, ошондон тарта жылуу мамилебиз менен тыгыз байланыштарыбызды үзбөй, эриш-аркак өмүр жолубузду улантып келүүдөбүз.

Рысбектин киндиги каргашалуу кан майдандын казаны кайнап, ага аттанган атасы артка кайрылбай калган 1942-жылы кесилген. Анын кичи мекени айтылуу Кемин өрөөнүнүн Кара-Булак айылы. Ал туштагы караламан калкыбыздын жашоосунун кандай татаал, кандай кейиштүү болгону айтпаса да түшүнүктүү эмеспи. Ошол каар замандын оту менен суусун кечип, ач-ток болуп, окуган мектептерин алмаштырып жүрүп эс тарткан Рысбек орто билимге ээ болгондон кийин, борбордогу политехникалык институтка кабыл алынат. Аны 1966-жылы бүтүрүп чыгып, инженер-электрик кесибине ээ болот. Ал тушта кыргыздардын ичинен чыккан инженер-техникалык адистердин ченелүү экендигин эске алганда, анын кесибинин өтө маанилүү болгондугу калетиз.

Бишкек жылуулук электр борборунда ал катардагы кара жумушчудан (электромонтер) инженерге чейин өсүп жеткен соң, жигердүү коомдук ишке тартылган. Дааналап айтканда, адегенде борбордун Свердлов райондук комсомол комитетинин катчысы, партиянын шаардык жана борбордук комитеттеринин нускоочусу болуп изденип иштеп, улам алга карай умтулган сыймыккор, намыскөй жаш ишмер экендигин далилдей алган. Рысбек Омоевичтин андан аркы ишмердиги ырааттуу нукка түшүп, республиканын Кино советинин жана Чүй облустук кесип кошуун кеңешинин төрагасы, облустун губернаторунун орун басары болуп ийгиликтүү иштегени эле күбө.

Рысбек Качкеевдин жемиштүү ишмердигинин урунттуу учуру 1995-2000-жылдар аралыгында Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Мыйзам чыгаруу жыйынынын депутаты болуп иштеген чагына туура келди. Ал парламенттик өнөр жай, транспорт, байланыш жана энергетика боюнча комитетинин төрагасы болуп шайланып, бир кыйла мыйзам долбоорлорун демилгелеп, алардын кабыл алынышына жетишкен. Алар: "Энергетика жөнүндө", "Энергия үнөмдөө жөнүндө" "Транспорт жөнүндө", "Профсоюздар жөнүндө" мыйзамдар. Булардан сырткары, өз шайлоочуларынын көптөгөн суроо-талаптарын, өтүнүчтөрүн орундап, Кемин жана Чүй райондорунун Бейшеке, Тар-Суу, Садовое айылдарына жаңы мектептердин имараттарын курдурткан. Булардан тышкары, жергиликтүү жашоочуларды таза суу менен камсыздоо, жолдорду асфальттоо, телекөрсөтүүнүн сапатын жакшыртуу, керектүү электр кубатын жеткирүү жана башка көйгөйлөрдү чечип, өз шайлоочуларынын ыраазычылыгына татып, урмат-сыйына эгедер болгон. Рысбек Омоевич өзү табыгий түрдө сыймыктана турган бир жагдай кыргыздын кыраан уулдарынын бири, Кыргыз КГБсынын төрагасы, генерал-лейтенант Анарбек Бакаевдин музейин Ильич атындагы орто мектепте уюштуруп бергени эсептелет.

Билим жуураты терең, турмуштук тажрыйбасы бай, кандай гана кызмат же милдет жүктөлбөсүн, кабагым-кашым дебестен майын чыгара иштеген Рысбек Омоевичтин дагы бир сапаты 2000-2005-жылдары Кыргыз Республикасынын Беларустагы (Латвия, Литва өлкөлөрүн кошуу менен) атайын жана толук ыйгарым укуктуу элчиси болгон маалында даана ачылды. Ал эки өлкөнүн ортосундагы өз ара алакаларды чыңдоо, саясый, экономикалык, социалдык, маданий, руханий, достук байланыштарды күчөтүүгө баш-оту менен кирип, кыйла ийгиликтерге жетишти. Дипломатиялык кызматтын сырларын, багыттарын жана өзгөчөлүктөрүн терең өздөштүрүп, өзүн кылдат, чебер элчи катары көрсөтүп, республиканын дипломатиялык корпусунун, асыресе, президент Александр Лукашенконун колдоосуна ээ болду.

Ал КМШ өлкөлөрүнүн мамлекет, өкмөт, парламент жетекчилеринин саммиттерин, жолугушуулары менен иш сапарларын уюштуруу, алардын тийешелүү документтерин даярдоого активдүү катышты. Беларуста иштеп турган мезгилде эки өлкөнүн ортосундагы соода-сатык алмашуунун деңгээлин көтөрүп, Кыргызстанга 1500 МТЗ-82 тракторун баардык жабдыктары менен ташып жеткизди. Рысбек Омоевичтин дипломатиялык ишмердигинин айныгыс өрнөгү болуп Минскиде Советтер Союзунун Баатыры, эр жүрөк мекендешибиз Жумаш Асаналиевдин эстелигин орноттурганы саналат. Ал Беларусь өлкөсүнүн эсебинен 250 миң долларга тургузулган эле. Анын жеке сунушу менен "Кыргыз-Беларусь" достук коому уюштурулду. Кемин, Чүй райондорунун кызылчачыларына кам көрүп, Токмокко кызылча кабыл алуу пункттарын ачып берди. Мурда алар кызылчаларын 200 чакырым аралыктагы Кайыңды кант заводуна ташып барышчу. Республикада эң биринчи болуп Кемин жана Чүй райондоруна ар бири 1,5 млн. долларга турган санариптик байланыш станцияларын орнотту.

