Бөкөнтаевге Москвадагы элчиликти Бакиев чечтиби, же Кулубаевби?

2010-жылга чейин Кубанычбек Бөкөнтаев Улуттук банктын орун басары катары иштеп келген. Курманбек Бакиевдин үй-бүлөсүнө жакын кадр катары белгилүү эле. Ал ишмердигине байланыштуу 7-апрелдеги ыңкылаптан кийин жаза басып, кылмыш иши козголуп, чуулгандан башы чыкпай жүргөн. Кийин гана 2020-жылдагы Октябрь төңкөрүшүнөн соң кайрадан баш көтөргөн. Улуттук банктын төрагалыгына убакыттын өтүшү менен дайындалып, жакында эле ордун бошотуп берген. Көрсө, Россиядагы Кыргызстандын толук ыйгарымдуу элчилигине даярданып жатыптыр. Учурда баардык дипломатиялык машакаттардан өтүп, Москвадагы “майлуу” орунга секиргени турат. Ошондо Кубанычбек Бөкөнтаев мурдагы шефи Максим Бакиевдин колдоосу менен элчи болуп атабы? Же көлдүк жердеши, тышкы иштер министри Жээнбек Кулубаев маселени чечтиби? Айтор, бактылуу киши экен.
"Азия Ньюс" гезити