Прогноз погоды в городе Бишкек
Акыркы кабарлар
» » Кадыр Кошалиев: “Текебаев саясаттан Роза апчесин да ала кетсе, сонун иш жасамак”

Кадыр Кошалиев: “Текебаев саясаттан Роза апчесин да ала кетсе, сонун иш жасамак”

29-апрель, 15:48
1 609 ᠌ ᠌ ᠌ ᠌᠌ ᠌ ᠌᠌

Коомдук ишмер Кадыр Кошалиев өзүнүн социалдык баракчасы аркылуу саясатчы Өмүрбек Текебаевге кайрылуусун жазды. "Уйкуну жыйыштырып, түн жарымга чейин Ө.Текебаевдин жаңы 1 сааттык видео маегин көрдүм. Отуз жылдык саясатта жүргөн өмүр жолундагы оош-кыйыштарына ачык токтолуптур. Жеңген-жеңилген жерлерин моюнга алганы жакты. Азыркы коомдук-саясый кырдаал, социалдык-экономикалык абал, парламенттин деңгээли, туташ кризистин уланып жатышы ж.б. маселелер боюнча суроолорго жооп берип жатып, эл да, өзү да ыраазы эмес экенин кыйытыптыр. Анысы туура, бирок мындай мышык ыйлай турган абалга кимдер алып келгендигин ачык айтууга эрки жете бербептир. Элди күнөөлөгөн жерлери да бар экен. А бирок бузук системаны орноткондордун анабашында өзү тургандыгын, өзү айткан саясый-юридикалык документ болгон Конституцияны сырткы күчтөрдүн заказы боюнча башында өзү туруп жазгандыгын, УӨ тарыхый шансты колдоно албагандыгы, жыйынтыгында өлкө азыркыдай саясый-экономикалык колапска келип кептелгендигин өздүк персонуна байланыштырбай караптыр.
 Өмүке эмне болгондо да тарыхта аты калган саясатчы, жарым жарылбай мынча болду, “тарс” эте толук жарылса болмок экен. “Саясаттан кетүүгө да даярмын, эгер кете турган болсом, кесибиме кайтып, физика жана саясат таануу боюнча онлайн жолугушууларды, сабактарды уюштуруу жагын ойлонуп жатам” деген жери жакты. Эң туура кыласыз, саясаттан кетүү менен Кыргызстанга чоң пайда келтиресиз. Убагында кетүү да чоң эрдик. Кечиккендерди көрүп жатабыз. Сиздин фанаттарыңыз эл ичинде дале толтура. А мүмкүн ичиңизде ачылбай калган физик мугалимдик жөндөмүңүз толук ачылса, ошол жагынан коомго көбүрөөк пайдаңыз тийиши толук ыктымал. Сизге чын дилимден даңгыр жол каалайм, болгону элге зыяны жок, кылдай болсо да пайда алып келген иштердин каарманы болуңуз. Баса, дайыма эле башын батышка буруп турган Роза апчемди да саясаттан мугалимчиликке биротоло ала кетсеңиз өтө сонун иш жасаган болот элеңиз. 
Анткени, бири-бириңерди угуп, колдоп жүрбөйсүңөрбү..."

Бөлүшүү:
Тектеш материалдар:
Эң көп окулгандар
Жөтөлдөн айыгууга сонун рецепттерди сунуштайбыз. Сактап коюңуз!
Бүркүттүн алдында калган коёндой эле бырпырадым…
(Видео) Баткен согушунун ардагерлери элибиз үчүн күйүп, кайрылуу жасашты
(Видео) Лейлектеги атышуу: "Кыргыз элим, биз жардамсыз калдык..."
(Видео) Баткен губернатору Алимбаевди тоготпой, 70 пайыз жетекчилер кетип калышыптыр
Президент Садыр Жапаровдун акыркы кырдаал боюнча кайрылуусу
(Видео) Кыргыз айылын талкалап жаткан тажиктерди токтотууга болобу?
Aryba.kg - Маалымат порталы
Сайтка баа бер