Каарманыбыздын өмүр таржымалы менен көп кырдуу эмгектин ишмердиги шурудай тизилип, шыр агылып жүрүп отурганына карабастан, ал бир далай сыноолор менен кыйынчылыктарды өз башынан кечирди. Алардын чоң-кичинесин эсепке албаганда да, анын өмүрлүк жарынын катуу дартка чалдыгып калганы жеке өзүнө, үй-бүлөсүнө урулган катуу сокку болду. Аны дарылатып, илдеттен арылтууга, жок дегенде өмүрүн узартууга бүт күч-аракетин сарптады. Эрки күчтүү Рысбек акыры тагдырдын буйругуна баш ийип, экинчи ирет турмуш курбай, бүт көңүлүн энесиз калган уулдарына бөлүп, алардын ар бирин эмгекчил, тырышчаак, маданияттуу кылып тарбиялап, кеңири турмуш жолуна салды. Бул анын жубайлык да, аталык да чыныгы эрдиги болду.

Рысбек Омоевичтин дагы бир бараандуу аткарган ишин айтып кетпесек болбос. Рысбектин аркы дүйнө менен байланышы бар экени элибизге белгилүү. Арбактар дүйнөсү менен кабарлашып жүрүп, Манас атанын арбагынын тапшырмасы боюнча кыргыздын эң улуу олуясы Чолпон Атанын атын кыргыз элине жарыялап таанытып, Ысык-Көлдүн Чоң-Сары-Ой айылынын тоо тарабында жайгашкан Чолпон Ата олуянын бейитинин үстүнө өз каражаты менен бийиктиги 15 метр болгон көркөмдүү күмбөз орнотту. Ал күмбөз азыр мазарга айланып, элдер сыйына турган өтө касиеттүү жай болуп турат.

"Таланттуу адам баардык жагынан таланттуу" деген накыл сөз абдан туура айтылган. Мындай сыпаттоо толугу менен Рысбек Качкеевге да таандык. Акылы терең, басыгы кенен, ички дүйнөсү жайык, көз карашы курч, энциклопедиялык билимге карк Рысбек Омоевич улуттук интеллигенциябыздын топ башында келе жаткан нукура интеллект катары, бөтөнчө курч таризде жазылган ондогон публицистикалык макалалардын, көлөмдүү жети китептин автору. Өз билимин тереңдетип, жогорку партиялык мектепти, КМУнун магистратурасын мыкты аяктады. Рысбек учурда саясат таануучу, юрист, баяндамачы, насаатчы, Улуттук жазуучулар кошуунунун мүчөсү.

Тилекке каршы, турмушта баардыгы эле каалагандай болбойт тура. Айрымдар үстөккө-босток наамдарга, сыйлыктарга ээ болуп жатса, эмгек ардагери Рысбек Омоевичтин өлкөбүздүн өнүгүшүнө кошкон зор салымы көз жаздымда калып, бийлик тарабынан көңүлгө алынбай келе жатканы кейитет. Балким, эч качан мансапка умтулбаган, өзүн бир калыпта кармаган, улуу-кичүүгө бирдей мамиле кылып, одоно сүйлөбөгөн, чыныгы мекенчил атуулубуз буга деле муктаж болбосо керек. Биз болгону калкыбыздын кадырман уулун 80 жылдыгы менен таза жүрөктөн куттуктап, колун бекем кысып койгубуз келет. Ар дайым арабызда аман жүрүп, узун өмүр сүрсүн деп тилейли! 


Тилектеш Ишемкулов, КР маданиятына эмгек сиңирген ишмер, атайын     жана толук ыйгарым укуктуу элчи, К.Карасаев атындагы Бишкек университетинин профессору 

"Азия Ньюс" гезити

Бөлүшүү:
Тектеш материалдар:
Эң көп окулгандар
Бүркүттүн алдында калган коёндой эле бырпырадым…
Жөтөлдөн айыгууга сонун рецепттерди сунуштайбыз. Сактап коюңуз!
(Видео) Баткен согушунун ардагерлери элибиз үчүн күйүп, кайрылуу жасашты
(Видео) Лейлектеги атышуу: "Кыргыз элим, биз жардамсыз калдык..."
(Видео) Баткен губернатору Алимбаевди тоготпой, 70 пайыз жетекчилер кетип калышыптыр
Президент Садыр Жапаровдун акыркы кырдаал боюнча кайрылуусу
Өлгөн адамдар түшкө кирсе эмне болот?
Aryba.kg - Маалымат порталы
Сайтка баа бер