Прогноз погоды в городе Бишкек
Акыркы кабарлар
» » «Өгүз өлбөсүн, араба сынбасын» деп, баарын жаап-жашырып отура беребизби?

«Өгүз өлбөсүн, араба сынбасын» деп, баарын жаап-жашырып отура беребизби?

01-октябрь, 18:25
2 305 ᠌ ᠌ ᠌ ᠌᠌ ᠌ ᠌᠌

Мамлекеттик бажы кызматындагы ири көлөмдөгү коррупиялык көрүнүштөр тыйылган жок. Мындай пикирлер Чоң-Алай районундагы Кара-Казык кенин иштеткен кытайдын «Кайди» компаниясы 17 фурага жүктөлгөн алтын концентраттарын чыгарып кеткени белгилүү болгондон бери коомчулукта байма-бай айтыла баштады. 


Чыгарылып кеткен алтын концентратынын суммасы 253 миллион доллар

Жогорку Кеңештин депутаты Аккулу Бердиевдин билдиришинче, баалуу металлдар жүктөлгөн чоң машиналар былтыр, 2020-жылдын ноябрь айында экономикалык кылмыштарга каршы күрөшүү мамлекеттик кызматы тарабынан «Эркечтам»чек ара бекетинде токтотулуп, аларга аткезчиликке шектүү катары кылмыш иши ачылган. Депутат парламенттин 22-сентябрындагы жыйынында «Гик Кайди» ишканасы буга карабастан мыйзамсыз лицензиясын жаңыртуу жолу менен алтын концентраттарын Ош шаарындагы «Достук» көзөмөл пункту аркылуу 21-сентябрда алып кеткенге жетишкенин айтты. Бердиев жыйында башкы прокурор Курманкул Зулушевге кайрылып, муну тез арада текшерип берүүсүн өтүндү. 

«Бул жерде ири суммадагы каражат туурасында сөз болуп жатат. Бул иш боюнча эч ким билбейт жана жоопкерчиликти алгылары келбей жатат. Тийешелүү министрлик коррупцияга орун бербей, тескерисинче, токтотуп калышы керек эле. «Өгүз өлбөсүн, араба сынбасын» болуп, баарын жаап-жашырып отура беребизби? Чыгарылып кеткен алтын концентратынын болжолдуу суммасы 253 миллион долларды түзөтӨлкөдөгү эң көйгөйлүү маселелердин бири бул – биздеги алтын кендердин мамлекет үчүн пайдасы тийбей, эл үчүн иштебей келгенинде болуп жатат. Мындай боло берсе мамлекеттин оңолушу кыйын» деди Аккулу Бердиев. 

Эл өкүлү Аккулу Бердиевдин айткандарына рекация болушу шарт

Жогорку Кеңештин депутаты Дастан Бекешов алтын концентраттарынын   чыгарылып кетиши боюнча мамлекеттик чек ара кызматы жооп бериши керек деп эсептейт. 

«Негизи бул боюнча жооптуу тараптарга иш козголуп, дыкат изилдениши керек. Себеби, фуралар легалдуу, чек аралардан өткөн. Ал суу же башка белгиленбеген жерден өтүп кеткен жок да. Чек арада бүт маалымат бар. Товар чыкканда алар карап, текшеришет. Бажы кызматы жүк мыйзамдуу чыкканын билдирип жатат, бирок депутат Аккулу Бердиев мыйзамсыз ташылганын айтууда. Тийешелүү төлөмдөр төлөнбөгөнү айтылды, эгер ушундай болсо, бул бюджетке зыян келтиргенге жатат. Ошондуктан эл өкүлүнүн айткандарына рекация болушу шарт. Мындай маселелерди депутат жөн эле көтөрө бербейт. Анүстүнө бул жөнөкөй маселе эмес, ал «чек арадан чыгарылып кетти» деп айтып жатпайбы»


Каатчылык, аткезчилик, коррупциялык көрүнүштөр экономикага чоң сокку

Эки жылдан ашык убакыттан бери дүйнөнү каптаган кризистен Кыргызстан дагы жапа чегүүдө. COVID-19га байланышкан мамлекеттердеги, чек аралардагы чектөөлөр толук алынбай, ансыз да экономикасы жаңыдан гана өнүгүү жолуна түшкөн биздин өлкө үчүн бул сыноо алда канча оор болуп жатканын эксперттер билдирип келишет. Бизнес солгундап, инвесторлордун саны мурдагыга караганда алда канча азайып, ИДПнын көлөмү түшүп кетти. Каатчылык учурундагы аткезчилик, коррупциялык көрүнүштөр экономикага чоң сокку урат (!) дешет адистер. 

