Прогноз погоды в городе Бишкек
Акыркы кабарлар
» » Бир айда Орусиядан 17 жарандын сөөгү өлкөгө жөнөтүлдү. Келбей калганы канча?

Бир айда Орусиядан 17 жарандын сөөгү өлкөгө жөнөтүлдү. Келбей калганы канча?

20-апрель, 13:03
528 ᠌ ᠌ ᠌ ᠌᠌ ᠌ ᠌᠌

Эпидемиологиялык абалдын кыйындашынан улам Орусияда каза болгон жарандардын жансыз денесин өлкөбүзгө алып кетүү боюнча кайрылуулар көбөйүп жатканын Кыргыздын Орусиядагы элчилиги маалымдады. Маалыматта айтылгандай, бүгүнкү күнү Казакстан аймагы аркылуу автоунаа менен каза болгон жарандардын сөөгүн алып өтүү маселеси чечилди.


"Ушул жылдын 17-мартынан 19-апрелге чейин 17 адамдын жансыз денеси Кыргызстанга жөнөтүлдү. Ошону менен бирге Орусия жана Казакстан тарабы менен болгон макулдашууга ылайык “Жүк 200” атайын жабдылган автоунаада, тийиштүү документтери менен бир жакын адамынын коштоосунда өткөрүлө тургандыгын белгилейбиз", - деп жазылат маалыматта.

Коронавируска байланыштуу көпчүлүк мигранттардын сөөгү Орусияда калып атканы да кабарланган...

Бөлүшүү:
Тектеш материалдар:
Эң көп окулгандар
Жөтөлдөн айыгууга сонун рецепттерди сунуштайбыз. Сактап коюңуз!
Бүркүттүн алдында калган коёндой эле бырпырадым…
(Видео) Баткен согушунун ардагерлери элибиз үчүн күйүп, кайрылуу жасашты
(Видео) Лейлектеги атышуу: "Кыргыз элим, биз жардамсыз калдык..."
(Видео) Баткен губернатору Алимбаевди тоготпой, 70 пайыз жетекчилер кетип калышыптыр
Президент Садыр Жапаровдун акыркы кырдаал боюнча кайрылуусу
(Видео) Кыргыз айылын талкалап жаткан тажиктерди токтотууга болобу?
Aryba.kg - Маалымат порталы
Сайтка баа бер