Акыркы кабарлар
» Коом » Коронавирус жуктурган 326 бейтаптын абалы оор
Коронавирус жуктурган 326 бейтаптын абалы оор
06-сентябрь, 12:27

Саламаттык сактоо жана социалдык өнүктүрүү министрлигинин маалыматына караганда, Кыргызстанда коронавирус жуктуруп алган 326 бейтаптын абалы оор. Алардын ичинен 74 кишинин абалын өтө оор деп айтылды. Азыр ооруканада 845 адам жатат, дагы 1109 бейтап үйдөн дарыланууда.
Ушул күндөрү өлкө боюнча калкты коронавируска каршы массалык эмдөө акциясы жүрүп жатат. Эмделгендердин саны 6-сентябрга карата жалпысынан 1 млн. 182 миңден ашты. Алардын 701 миңден ашууну вакцинанын биринчи дозасын алды.