Парламенттин эл менен бийликтин ортосунда көпүрө болгону ушул

Коомдук ишмер Руслан Акматбек акча таңкыстыгы жаралып, казына бош турганда бул жагдайга көңүл бурбай коюу түшүнүксүз абалды жаратарын белгилейт. «Угушума караганда, ал жерде бир гана алтын эмес, башка толгон-токой металлдар, алтургай сейрек кездешүүчү металлдар дагы бар экен. Эң кызыгы, бир дагы мамлекеттик орган толук жоопкерчиликти мойнуна алып, так маалымат бергиси келбей жатат. Мунун өзү эле бул жерде көмүскө нерселер бар экенин айгинелейт. Мындай орчундуу, мамлекеттик мааниге ээ көйгөйдү депутат Аккулу Бердиевдин көтөрүп чыкканы туура болду. Бул депутаттардын түздөн-түз милдети деп эсептейм. Депутат өзүнүн аймагындагы элдин ишеничине ээ болуп, Жогорку Кеңешке шайланып келгенден кийин алардын көйгөйүн чечип, элдин үнүн бийликке жеткирип, региондо болуп жаткан мыйзамсыз көрүнүштөрдү парламенттин жогорку трибунасынан айтып туруу үчүн келет. Аккулу Бердиевге деле эл «бул жакта баалуу жүк ташылып жатса, силер каякты карап отурасыңар?» деп айтты да.   Парламентте жарандардын таламын талашып, коом менен бийликтин ортосундагы көпүрө болуп бериш керек. Парламентаризм ошон үчүн маанилүү. Өзгөчө ушундай экономикалык кыйынчылык маалында акчаны ар кайсы жакка тарткылап, жеткире албай, насыя алып, карызга белчебизден батып турган учурда ушуга маани бербей жаткандарга такыр түшүнбөйм». 


Компания кирешелеринин 99 пайызын жашырып келет

Ушуга чейин Чоң-Алайдын миңдеген жарандары бийлик төбөлдөрүнө кайрылуу жазып келишкени менен алардын бирөөсүнүн дагы үнү угулуп, көңүл бурган киши болгон эмес. Чоң-Алайдагы кен алыс жайгашкандыктан, ал жакка эч ким барбайт. Кара-Казыкта кандай көлөмдөгү алтын бар экени да белгисиз. Аны иштеткен кытай компаниясы ар дайым баалуу металлдардын көлөмүн аз көрсөтүп, маселени жергиликтүү бийлик өкүлдөрү менен жең ичинен чечип келишкен. Аккулу Бердиевдин айтымында, кызыкдар тарап алтындын көлөмүн аз көрсөтүү максатында депутатка дагы байланышка чыгышып, «ыраазычылык билдиребиз, унчукпай туруңуз» деп суранышкан. 

«Бул кенди жакшылап изилдесе Кумтөрдөн да былыктары көп. Укук коргоо органдары текшерип, буга чейинки төлөбөй келген салыктарды төлөтүш керек. Ага жол берген акимдердин, район жетекчилеринин, айыл өкмөттөрдүн жоопкерчилигин караш керек. Компания кирешелеринин 99 пайызын жашыруун кармашат. 100 миллион салык төлөптүр дешти, ал жерде миллиарддаган салыктар төлөнбөй жатат. Нормалар сакталбай, экологияга да зыян келтиришкен. Кен байлыктарды долбоордун алкагында казбай, кайсы жерде алтындын курамы көп болсо, ошол жерди каза беришип, дээрлик 200 гектар эл жайлаган жайлоонун кыртышы бузулган. Өнөр жай, энергетика боюнча мамлекеттик комитеттин Кара-Казык боюнча берген отчетун кытайлар жазып, кирешелерин 10-15 пайызга чейин аз көрсөтүп, экологиялык зыянды  таптакыр жазышкан эмес. Аталган мекеме кызматкерлери жерине барып текшербейт, бери жактан сүйлөшүү жолу менен чечишет». 

