Прогноз погоды в городе Бишкек
Акыркы кабарлар
» » Дастан Сарыгулов: “Жараткан өзү элибизди аяп, жумшак кыш жиберди”

Дастан Сарыгулов: “Жараткан өзү элибизди аяп, жумшак кыш жиберди”

23-декабрь, 09:30
775 ᠌ ᠌ ᠌ ᠌᠌ ᠌ ᠌᠌

-- “Жазга окшогон кыштан түңүл” дегендей, кар жаабай, кышка окшошпогон аба ырайы өкүм сүрүүдө. Бул таңгалычтуу аба ырайы тууралуу сиздин оюңузду уксак?

-- Григориан календары боюнча бүгүн 22-декабрь. Жылдыздар календары боюнча бүгүн 19-январь. Григориан календары жылдыздардын абалын эске албайт. Накта аба ырайынын абалы жылдыздар календарына байланыштуу. Демек, кыштын көбү өтүп кетти. Жаз эрте келет. Бир гана маселе – жаздын мойну узун болобу, кыска болобу, бул тууралуу айта албайм. Негизи жылдыздар календары боюнча бүгүн 19-январь экенин так айтам. Ушуну билип коюш керек. Жараткан өзү кыргызды аяп, көмүр, электр энергиясынын тартыштыгын эске алгандай болуп, кышты жумшак кылып жиберди. Бирок, бул талашсыз чындык.

-- Жазга чыгып кетсек, кары жок кыш өтүп, дыйканчылыкка оорчулук жаралбайбы?

-- Аны айта албайм. Балким жаз мезгили жаан-чачындуу болор... Кыштын жарымынан өтүп калдык. Жаз эрте келет. 

-- Мурда тогоол календарын түзүп чыгарчу элеңиз?

-- Басмакана 100 календардан кем эмес баспайт. 100 календарь чыгарсак, аны алуучулар аз болуп калды. Мурдагыдай түшүнүп, баалап алгандар азайып баратат. Ошон үчүн жөн эле чыгаруунун кажети жок. Азыр ар бир адамда смартфон бар. Аба ырайын билүүгө анчалык муктаждык жок деген пикирдемин. 


Жамиля Нурманбетова 

"Азия Ньюс" гезити

Бөлүшүү:
Тектеш материалдар:
Эң көп окулгандар
Жөтөлдөн айыгууга сонун рецепттерди сунуштайбыз. Сактап коюңуз!
Бүркүттүн алдында калган коёндой эле бырпырадым…
(Видео) Баткен согушунун ардагерлери элибиз үчүн күйүп, кайрылуу жасашты
(Видео) Лейлектеги атышуу: "Кыргыз элим, биз жардамсыз калдык..."
(Видео) Баткен губернатору Алимбаевди тоготпой, 70 пайыз жетекчилер кетип калышыптыр
Президент Садыр Жапаровдун акыркы кырдаал боюнча кайрылуусу
(Видео) Кыргыз айылын талкалап жаткан тажиктерди токтотууга болобу?
Aryba.kg - Маалымат порталы
Сайтка баа бер