Элира Турдубаева: “Министр Бейшеналиев сунушубузду укпай, убактысы тар экенин айтты”

Кыргызстандагы онлайн университеттин ректору агартуу, билим берүү жаатындагы орчундуу көйгөйлөргө токтолду.
-- Биздеги мектеп окуучуларын онлайн окутуудагы жалпы жыйынтыгына адис катары кандай баа бересиз?
-- Республикалык өлчөмдө алып карасак, анда мектептердеги онлайн окутуу максатына жеткен жок. Шаардагылар, интернет жетиштүү жердегилер аракет кылып жатышса керек. Бирок, алар дагы тийешелүү деңгээлде окута алышкан жок. Көбүнчө вотсапп, зуум аркылуу окутулду. Бул онлайн окутуу катары эсептелбейт. Анткени, интернеттин начардыгына шылтоолоп, сабакка тийешелүү түрдө катышуу болбоду. Мугалимдердин арасында зуумду дагы араң үйрөнгөндөр арбын. Ал эми анын ар түрдүү функцияларын колдонуу тууралуу сөз кылбай деле койсок болот. Аймактагылардын көбүндө телефон болбогондуктан, окууга катышкан жок. Эң негизгиси кайтарым байланыш түзүү жагы аксап калды. Карантинге отургандан бери 7-8 ай өттү. Бул убакытта билим берүү жана илим министрлиги мугалимдерди онлайн окутууга жетишерлик деңгээлде үйрөтүп койсо болмок. Агартуучулардын санарипттик сабаттуулугун жоюуга көңүл кош мамиле жасалды. Онлайн окутуунун методикасын үйрөтүү дагы колго алынган эмес.
-- Азыр окуучулар мектепке барып жатышат. Бирок, февраль-март айларында 3-толкун келерин саламаттык сактоо министрлиги айтууда. Эгер кайрадан мектептер жабылса, окуучулардын билим деңгээли таптакыр төмөндөп кетүү коркунучунда эмеспи?
-- Мектептер кайрадан жабылса, ошол эле абал кайталанат. Көнгөн эле теле жана вотсапп аркылуу окутуу башталат. Ошентип, окуучулардын билими, албетте, төмөндөйт. Өзгөчө башталгыч класстарга, бүтүрүүчүлөргө терс таасири чоң болот. Министрликтин онлайн окутууга багытталган эч кандай пландуу иш-аракетин, стратегиясын көргөн жокмун. Бул боюнча долбоорлор жок, гранттар алынбады. Биз деле бир мугалимди 200-300 сомдон окутуп берүү сунушу менен буга чейинки министрге кайрылганбыз. Тилекке каршы, ал сунуш колдоо тапкан эмес. Ал эми жаңы министр Бейшеналиев убактысы тар экенин айтып, бизди кабыл алган жок.
-- Гаджети жок, интернетке кошулуу кыйын аймактагылар башталгыч класстардын окуучуларын аралыктан окутууда кандай өзгөчөлүктөр менен иш алып баруу керек дейсиз?
-- Аудио, видео форматтагы тиркемелер менен жеткирүү керек. Мамлекет тарабынанбы, же жеке секторлор мененби, сүйлөшүүлөрдү жүргүзүп, жеңилдетилген негизде техникалык камсыздоо болушу зарыл.
-- Онлайн окутууну оффлайн сыяктуу эле ыңгайлаштырып алуу мүмкүнчүлүктөрү барбы?
-- Экөө таптакыр эки башка нерсе. Бирок, окумуштуулар онлайн окутуунун таасирдүүлүгүн, сиңимдүүлүгүн оффлайнга жеткирүүнүн үстүндө иштеп жатышат. Дүйнө жүзүндө аралыктан окутуунун жаңы методикалары иштелип жатат. Ага убакыт, каражат жана тийешелүү адистер керектелет. Виртуалдык чындыкты колдонуп, оффлайн сабактын таасирине жеткире алгыдай уюштуруу аракеттери көрүлүүдө. Бизде болсо эч бир өзгөрүү дагы, аракет дагы жок.
Мээрим Асанова
"Азия Ньюс" гезити