Прогноз погоды в городе Бишкек
Акыркы кабарлар
» » Рысбай Исаков: “Манасты бөлүнүү үчүн пайдаланбагыла”

Рысбай Исаков: “Манасты бөлүнүү үчүн пайдаланбагыла”

27-апрель, 11:34
415 ᠌ ᠌ ᠌ ᠌᠌ ᠌ ᠌᠌

Рысбай Исаков баракчасынан Манас айылы тууралуу пикирин билдирди. 

“Канча жылдан бери айтылып, козголуп, далай жолу көтөрүлгөн, бирок чечилбей келген маселе колго алынып, манасчыларга камкордук көрсөтүлүп, театры ачылды. Айлык чегерилди. Анан дароо мамлекеттик статус берилди. Артынан эле улуттук статус ыйгарылып, акындар жана дастанчылар кошулду. Айрым мекемелер мындай статусту 50 жылдан бери ала албай жүрөт. Демибизди жыйганча имарат берилди. Эми театр курулганы турат. Мунун баары жарым жылга жетпеген аралыкта ишке ашып атат. Алдыда дагы көптөгөн максаттар бар. Кудай буюрса, анын баары жүзөгө ашат деген ниеттебиз. Ал максаттардын катарында анимациялык тасмалар да бар.

Эми ушунча ишти жасап аткан мамлекетке нааразы болгон Кудайга жагабы? Ушунда да нааразы болсок, “буларга көңүл бөлбөй, ырас кылган экенбиз” дебейби мурункулар... Ал эми Манас айылы чоң долбоор менен курулат деп атат. Анын эмнесине каршы чыгыш керек? Азыркы абалда калтыргыла деп айтыш керекпи?

Албетте, муну менен биз бийликти колдоп кеткен жокпуз. Манаска байланыштуу калпыс ишти мурункуларга да, ушул эле Садыр Жапаровдун өзүнө да түз айтып келгенбиз, айта беребиз. Өзүбүздүн акылыбыз жетпеген иштерге аралашпайбыз. Жеке мени саясат үчүн аркы өйүз, берки өйүз кылып пайдаланбагыла. Манасты жеке кызыкчылыкка жана бөлүнүүгө пайдаланбагыла. Манасты биригүү жолунда пайдаланалы. Бул тууралуу ар дайым айтып келгенмин. Айткандан тажабайм.
Бөлүшүү:
Тектеш материалдар:
Эң көп окулгандар
Жөтөлдөн айыгууга сонун рецепттерди сунуштайбыз. Сактап коюңуз!
Бүркүттүн алдында калган коёндой эле бырпырадым…
(Видео) Баткен согушунун ардагерлери элибиз үчүн күйүп, кайрылуу жасашты
(Видео) Лейлектеги атышуу: "Кыргыз элим, биз жардамсыз калдык..."
(Видео) Баткен губернатору Алимбаевди тоготпой, 70 пайыз жетекчилер кетип калышыптыр
Президент Садыр Жапаровдун акыркы кырдаал боюнча кайрылуусу
(Видео) Кыргыз айылын талкалап жаткан тажиктерди токтотууга болобу?
Aryba.kg - Маалымат порталы
Сайтка баа бер