Ар кайсы жерди чукулап иштегенге эч ким уруксат бербейт

Тоо-кенчилер жана геологдор ассоциациясынын төрагасы, техника илимдердин доктору Дүйшөнбек Камчыбеков “ташылып кетти делген алтын концентраттары толук текшерилип жатабы-жокпу, бул көйгөйлүү маселе” дейт. 

“Биз, адистер, мындай компанияларга чектөө коюп коёлу дегенбиз. Мисалы, бул жылга чейин иштетип, андан кийин “силер алтын иштетүүчү фабрика тургузуп, акыркы продуктуну чыгаргандан кийин Кара-Балтадагы аффинаждоо заводунан 4/9 стандартында иштеп чыгарып, аны чек арадан өткөзөрдө продукциянын ошол кездеги дүйнөлүк баасы менен эсептеп, анын 18 пайызын бюджетке төгүү керек” деген маселе койгонбуз. Ал эми экология боюнча зыян келтирилген болсо жообу болуш керек. Муну көзөмөлгө алуучу орган бар, жергиликтүү бийликке дагы мындай укук берилген. Эң негизги эреже алар долбоор менен иштеш керек. Ар кайсы жерди чукулап иштегенге эч ким уруксат бербейт. Долбоор алгач экологиялык экспертизадан өтөт. Кандай гана компания болбосун ошонун алкагында гана иш алып барууга тийиш. Депутат Аккулу Бердиев деле бул маселени оюнан чыгарып айтып жатпаса керек. Элдин мүдөөсү, алардын жайыт проблемасы келип чыгып, экология бузулуп жатса, анан маселе көтөрөт да. Экология ошол жакка жакын жашаган жарандардын ден соолугуна зыянын тийгизип коюшу толук мүмкүн. Муну карапайым калк жогорку трибунадан айта албайт. Кат жазып жатышкандыр, бирок ага жооп бергендер барбы-жокпу (?) деген маселе бар да. Депутаттан суранышкандыктан элдин талабы, мүдөөсү боюнча ошондой суроолорду коюп жатат. Бир четинен бул туура”


Чоң-Алай районуна 2022-жылдан тартып өзгөчө макам берүү пландалды

Жогорку Кеңештин депутаты Аккулу Бердиев Чоң-Алай районундагы Кара-Казык алтын кени боюнча маселени көтөргөн жалгыз депутат. Буга чейин «Гик Кайди» компаниясы Кара-Казыкта өз билгенин жасап келген. Бердиевдин алардын мыйзамсыз жоруктарын мамлекеттик деңгээлде көтөрүп, башпрокуратурага кайрылуусу аларды бушайманга салып, шаштысын кетиргени турган иш. Эл өкүлүнүн тынымсыз аракетинин акыбети кайтып, Кара-Казык алтын кенинин бүгүнкү күнгө чейинки жүргүзүлгөн ишмердүүлүгү толук иликтенип, экологиялык нормаларды жана техникалык талаптарды карап чыгуу менен кен байлыктарды элдин эсебине иштетүү боюнча алгачкы кадамдар жасалууда. Ошондой эле Чоң-Алай району өз статусун сактап, 2022-жылдан тартып бул аймакка өзгөчө макам берүү пландалды.  


Анархан Алтымышова 

"Азия Ньюс" гезити




Бөлүшүү:
Тектеш материалдар:
Эң көп окулгандар
Жөтөлдөн айыгууга сонун рецепттерди сунуштайбыз. Сактап коюңуз!
Бүркүттүн алдында калган коёндой эле бырпырадым…
(Видео) Баткен согушунун ардагерлери элибиз үчүн күйүп, кайрылуу жасашты
(Видео) Лейлектеги атышуу: "Кыргыз элим, биз жардамсыз калдык..."
(Видео) Баткен губернатору Алимбаевди тоготпой, 70 пайыз жетекчилер кетип калышыптыр
Президент Садыр Жапаровдун акыркы кырдаал боюнча кайрылуусу
(Видео) Кыргыз айылын талкалап жаткан тажиктерди токтотууга болобу?
Aryba.kg - Маалымат порталы
Сайтка баа бер