Акыркы кабарлар
» Саясат » Кыргыз чиновниктеринен Артем Новиков төөлүк өйдө турарын көрсөттү
Кыргыз чиновниктеринен Артем Новиков төөлүк өйдө турарын көрсөттү
06-май, 12:03
982 ᠌ ᠌ ᠌ ᠌᠌ ᠌ ᠌᠌Жамандыкта, оор сыноодо кимдин-ким экени байкалат. Вице-премьер-министр Артем Новиков Баткенде согуш чыканда тезинен жетип барып, мамлекеттик деңгээлдеги ишмердигин, ырааттуулугун көрсөткөнүн жергиликтүү тургундар айтып беришти. Анын кичипейилдиги, маселени тереңден түшүнөрү алкоого арзыптыр. Коогалаң учурунда жандары таттуу чиновниктер жоон топ жансакчылардын коштоосунда күтүрөп жүрүшсө, Артем мырза алардан айырмаланып, жупуну жүргөнү менен өзгөчөлөнө алды. Эң башкысы, ал кыйын кырдаалдан чыгуунун, көйгөйдү чечүүнүн гана жолдорун издегени кубандырды. Ашыкча пиар да кылган жок. Айтор, май курсак чиновниктердин бири дагы кыргызча сүйлөгөн орус балабызга тең келе албады.
"Азия Ньюс" гезити